Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 02:06

Тажикстанга качкан оогандык кыргыздар көбөйдү


Ооганстандык кыргыздар. Архивдик сүрөт.

Талибдерден кооптонуп, Тажикстанга кире качкан ооганстандык кыргыздардын саны 350гө чукулдады. Тажик тарап билдиргендей, ооган кыргыздары жер которгон маалда эки ымыркай чарчап калды. Кыргызстан этникалык кыргыздарды алып келүүнү көздөп жатканы белгилүү болду.

“Талибан” кыймылынын чабуулдарынан кооптонгон дагы ондогон оогандык кыргыз 14-июлда Тажикстанга кире качканын коңшу өлкөнүн мамлекеттик “Ховар” жаңылыктар агенттиги жарыялады. Ага ылайык, соңку эки күн ичинде Ооганстандын Вахан провинциясындагы Андемин аймагынан Тажикстандын Мургаб районуна жер которгон кыргыздардын жалпы саны 347 адамга жетти. Алардын 91и эркек, 77си аял, 177си өспүрүмдөр.

“Чек араны кесип өтүү учурунда эки ымыркай чарчап калды. Тажик чек арачылары гуманизм жана ынак коңшулук принциптеринин негизинде оогандык качкындарга Тажикстандын аймагына өтүүгө уруксат берди”, - деп айтылат коңшу өлкөнүн Чек ара кызматынын расмий маалыматында.

Тажик тарап Ооганстандын жарандарынын жанынан 3,5 килограммдан ашык баңги зат табылганын да кошумчалады. Коңшу өлкөнүн Чек ара кызматынын бир күн мурдагы маалыматына ылайык, айрым оогандык кыргыздар 1000дей майда жандыгы, 300 топоз, үч төө жана 30 жылкысы менен Тажикстандын аймагына өтүп келген.

Качкындар Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдук облусундагы кыргыздар байырлаган Мургаб районунун Кызыл-Работ аймагына жайгаштырылып жатканы белгилүү болду. Памирден Кыргызстанга көчүп келип, Бишкектеги жогорку окуу жайда окуп жаткан Турганбай Абдулвахид уулу Мургабдан кабар алганын “Азаттыкка” айтты.

“Мургабдык кыргыздар менен сүйлөштүм. Алар азык бышырып, нан, тамак-ашын камдап, памирлик кыргыздарга алып барабыз деп даярданып жатышыптыр. Памирлик кыргыздардан 347 киши келиптир. Памирдеги Ыргайылдан баштап, Кара-Дөмүр деген айылдарга чейин качышыптыр. Аягында эки-үч үй-бүлө калыптыр”, - деди Турганбай Абдулвахид уулу.

Памирлик кыргыздар байырлаган Вахан корридору, Ооганстан, 7-октябрь 2017-жыл.
Памирлик кыргыздар байырлаган Вахан корридору, Ооганстан, 7-октябрь 2017-жыл.

Кыргыз бийлиги үн катты

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги талибдерден кооптонгон памирлик кыргыздар Тажикстанга жер которгонун 15-июлда ырастап, аларды Кыргызстанга алып келүү аракети жүрүп жатканын билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан Тажикстанга нота жолдоп, оогандык кыргыздардын кыргыз-тажик чек арасына чейин тоскоолдуксуз келишине көмөк көрсөтүүнү өтүндү. Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев да Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин башкы дипломаттарынын 13-июлда Дүйшөмбүдө өткөн жыйынында ушундай өтүнүч келтирди.

Бирок Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ооган кыргыздары менен туруктуу байланыш жок экенин белгилеп, канча адам Тажикстанга кире качканын тактаган жок. Бул маселе президенттин жана Министрлер кабинетинин көзөмөлүндө турганы белгиленди.

Кыргызстандын Ооганстандагы элчиси Мирослав Ниязов Тажикстанга келген оогандык кыргыздарды Алай аймагына көчүрүп келүү керек экенин айтты.

“Эми бул кыргыздарды акырындык менен көчүрүп келиш керек. Бул сүйлөшүү жолу менен, тажиктер менен сүйлөшүү аркылуу чечилет. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да керектүү нерселерди даярдашы кажет. Эмне болсо да көчүп барабыз деген кыргыздарга колдон келген жардамды беришибиз зарыл”, - деди Мирослав Ниязов.

Оогандык кыргыздардын маселеси 15-июлда Жогорку Кеңеште да көтөрүлдү. Депутат Бейшеналы Нурдинов этникалык кыргыздарга жардам берүүнү сунуштады.

“Президентке айтып, аларды түз бизге өткөрүп алууга аракет кылбайлыбы. Алар эптеп оогандыктардан качып чыгып, эми ортодо ал жактан да жаман жерге түшүп калышты. Азыр башпаанек издеп атышыптыр. Аларга жардам көрсөтпөйлүбү”, - деди Нурдинов.

Азырынча Тажикстан оогандык кыргыздардын кийинки тагдыры эмне болоорун, алар Кыргызстанга өткөрүлүп, өткөрүлбөй турганын расмий билдире элек. Буга чейин расмий Дүйшөмбү талибдерден качкан жүздөгөн ооган аскерлеринин бир бөлүгүн кайра учак менен Кабулга жөнөткөн эле.

Түркиянын Ван аймагында чоңойгон, Дүйнөдөгү памирлик кыргыздар бирикмесинин жетекчиси Бүнямин Токер ооган кыргыздарынын бир бөлүгүн Түркияга алып келүү маселеси да каралып жатканын, бул маселе боюнча түрк бийлигине кайрылып жатканын “Азаттыкка” кабарлады.

“400дөй эле түтүн калды. Үч жагы жабык. Пакистан, Кытай, Тажикстанга өтө алышпайт. Жалгыз бир ачык жол бар эле. Аны да “Талибан” тосуп алды. Эми эмне кылышат? Ачка өлөбү? Ал жакта буудай, ун жок. Начар жер. Болгону эт бар. Быйыл жут да болуп, малдарынын көбү өлдү. “Талибан” чыгып, текшерип, каттап кетиптир. Менин оюмча, канча үй-бүлө калса да, алар деле кетет. Кетпесе аларды талап кетишет. Коркунуч бар. Муну Түркиядан сурандык. Түркиянын Анкарадагы элчисине да кабар бердик”, - деди Бүнямин Токер.

Ооганстандын Кичи Памир жана Чоң Памир өрөөндөрүн байырлаган кыргыздардын саны 2003-жылы 5 миңдей болсо, азыр 1,5-2 миңдин тегерегинде. Бул аймакта географиялык шарт катаал, медициналык тейлөө жетишсиз. Мындан улам эне-баланын өлүмүнүн көрсөткүчтөрү жогору. Буга чейин алардын бир бөлүгү Кыргызстанга көчүп келишкен.

Бул ирет памирлик кыргыздар Ооганстанда өкмөттүк күчтөр менен “Талибан” кыймылынын жоочуларынын ортосунда айыгышкан уруш жүрүп жаткан учурда Тажикстанга жер которуп жатышат.

Талибдер АКШ баштаган эл аралык коалициянын күчтөрү май айынын башында Ооганстандан чыгып кете баштагандан бери чабуулдарын күчөткөн. Алар июнь айынын башынан бери Ооганстандын түндүгүндөгү, анын ичинде Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешкен бир топ аймактарга көзөмөлүн орнотту. Талиб жоочулары памирлик кыргыздар байырлаган Ооганстандын Бадахшан провинциясынын бир катар аймактарын да ээлеп алды. Айрым маалыматтар боюнча, учурда “Талибан” Ооганстандын үчтөн бир бөлүгүн көзөмөлдөп турат.

15-июлда Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана АКШнын ортосундагы “С5+1” форматындагы жолугушуу өтүп, анда Ооганстандагы соңку кырдаал талкууланды. Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта расмий Бишкек анда Ооганстандагы жагдайдан улам чек ара коопсуздугуна тынчсыздануусун билдиргени айтылат. Анда качкындар маселеси көтөрүлгөнү азырынча белгисиз.

Памирлик кыргыздардын татаал таржымалы

Кыргыздар байырлаган Чоң Памир жана Кичи Памир аймактары Ооганстандын түндүк-батышындагы Вахан коридорунда жайгашкан. Узундугу 350, туурасы 13-65 чакырымдык бул коридор Пакистан, Кытай, Тажикстан жана Кашмирдин Исламабадга баш ийген бөлүгү менен чектешет.

Памирлик кыргыздар. Архив.
Памирлик кыргыздар. Архив.

Борбор азиялык тарыхчылардын маалыматына ылайык, Памир өрөөндөрүндө 16-кылымдарда эле кыргыз көчмөндөрү жыл мезгилине жараша көчүп, конуп турушкан. Алар Түркестан Орус империясынын чек арасына айланган 19-кылымдын ортосуна чейин эле Памирде мал багып келишкен.

Америкадагы Бостон университетинин антропологу, памирлик кыргыздар менен бир нече ай чогуу жашаган Тед Кэллаган өз китебинде жазгандай, Памир өрөөнүн учурдагы Кыргызстандын Алай жана Тажикстандагы Каратегин аймактарын байырлаган кыргыздар жайыт катары колдонуп турушкан. Араларында Кокон хандыгынын агрессиясынан жана Орус империясынын күчөгөн таасиринен качкандар да болгон.

19-кылымдын соңундагы жана 20-кылымдын башындагы геосаясий кырдаалдан улам кыргыздар мурдагыдай кенен кесири көчүп жүрө албай, бир бөлүгү аймакка туруктуу отурукташып калган.

Маселен 1890-жылдары Орус падышачылыгы жана Британ оторчулугундагы Индия макулдашууга жетишип, эки империянын ортосунда азыр Вахан коридору деп аталган буфердик зонаны түзүшкөн жана бул өрөөндү башкаруу укугун ошол кездеги оогандардын башчысы Абдур Рахманга беришкен.

1916-жылы Орус падышачылыгына каршы Борбор Азиядагы көтөрүлүш маалында да Памирге жер которгон кыргыздар болгону кабарланып келет.

1978-жылы Ооганстандын президенти Мухаммед Дауд ханга каршы Советтер Союзу колдогон төңкөрүштөн кийин оогандык кыргыздардын турмуш-тиричилиги дагы бир чоң өзгөрүүгө дуушар болгон. Советтер Союзу Ооганстанга кирер алдында памирлик кыргыздардын ханы Рахманкул 1,5 миңдей кыргыз менен кошо Пакистанга жер которгон. Бирок айрым кыргыз үй-бүлөлөрү Памирде кала берген.

1982-жылы Түркия Рахманкул хан жетектеген 1,2 миңдей памирлик кыргыз качкындарына баш калка берүүгө макул болгон. Натыйжада памирлик кыргыздардын бир бөлүгү Түркиянын түштүк-чыгышындагы Ван көлүнүн жанына келип, отурукташып калган. 50дөй үй-бүлө Рахманкул хан менен Түркияга кетүүгө көнбөй, кайра Ооганстанга кайтканы кабарланып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG