Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

Өзбек-тажик алакасы: чек ара, темир жол, ГЭС


Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Дүйшөмбүдөгү сапарында 36 келишимге кол койду. Ага ылайык, тажик товарларын Өзбекстандын аймагы аркылуу эркин өткөрүп, эки өлкөнүн жарандарынын карым-катнашын жеңилдеткен келишимдер бар.

2016-жылга чейин алакасы дээрлик үзүлгөн эки коңшу ГЭСтерди бирге курууну көздөөдө.

Тажикстанга расмий сапар менен келген Шавкат Мирзиёевди Дүйшөмбүдөгү аэропортто шаан-шөкөт менен тажик президенти Эмомали Рахмон өзү тосуп алды. Эки президенттин жолугушуусунда өзбек-тажик мамилесин мындан ары кантип жигердүү өнүктүрүү жолу талкууланды. 36 биргелешкен документке кол коюлду.

Алардын арасында тажик товарларын Өзбекстандын аймагы аркылуу эркин өткөрүү, эки өлкөнүн жарандарынын бири-биринин аймагына киришин жеңилдеткен келишимдер бар. Мындан сырткары өзбек-тажик инвестициялык компаниясын түзүү, Тажикстандагы Заравшан дарыясында эки ГЭС куруу жөнүндө макулдашуулар бар.

Тажик президенти Эмомали Рахмон “эки жыл мурда Ташкентте кубаттуулугу 320 МВатты түзгөн Заравшан дарыясына ГЭС куруу боюнча сүйлөшкөнбүз. Бүгүн дал ушул долбоорду ишке ашыруунун биргелешкен шарттарын тескеген келишимге кол койдук”, - деп билдирди.

Шавкат Мирзиёев эки коңшу транспорт жаатындагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

"Cапардын жүрүшүндө 1 миллиард доллардан ашык келишимге кол коюлду. Айрыкча транспорт жана транзиттик коридорлорду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Мындан ары темир жол, автомобилдик жана авиакаттамдарды өнүктүрүүнү сүйлөштүк”.

Чынында эле бул сапарды утурлай Тажикстан менен Өзбекстандын ортосунда темир жол куруу долбоору талкууланды. Бул Самарканд-Пенжикент, Самарканд-Айни багытында түшчү темир жол долбоорлору.

Тажикстандын Транспорт министрлигинен кабарлашкандай, темир жолду куруу демилгесин расмий Дүйшөмбү көтөргөн. Тоолуу, деңизге чыкпаган бул өлкө үчүн кара жол менен темир жолдун курулушу абдан маанилүү.

Бирок бул жолку жолугушууда долбоор боюнча келишимге кол коюлганы кабарланган жок. Буга чейин жумушчу топтор түзүлүп, техника-экономикалык негиздемеси даярдалып жатканы белгилүү болду.

Темир жолдун бир учу Тажикстандагы Айни районуна такалат. Бул аймак кен байлыкка бай. Тажик бийлиги транспорттук инфраструктураны өнүктүрүрүп, кенди иштетүүнү көптөн бери көздөп келет.

Ислам Каримвдун Ташкенттеги айкели
Ислам Каримвдун Ташкенттеги айкели

Ташкент менен Дүйшөмбүнүн мамилеси мурдагы өзбек президенти Ислам Каримов бийликте турганда дээрлик үзүлгөн. Ал маалда Өзбекстан тажик бийлигинин Рогун ГЭСин куруу долбооруна караманча каршы болуп, суу ресурстарын бөлүштүрүү жаатында наарызы болуп келген. Эки өлкө ортосунда аба каттамы толугу менен токтотулуп, жанаша жашаг эки мамлекеттин калкына визалык режим киргизилген

Шавкат Мирзиёев бийликке келгенде эле Тажикстан менен мамилени оңдоо ниетин билдирген. 2017-жылы эки өлкө ортосунда товар жүгүртүү көлөмү 70 миллион болсо, учурда 500 миллион долларга жеткенин билдирди.

Сапардын аймактык мааниси

Мирзиёевдин Дүйшөмбүгө бул жолку сапарынын аймактык алкактан маанисине да көңүл бурулууда.

Ал апрелдин аягында 55тен ашуун адам өмүрүн алган кыргыз-тажик чек арасындагы куралуу жаңжалдан соң Дүйшөмбүгө сапар менен келген борборазиялык экинчи лидер болду.

Өткөн айда казак президенти Касым-Жомарт Токаев Тажикстанга расмий сапар менен барып кеткен. Ал учурда казак лидери Бишкек менен Дүйшөмбүнүн ортосунда ортомчу болуу үчүн бара жатабы деген божомолдор айтылган. Бирок бул сөздөрдүн чындыгы ырасталган жок. Иш жүзүндө алгач Эмомали Рахмон, кийин Садыр Жапаровду Москвага чакырып сүйлөшкөн Орусия ортомчу болууга ниетин билдирген.

Бул жолу Дүйшөмбүдө Мирзиёев менен Рахмон чек арадагы абал тууралуу сөз козгоштубу же жокпу белгисиз.

Буга чейин кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуу боюнча Ташкент өз сунуштарын берип келген. Чек арадагы кан төгүлгөн жаңжал башталганда Мирзиёев алгачкылардан болуп президенттер Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон менен телефондон сүйлөшүп, тынчтыкка чакырган.

Баткендеги чек ара чатагынан бузулган үй
Баткендеги чек ара чатагынан бузулган үй

Дүйшөмбүдө Рахмон экономикалык алака менен катар аймактык коопсуздук маселесин көтөргөнү белгилүү болду.

“Аймактык коопсуздук маселеси боюнча биздин өлкөлөр ортосундагы тыгыз кызматташтыкты жана координацияны өзгөчө белгилегим келет. Бүгүн да биздин алаканын абалын, келечегин, эл аралык жана аймактык көйгөйлөрдү талкуулоого даярмын”.

Албетте, аймактык коопсуздук дегенде азыркы тапта Борбор Азия өлкөлөрү үчүн Ооганстандагы кырдаалга көңүл бурулуп жатат. АКШ баштаган эл аралык коалициянын аскерлери бул өлкөдөн чыгарылган соң абал курчуп, куралчан топтор коңшу мамлекеттерге кирип келбейби деген коркунуч турат. Ал эми аймакта Ооганстан менен эң узун чек ара Тажикстандыкы.

Ошол эле кезде соңку кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан соң Бишкек менен Дүйшөмбүнүн эл аралык байланыштарында дал ушул маселеге өзгөчө көңүл бурулуп жатат.

Апрелдин соңундагы чатактан соң кыргыз тарап Тажикстан менен чек араны жаап, жарандарынын ары-бери каттоосуна чектөө киргизген. Бул өз кезегинде тажик бийлиги үчүн кошумча түйшүк жараткан.

Эми Шавкат Мирзиёевдин Дүйшөмбү сапарында кол коюлган келишимдер тажиктерге товарын сыртка чыгарууга жаңы мүмкүнчүлүк түзөт.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG