Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2021 жума, Бишкек убактысы 07:48

Нур-Султандын аскердик жардамы талкууга түштү


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. 19-май, 2021-жыл

Кыргыз басылмаларында кошуна өлкөлөрдүн мамиле-катышы, чек ара чатагы, Кумтөр алтын кенинин айланасындагы иштер, кылмыш жана жаза тууралуу материалдар арбын жарыяланды.

“ПолитКлиника” гезити "Казакстан Тажикстанга аскердик жардам катары ок-дары береби?" деген суроого жооп издеген. Анда жазылгандай, Нур-Султандын Дүйшөмбүгө аскердик жардамы алгач социалдык тармактарда козголгон. 2019-жылдын 10-январында, Казакстандын “Ачык өкмөт” мамлекеттик порталында «Казакстан менен Тажикстандын ортосундагы акысыз аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо” долбоору коомдук талкууга коюлган. Эгерде, долбоор колдоо таба турган болсо, Казакстан Тажикстанга 3 миллиондон ашуун ок-дарыларды бермекчи. Бул бир ирет берилчү жардам.

Temirov Live каналынын журналисттери да жарыялаган иликтөөдө Тажикстан мурдагы жылы аскердик курал-жарактарды сатып алуу үчүн 2 миллион 492 миң доллар сарптаганы айтылат. Маалыматка караганда, жардам Казакстан менен Тажикстандын ортосунда 1999-жылдын 16-декабрында кабыл алынган “Аскердик чөйрөдө кызматташуу” мыйзамын негизинде бериле турган болууда.

Ушундай эле жардамды Казакстан Кыргызстанга да берет. Кыргызстанга аскердик жардам берүү чечими быйыл 2-мартта эки мамлекеттин президенттери Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин сүйлөшүүлөрүнөн кийин кабыл алынган. Казакстан Кыргызстанга 6,5 миллиондон ашуун ок-дарыларды жана аскердик техникалык жардам бере турганы белгиленген.

"Политклиника" Ооганстандын “Талибан” кыймылы кыргыз менен тажикке согуш кесепеттерин эскертип, чыңалган кырдаалды сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырганын жазды.“Талибан” кыймылынын басма сөз катчысы Забухулла Мужохид тараткан маалыматта: “Эки бир тууган, ислам өлкөлөрүн маселени тынчтык жолу менен чечүүгө чакырабыз. Согуштун зыяны боюнча бизде чоң тажрыйба бар. Согуштун башталышы жеңил-желпидей көрүнүшү мүмкүн, бирок иш жүзүндөгү согуштун жүрүшү, кесепеттери, жоготуулар абдан чоң болот” деп жазылганын басылма эске салды.

Аталган гезитте абакта жаткан мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов кайрылуу жасаганы, анын сотуна журналисттерди киргизбей коюшканы, териштирүүдөн кийин сот видео материалды бербегени баяндалган.

"Эгер маселе сотто ачык каралса андагы “абсурддук кырдаалды видеожазуудан бардыгы көрө алышмак. Тергөөчү менен прокурор бир да суроого жооп бере албай, башын жерге салып турушту”, - деп жазган кайрылууда Өмүрбек Бабанов.

Мурдагы өкмөт башчы 2012-жылдын акырына чейин иштегенге мүмкүнчүлүк беришсе, "Кумтөрдөгү” Кыргызстандын үлүшүн сөзсүз түрдө 70% жеткирип, азыр кенди Кыргызстан өзү башкарып каларын да айткан.

Бир жылдагы эки комиссия

2012-жылкы эки комиссиянын бүтүмү, алтын кенинин айланасындагы талаш-тартыштардын чоо-жайына “Вечерний Бишкек” гезити да токтолду. Гезиттин ырасташынча, канадалык Centerra Gold компаниясынын президенти Скотт Перри экологиялык эрежелерди бекем сактаган Кумтөр алтын кенинин 34 жылга чейин иштөө мүмкүндүгү бардыгын белгилеген.

Канадалык компаниянын жетекчиси алтын кенине 3,4 миллиард доллар инвестиция салынганын, ал эми тапкан кирешеси 11,5 миллиард долларды түзгөнүн белгилеген. Маалыматка караганда, кенди иштетүүгө дагы 2 миллиард доллар сарптамакчы болушкан. 2012-жылы парламент эки ирет Кумтөр алтын кени боюнча комиссия түзгөн. Биринчи комиссияны жетектеген Садыр Жапаров алтын кен компаниясынын экологиялык зыянын 10 миллиард доллар деп эсептеген. Ошол эле жыйында депутат Ширин Айтматова камсыздандыруу максатында деген негизде компания 7,6 миллион доллар сыртка чыгарып кеткенин айтып чыкканы жазылган.

Бирок басылма белгилегендей, комиссиянын “Кумтөр” алтын кенинин базасында жаңы мамлекеттик ишкана түзүү, башкарууну Кыргызстанга өткөрүү сунушу депутаттар тарабынан колдоо таба албай калган. Алтын кен боюнча экинчи комиссия түзүлүп, аны Кыргызстандын экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев жетектеген. Жаңы комиссия 400 беттен турган отчетун жыл аягында даярдаган. Мурдагы комиссиянын отчету 800 беттен турган. Сариевдин комиссиясы экологиялык зыян үчүн Кумтөр алтын кени 7 миллиард сомго жакын акча бөлүп, жаңы зыяндуу калдыктар сакталчу жай курууну сунуштаган. Канадалык компания кийинки жылдары Кыргызстан үлүшүн азайтуу аракетин жасап, бул жагынан ошол кездеги кыргыз бийлигин шартына көндүргөнүн макаланын автору белгилеген.

Ушул эле гезитте тоо кен боюнча адис Алмаз Тумановдун пикири жарыяланды. Ал түбөлүк жаткан муздарды талкалоо өтө чоң экологиялык мыйзам бузуу деп сыпаттаган.

"Аскар Акаевдин тушунда компания салыктардан бошотудган, эмнеликтен башка инвесторлорго буйрубаган мындай жеңилдик канадалыктарга берилген? Ошондо төлөнбөй калган салыктарды кайтарып беришсин. Компания ишке киргизилип жатканда башка өнөр жай ишканаларын куруп берүү милдетин алган, ошолорду аткарса, эл арасындагы кадыр-баркы бийик болмок. Эми биз кайрадан макулдашсак, алар соттон утуп чыгышса деле жагдай башкача болот. Жергиликтүү эл канадалыктарды иштетишпейт. Кумтөр эл байлыгы, ошондуктан канадалыктар өкмөт коюп жаткан айыптарды төлөсө, ымалага келсе, бул иш аларга кыйла арзанга түшмөк", - дейт Туманов.

Өмүрбек Бабанов абактан элге кайрылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:34 0:00

“Белый парус” басылмасы Авазбек Атахановдун экология, Кумтөр, ыйман жоопкерчилиги тууралуу макаласын басты. Анда баяндалгандай, жай келгени тоого, көлгө агылган туристтер артынан тонналаган акыр-чикирлерди калтырат, анын бир бөлүгү жыйналат, көбү ташталган жеринде калат. Кышкысын Бишкек ЖЭБи, машинелердин түтүнү, көмүр жаккан үйлөр баш калаааны экологиялык жагынан коркунучтуу чекке жеткирет.

Мындан тышкары макалада "Кумтөр" компаниясынын жетекчиси эл аралык стандарт боюнча иштегенин, Кыргызстанга эң ири инвестиция алып келгенин айтып жатканы , бирок анын экологиялык зыяны элдин баарына дайын экени, түбөлүк музду жок кылып, Борбор Азиянын экологиялык системасын бузуп алуу ыктымал экени белгиленген.

"Ушу тапта жогорку кызматта тургандардын бир тобу темир тор артында отурушат. Бир кезде жасаган иши үчүн эртеби-кечпи жооп берүүгө туура келет. Кош стандарттын натыйжасы ушуга алып келет",- деп жазган Авазбек Атаханов.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG