Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:53

Жүздөгөн ооган жоокери Тажикстанга чегинди


Тажик-ооган чек арасы. Тажикстандык аскер.
Тажик-ооган чек арасы. Тажикстандык аскер.

Дем алыш күндөрү Ооганстандын дагы 400дөй аскери талибдер менен кармаш жүрүп жаткан аймактардан Тажикстанга кире качты. Бул маалыматты Тажикстандын Чек ара кызматы ырастады.

Ооганстандын түндүгүндөгү Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш аймактар соңку бир нече аптадан бери тынчыбай жатат. "Талибан" кыймылы улам бир районду ээлеп жаткандыктан, ушуну менен төртүнчү жолу ооган аскерлери коңшу Тажикстанга кире качууда.

Тажикстандын Чек ара кызматы билдиргендей, 4-июлда Ооганстандын Бадахшан провинциясынан дагы 94 ооган аскери Тажикстандын Хатлон облусундагы Шамсиддин Шохин районуна чегинүүгө аргасыз болду.

Бир күн мурда тажик бийлиги Бадахшан провинциясынын түндүк-батышында кырдаал курчуганын, бир нече ооган айылы жана чек ара бекети талибдердин колуна өткөнүн, натыйжада 300дөн ашуун ооган аскери Тажикстандын аймагына кирип келгенин маалымдаган.

"Тажикстандын чек арачылары гуманизм жана ынак коңшулук принциптеринин негизинде артка чегинген ооган аскерлерине Тажикстандын аймагына өтүүгө уруксат берди", - деп айтылат расмий маалыматта.

Жекшемби күнү тажик президенти Эмомали Рахмон ооган президенти Ашраф Гани менен телефондон сүйлөшүп, чек арадагы кырдаалды талкуулаганы маалым болду.

Ооган өкмөтүнө каршы күрөшүп келе жаткан "Талибан" кыймылы соңку апталарда Ооганстандагы бир нече районду, анын ичинде Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен чектеш аймактарды да басып алды. Алар 22-июнда Тажикстан менен негизги чек ара өткөөлүн же Шерхан Бандар шаарчасын ээлеген. Кармаш маалында ооган армиясынын 100дөн ашуун жоокери Тажикстанга чегинүүгө аргасыз болгон.

22-июнда Тажикстанга кире качкан ооган аскерлери.
22-июнда Тажикстанга кире качкан ооган аскерлери.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги да 23-июнда ооганстандык 53 аскер курал-жарактары менен өз аймагына кире качканын ырастап, алар мекенине кайтарылганын маалымдаган. 27-июнда да Ооганстандын Балх провинциясындагы талибдердин чабуулунан качкан 17 ооган жоокери Тажикстанга кирип келишкен.

Ооган жергесиндеги мындай жагдай Борбор Азия өлкөлөрүн тынчсыздандырып койду. Тажик бийлиги ооган тараптан качкындардын агымына даярданып жатса, Өзбекстан чек аралаш аймактарда аскердик машыгуу өткөрө турганын жарыялаган.


1-июлда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) баш катчысы Станислав Зась Дүйшөмбүдө тажик президенти Эмомали Рахмон менен жолукту. Аны улай Зась ооган-тажик чек арасында кырдаал кооптуу экенин, чек араны бекемдеш керектигин журналисттерге айтты.

"Тажик-ооган чек арасындагы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Тажикстанга жардам көрсөтүү зарылдыгын түшүнүп турабыз", - деди Станислав Зась.

Кошмо Штаттар 1-майдан тарта Ооганстандагы 2,5-3,5 миңдей америкалык жоокерлерин жана келишимдик негизде иштеген миңдеген аскерлерин чыгарып кете баштаган. НАТО же Түндүк атлантикалык аскердик альянс да 7 миңдей жоокери 11-сентябрга чейин Ооганстандан чыгып кетерин жарыялаган.

Бирок "Эл аралык аскерлер кеткенден кийин ооган күчтөрү талибдерге канчалык туруштук бере алат?" деген суроо көпчүлүктүн көңүл борборунда турат. Буга чейин The Wall Street Journal америкалык чалгын агенттиктерине шилтеме кылып, эл аралык күчтөр Ооганстандан чыгып кеткенден кийинки алты ай ичинде ооган өкмөтү кулашы мүмкүндүгүн жазган.

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов (солдо) жана АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен. Вашингтон.1-июль, 2021-жыл.
Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов (солдо) жана АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен. Вашингтон.1-июль, 2021-жыл.

Кантсе да 29-июнда ооган армиясы кайра чабуулга өтүп, Фарьяб провинциясындагы “Талибанга” тарттырып жиберген айрым аймактарга көзөмөл орнотууга жетишти. АКШ менен НАТО ооган армиясы коопсуздукту камсыз кыла аларын, аларга гуманитардык жардам улана турганын билдирип жатат.

"Биз 20 жылдан бери бул согуштун ичинде жүрөбүз. Мен бул жакта, Ак үйдө ооган президенти менен жолуккам. Менимче, алардын өкмөттү туруктуу сактап калууга кудурети жетет", - деп билдирген 2-июлда АКШ президенти Жо Байден.

Вашингтон америкалык аскерлер Ооганстандан убагында же 11-сентябрга чейин чыгып кетерин белгилеп, Борбор Азиядан өнөктөштөрдү издеп жатат.

1-июлда Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин жана Өзбекстандын башкы дипломаты Абдулазиз Камилов Вашингтонго барып, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Ооганстандагы кырдаалды талкуулашкан.


Анын алдында The New York Times жана The Wall Street Journal сыяктуу америкалык басылмалар Кошмо Штаттар Ооганстандан чыга турган аскерлеринин бир бөлүгүн Өзбекстанда жана Тажикстанда жайгаштырууну көздөй турганын жазып чыккан.

Америкалык медиа кабарлагандай, Вашингтон Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандан Ооганстандагы эл аралык коалиция менен иштешкен 9 миңдей ооган жаранына убактылуу баш калка берүүнү өтүнүп жатат. Мынча адам АКШга жана Европа өлкөлөрүнө чыгып кетүү үчүн виза күтүп жатканы кабарланды.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG