Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:37

Ооган өкмөтү менен талибдер мунаса таппады


 Катар. Дохадагы ооган аралык тынчтык сүйлөшүүсү. 17-июль,2021-жыл.
Катар. Дохадагы ооган аралык тынчтык сүйлөшүүсү. 17-июль,2021-жыл.

Ооган бийлиги менен "Талибан" кыймылынын тынчтык сүйлөшүүлөрү Катардын борбору Дохада уланды. Бул жолку тынчтык сүйлөшүүлөрү өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" жоочуларынын салгылаштары күчөгөн маалга туура келди. Эки жак тең ок атышууну токтотуп, диалог жолу менен маселени чечүү ниетин айтышканы менен тараптар бул жолу да бир жыйынтыкка келе алышпады.

Катардын борбору Дохада улантылган кезектеги ооган аралык тынчтык сүйлөшүүлөрүнө эки тараптан жетиден өкүл катышты. Ооган өкмөтүнүн өкүлчүлүгүн улуттук жарашуу боюнча кеңештин төрагасы Абдулла Абдулла жетектеди. Ал эми "Талибан" кыймылынын өкүлчүлүгүн молдо Абдул Гани Барадар баштап барды.

"Ниет бар, бирок аракет байкалбаган сүйлөшүүлөр"

Абдулла Абдулла тез арада ок атышууну токтотуу жана маселени саясий жол менен гана чечүү керектигин айтып, тил табышууга ыклас кылууга чакырды:

Абдулла Абдулла. Ооганстандын жарашуу кеңешинин башчысы.
Абдулла Абдулла. Ооганстандын жарашуу кеңешинин башчысы.

"Талибан" кыймылы улам бир районду басып алуу аракети тынчтыкка алып келбей турганын түшүнүшү керек деген үмүттөмүн. Тынч жыйынтыкка сүйлөшүү аркылуу гана жетише алабыз. Биздин элибиз бүгүн баштан кечирип жаткан оор абалга жана согушка гана басым жасаган аракеттерге карабастан, биз мурдагыдай эле бардыгыбыз үчүн зарыл болгон тынчтыкка келүүгө мүмкүнчүлүк дагы деле бар экенине ишенебиз".

Ажырымга алып келген көз караштар

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө негизги жана чечүүчү маселелерге басым жасалып, мамлекеттик башкаруу тутуму сыяктуу маселеде орчундуу талаш-тартыш болуп, курч саясий-идеологиялык ажырым байкалганы айтылды. "Талибан" мурдагыдай эле исламдык негизде башкарууга гана ык коюп, бир тараптуу турумду көздөсө, расмий Кабул мамлекеттик башкарууда бардык катмарлардын кызыкчылыгы камтылышы керектигине басым жасады.

Ошондой эле, талибдер тынчтыкты орнотуу үчүн борборлошкон башкарууга ыктаса, өкмөтчүл күчтөр демократиялык принциптерди сактоо маселесине көңүл бурганы белгиленди.

"Талибандын" өкүлү Абдул Гани Барадар мындай шартта мунаса табуу бир топ татаал экенин айтты:

Молдо Абдул Гани Барадар. "Талибандын" саясий кеңсесинин башчысы.
Молдо Абдул Гани Барадар. "Талибандын" саясий кеңсесинин башчысы.

“Ички ооган тынчтык сүйлөшүүлөрү бул жерде 10 айдан бери улантылууда. Тилекке каршы, бир топ маселелер бар. Биз күткөн жылыш жок. Бирок биз иренжибешибиз абзел. Ооганстандын Ислам эмирлиги сүйлөшүүлөр ийгиликтүү өтүп, оң жыйынтыкка келүү үчүн колдон келгендин баарын жасады. Ошондуктан ал сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө күчтүү команданы топтоп, өзүнүн жогорку кызмат адамдарын Дохага жиберди”.

Ооган бийлигинин өкүлдөрү сүйлөшүү тобуна ар кайсы катмардын өкүлдөрү, дин кызматчылары менен катар аялдар дагы киришин сунуштады. Буга талибдер кандай жооп бергени белгисиз. Бул жолку сүйлөшүүлөргө АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад да катышты.

Залмай Халилзад. АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы.
Залмай Халилзад. АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы.

"Убакыт өткөн сайын согуш жолу менен эч кандай маселе чечилбей турганын тараптар даана түшүнүп баратат. Ошол эле кезде “Талибан” кайрадан калыбына келип, ар кандай согуштук аракеттер аркылуу натыйжага жетишүүдөн мурун ал бизге дагы, башкаларга дагы бирдей, бардык оогандар үчүн ыңгайлуу шарттарды кабыл алууга тийиш. Анткени, согуштук жол эч кайсы тарапка жардам бербегенин түшүнүү керек. Иштебей турган нерсени кайра эле уланта берүүнүн кажети барбы?" - деп суроо салды Залмай Халилзад.

Дохадагы ооган аралык сүйлөшүүлөр эл аралык күчтөр Ооганстандан чыгып, бул жагдайда согуштук аракеттер күчөгөн учурга туура келди. "Талибан" бир нече чабуулдарды жасап, өлкөнүн үчтөн бирин ээлеп алганы айтылган.

Жоочулар 14-июлда Спин-Болдак шаарчасын ээлегенде Пакистан чек арасын жаап, миңдеген адамдар чек арадан өтө албай калганы кабарланган. Ал эми 17-июлда бул чек ара өткөрмөсү жарым-жартылай ачылганы жарыяланды. Пакистандын бийлиги 4 миңден ашуун ооган жаранын мекенине кайтаруу үчүн гана чек ара ачылганын белгиледи. Жүздөгөн адамдар бул өткөрмө аркылуу Ооганстандын аймагына өтүп келгени кабарланды.

Бул арада Дохада өткөн кезектеги сүйлөшүүлөрдө тараптар кандайдыр бир жыйынтыкка келе албаганы жана азырынча бул жолку жолугушуу да натыйжасыз аяктаганы белгиленди.

"Талибан" Кыргызстанга коркунуч жаратабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:39:08 0:00

"Талибан" кыймылы былтыр октябрда чет элдик аскер күчтөрү Ооганстандан чыккан шартта өлкөдө тынчтык орнотууга мүмкүн болорун билдирген. Бирок тескерисинче, соңку мезгилде алардын чабуулдары күчөдү. АКШ баштаган эл аралык күчтөр быйыл май айынан баштап Ооганстандан аскерлерин чыгара баштады.

Ооганстанда 43 жылга созулган согушту токтотуу аракеттеринен майнап чыкпай келатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG