Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:48

АКШ Ташкент менен Дүйшөмбүнүн тамырын тартты


Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтондо Ооганстан маселесине байланыштуу жолугушту.
Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтондо Ооганстан маселесине байланыштуу жолугушту.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтондо Өзбекстан жана Тажикстандын тышкы иштер министрлери менен жолукту. Бул жолугушуу АКШ Ооганстандан аскерин чыгарып, кырдаалды көзөмөлдөө үчүн Борбор Азиядан өнөктөш издеп жаткан маалга туура келди.

АКШ аскерлери учурда Баграмдагы аэродромду ооган коопсуздук күчтөрүнө өткөрүп берип, өлкөдөн чыгып кетүүгө даярдык көрүүдө. АКШнын акыркы аскери Ооганстандан качан чыгары коопсуздукка байланыштуу сыр бойдон калууда.

Вашингтон өзбек-тажик дипломаттарын кабыл алды

АКШ мамкатчысынын Вашингтондогу өзбек жана тажик дипломаттары менен cүйлөшүүсү Борбор Азиядагы бул эки өлкө менен чектешкен Ооганстандагы соңку курчуган кырдаал жөнүндө болду.

Учурда ооган жергесинен аскерлерин чыгарып жаткан Кошмо Штаттар Борбор Азиядан өнөктөш издеп жаткан кези.

Вашингтондо алгач өзбек дипломаты менен жолуккан АКШ мамкатчысы Энтони Блинкен коопсуздукту чыңдоодогу жалпы кызыкчылык тууралуу сөз козгоду.

«Бул жумада АКШ менен Өзбекстандын ортосундагы мамиле үчүн абдан маанилүү жана аябай жакшы иштер жасалууда. Чөлкөмдөгү коопсуздук боюнча жана өзгөчө Ооганстанга карата биздин жалпы кызыкчылыктар дал келет. Өзбекстан чөлкөмдүн өлкөлөрүн жакындаштырууда, айрыкча экономикалык жана инфратүзүмдүк байланыштан алганда лидер», - деди Блинкен.

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов америкалык тарапка чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, талкууланчу маселелердин олуттуулугун белгиледи:

АКШ. Вашингтон. Абдулазиз Камилов. Өзбекстандын тышкы иштер министри. 1-июль, 2021-жыл.
АКШ. Вашингтон. Абдулазиз Камилов. Өзбекстандын тышкы иштер министри. 1-июль, 2021-жыл.

«Биздин бул иш сапардын күн тартиби аябай кеңири. Биз азыркы жана болочок мамилелердин абалы тууралуу пикир алмашып, дүйнөдөгү өзгөрүүлөр менен Борбор Азия чөлкөмүндөгү кырдаалга көңүл бурабыз. Анын ичинде Ооганстандагы кырдаал дагы бар. Бизде бул маселе боюнча дагы сүйлөшө турган сөздөр көп», - деди Камилов.

Вашингтондун Ташкент менен Дүйшөмбүнүн башкы дилпоматтары менен жолугушуусу талибдер Ооганстандын улам бир районун ээлеп алып жаткан учурга туура келди.

Ошондуктан эл аралык күчтөр чыгып кеткен соң Кабулдагы Батыш колдогон борбордук бийлик кырдаалды колдон чыгарабы деген чочулоо жаралууда.

Мухриддин: АКШ ишенимдүү өнөктөш

Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин Ооганстандан коркунуч келип турган шартта АКШны ишенимдүү өнөктөш деп атады.

АКШ. Вашингтон. Сирожиддин Мухриддин. Тажикстандын тышкы иштер министри АКШнын мамкатчысы Блинкен менен жолугушууда. 1-июль, 2021-жыл.
АКШ. Вашингтон. Сирожиддин Мухриддин. Тажикстандын тышкы иштер министри АКШнын мамкатчысы Блинкен менен жолугушууда. 1-июль, 2021-жыл.

«Эң эле маанилүү маселе Ооганстан. Биздин ишенимдүү өнөктөш болгон АКШ менен чөлкөмдөгү мыйзамсыз маңзат соодасына, терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү маселесин талкуулайбыз. Эмдиги жылы биздин дипломатиялык мамилелердин отуз жылдыгын белгилейбиз. Биз эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо үчүн мүмкүн болгон нерсенин бардыгын жасайбыз», - деген оюн билдирди Тажикстандын тышкы иштер министри Мухриддин.

Акталбаган үмүттөр

Буга чейин расмий Дүйшөмбү Москваны стратегиялык өнөктөш катары таанып, аны менен кызматташтыкка артыкчылык бериле турганын жарыялап келген. Ошондой эле Тажикстанда Орусиянын 201-аскер базасы жайгашкан. Быйыл жазында Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу барган иш сапарында Тажикстанга абадан коргонуу тутумун орнотуу боюнча макулдашкан.

Орусиянын президенти Владимир Путин КМШдагы мамлекет башчыларынын арасынан жалгыз тажик президенти Эмомали Рахмонду 9-майга аскердик парадга чакырган.

Анткен менен “Талибан” кыймылы соңку күндөрү Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен чектеш Ооганстандын бир нече районун басып алды. Тажикстан агылып кирчү качкындардын көбөйүшүнө тынчсызданса, Өзбекстан ал жактан келип жаткан коркунучтун алдын алууга камданып, аскердик машыгууларды баштап, коопсуздукту чыңдоого көңүл бурду.

«Биздин алдыбызда маанилүү маселелер боюнча бир катар чоң иштерди жасаш керек болуп турат. Ал маселелер коопсуздук болобу, экономика болобу же демократия маселеси болобу, алардын бардыгы биздин өлкөлөрдү бириктире турган маселелер. Мен үчүн командаңыз менен бул жакка келгениңиз абдан жагымдуу. Министрдин жолугушуу программасы АКШнын коргоо министри баш болгон администрациядагы бир топ кесиптештерге жык толгон. Мен бүгүн аткара турган иштер аябай майнаптуу болот деген үмүттөмүн», - деди башкы тажик дипломаты менен жолугушуудан соң АКШ мамкатчысы Блинкен.

Кремлдин "кызганычы"

Өткөн аптада The New York Times жана The Wall Street Journal басылмалары Кошмо Штаттар Ооганстандан чыга турган аскерлеринин бир бөлүгүн Өзбекстан жана Тажикстанда жайгаштырууну көздөй турганын жазып чыккан. Муну менен АКШ Ооганстандагы коопсуздукка көз салары белгиленди.

Кыргызстандын Ооганстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Мирослав Ниязов Орусия АКШнын Борбор Азияга аскер базасын жайгаштыруу максатына кызганыч менен мамиле кыларын белгиледи.

«Борбор Азия Орусиянын тарыхый таасирине баш ийген чөлкөм. Ошондуктан анда АКШнын аскер базалары жайгашып калышын жактырбайт. Бирок мындагы ар бир мамлекет эгемен болгондуктан тигил же бул маселе боюнча ар бир мамлекеттин өзүнүн ой-пикири бар. Ошондуктан “бул чөлкөмгө АКШнын аскер базалары жайгашпайт” деп кесе айтууга дагы эрте. Анткени АКШ аскер базасын бул чөлкөмдө жайгаштырууга дагы деле аракет жасайт. Бирок Орусия буга караманча каршы чыгат», - деди элчи Мирослав Ниязов.

Ооганстанда 20 жылдан бери террорчулукка каршы күрөш жүргүзгөн АКШ баштаган коалициялык күчтөр май айынан тарта ал жактан аскерлерин чыгара баштады. Америкалык аскер башчылыгы 2-июлда Баграмдагы аэродромду Ооганстандын армиясына өткөрүп берип, жоокерлер өлкөнү таштап чыгып кетүүгө даярданууда. Бул тууралуу айткан аскер жетекчилиги коопсуздукка байланыштуу америкалык контингентти чыгаруу планы жашыруун экенин кабарлады. Вашингтон аскерлерин 11-сентябрга чейин ооган жергесинен толук чыгара турганын билдирген.

"Талибан" Кыргызстанга коркунуч жаратабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:39:08 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG