Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:36

Ооганстанда бейкүнөө кыйылган өмүрлөр


Ооганстанда өкмөттүк күчтөр өлкө түштүгүндөгү талибдер ээлеп алган аймактарга абадан сокку урууда. Бирок Талибан Ооганстандын түндүгүндө улам бир аймакты ээлеп жатат.

Ооганстандын аскер-аба күчтөрү 5-августта өлкө түштүгүндөгү талибдердин позицияларына абадан сокку урду.

Коргоо министрлигинин маалыматында, сокку Гилменд провинциясы баш болгон өлкөнүн бардык аймагында жүрүп жатканы айтылат.

Акыркы күндөрү Гилменд провинциясынын борбору Лашкаргах шаары үчүн өкмөттүк аскерлер менен талибдердин айыгышкан салгылашы жүрүүдө. Бул шаардагы он райондун тогузун согушкерлер ээлеп алган. Лашкаргахтын тургундары талибдер басып алган шаардагы телестанциянын имараты бомбаланганын кабарлашты.

Ооган армиясы 5-августта аймакта операцияны баштаар алдында шаардын 200 миңдей тургунун калаадан чыгып кетүүгө чакырган. Бирок алар барчу маршруттун канчалык коопсуз экенине кепилдик жок.

Гераттан качып чыгып баратканда
Гераттан качып чыгып баратканда

Буга байланыштуу Лашхаргахтын көптөгөн тургундары салгылаш жүрүп жаткан шаардын ичинде калган. Алардын бири Абдулла абалды төмөнкүчө сүрөттөдү:

“Биздин үйлөрдүн баары талкаланды, тургундар качып жатат. Сегиз-тогуз талиб биздин үйдүн чатырына чыгып алган. Эгер коопсуздук күчтөрү аларга сокку урса, үй толугу менен талкаланат. Биз кайда барарыбызды билбейбиз”.

Ушу тапта талибдер Ооганстандын түндүгүндөгү аймактарды ээлей баштады. Сари-Пул провинциясынын жергиликтүү кеңешинин башчысы Мохаммад Нур Рахманинин айтымында, согушкерлер соңку күндөрү аймактын борборунун көпчүлүк бөлүгүн өз көзөмөлүнө алган.

Герат, Кандагар сыяктуу аймактарда да салгылаштар жүрүп жатат.

Талибан кыймылынын командирлеринин бири Reuters агенттигине согушкерлердин учурдагы башкы максаты Кандагар жана Гераттын аэропортторун ээлөө экенин билдирген.

АКШ президенти Ооганстандан америкалык аскерлер быйыл 31-августка чейин толук чыгарыларын жарыялаган. Ошондон кийин Талибан кыймылы күчөп, өлкөнүн бир нече аймагын басып алууга жетишти. Мындан улам ооган аскерлери жана жайкын тургундар чектеш өлкөлөргө өтө качууда.

Ал тапта Талибан кыймылы Ооганстан өкмөтүнүн жогорку даражалуу өкүлдөрүн бутага алган чабуулдарды күчөтө турганын эскертти. Буга чейин талибдер Кабулда коргоо министринин милдетин аткаруучу Бисмиллах Хан Мухаммадиге кол салууга аракет жасашкан.

Кыймылдын расмий өкүлү Забиулла Мужахид 4-августта билдиргендей, бул кол салуу «өлкөнүн ар кайсы аймактарында чабуулдарга жана бомбалоолорго буйрук берип жаткан Кабул администрациясындагы жетекчилерге жооптун башталышы гана».

Чынында эле 6-августта ооган өкмөтүнүн маалымат саясатын жетектеген медиа борбордун башчысы Дава Хан Менапал атып өлтүрүлгөн.

Дава Хан Менапал
Дава Хан Менапал

Талибдердин өкүлү Забиулла Мужахид Менапалдын өлүмү үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Ал ооган кызматынын суроосуна текст түрүндө берген жообунда “бул атайын кол салуу” экенин айткан.

Ооганстандын өкмөттүк күчтөрү көбүнесе согушкерлерге абадан сокку уруп жатат. Бул өз кезегинде жайкын тургундар арасында курмандыктардын көп болушуна себеп болду деген чочулоону күчөтүүдө.

4-августта Бириккен Улуттар Уюму карапайым тургундар арасында өлүм көбөйгөнүн жана ооруканага түшкөн жарадарлардын саны өскөнүн маалымдады.

Улуттар Уюмунун расмий өкүлү Стефан Дюжаррик:

“БУУнун Ооганстандагы миссиясы калктуу райондордо согуштук аракетти тезинен токтотууга чакырат. Ал жерлерде жайкын тургундар жапа чегип, запкы тартууда. Акыркы маалыматтар боюнча талибдер чабуулун күчөтүп жаткан Лашкаргахта соңку 24 саат ичинде 40 жайкын тургун набыт болуп, 118и жараат алды”, - деп билдирген.

Улуттар Уюму согушкерлер өч алуу максатында тынч жарандарды өлтүрүп жатканын кошумчалады.

5-августта БУУнун Коопсуздук кеңеши Ооганстандагы кырдаалды талкуулаганы жатат. Мындай сунушту Ооганстан, Эстония жана Норвегиянын өкүлдөрү берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG