Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:34

"Кумтөр иши": үлкөндөр камалды


Кумтөр кени.
Кумтөр кени.

"Кумтөр иши" боюнча депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов эки айга камалышты.

Биринчи май райондук соту иындан тышкары “Кумтөр иши” боюнча кармалган мурдагы депутаттар Исхак Пирматов жана Талант Узакбаевдин бөгөт чарасын карап, тергөө аяктаганга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) абагында эки айга калтырган.

Бүгүн, 2-июнда бөгөт чарасы каралган үчүн алып келинген Өмүрбек Бабанов сотко кирип бара жатып өзүнө козголгон кылмыш ишин "акылга сыйгыс" деп сыпаттады.

“Бул толук аша чапкандык. Баары абсурд. Мен Кумтөрдөн 16 миң гектар жерди алган жалгыз премьермин. Түшүнүксүз иш болуп жатат. Кудай буюрса сотто жакшынакай чечилет деп ойлойм”.

Бабановдун бөгөт чарасы 2-июнда 5-6 саат каралды. Биринчи май райондук сотунун судьясы Чыңгызбек Бердимуратов мурдагы өкмөт башчыны эки айга камакка алуу чечимин чыгаргандан кийин, жактоочу Амантур Абдырахманов апелляциялык арыз жазарын, Бабанов тергөө менен кызматташпай турганын билдирди.

"Өмүрбек Токтогуловичтин позициясы бекем. Ал тергөө менен кызматташууга эч кандай негиз жок деп эсептейт. Тергөө менен кызматташуу кандайдыр бир күнөөсү болгон учурда ишке ашат. Бабанов өзүн эч кандай күнөөлүү деп эсептебейт", - деди Абдырахманов.

Бул кармоолор коомчулукта ар кандай пикир жаратты. Бир даары бийликтин бул кадамын кубаттаса, айрымдар сынга алышууда.

Жогорку Кеңештин 2-июндагы жалпы жыйынында да "Кумтөр ишине" байланыштуу депутаттардын камалышы канчалык мыйзамдуу деген маселе көтөрүлдү.

Анда эл өкүлү Дастан Бекешев жаңы Конституциянын 78-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык эл өкүлүнө кылмыш ишин козгоо, ал кылмыш үстүндө кармалган учурдан башка жагдайларда көпчүлүк депутаттардын макулдугу керек экенин билдирди.

Депутат Тазабек Икрамов болсо депутат ишине байланыштуу айткан ою, берген добушу үчүн жоопкерчиликке тартылбай турганына токтолуп, соңку камоолор мыйзамсыз экенин белгиледи.

“Мыйзам бузуулар болуп жатат, буга ким жооп берет? Бүгүнкү күнү мандаты бар депутаттарды камап жаткандар жооп бериш керек”.

Мындан кийин төрагага Талант Мамытов депутаттарды камоонун мыйзамдуулугу тууралуу түшүндүрмө берүү үчүн Башкы прокуратурага проктоколдук тапшырма берди.

Буга чейин "Кумтөр ишине" байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, мурдагы депутат Максат Сабиров УКМКда суракка кирип чыккан. Мурдагы өкмөт башчылар Игорь Чудинов, Темир Сариев күбө катары көрсөтмө берген.

Таластагы жана Кара-Кулжадагы митингдер

Саясатчылар камакка алынгандан кийин Ош облусунун Кара-Кулжа районунда Асылбек Жээнбековдун эки жүзгө жакын, Таласта ушундай эле санда Өмүрбек Бабановдун тарапташтары митингге чыгышты.

Алар саясатчыларды камактан бошотууну, баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылышууда. Жээнбековдун жактоочулары район борборунда штаб түзүп, боз үй тигишкени маалым болду.

"Ал ушунча жыл так иштеп, эки жолу спикер болду. Кумтөр Акаевдин учурунан бери келатат да”, - деди Асылбек Жээнбековду колдоп, митингге чыккандардын бири Тентимиш Токторов.

Өмүрбек Бабановдун жактоочусу Адилет Токторбаев "Азаттыкка" акцияга чыккандар тергөөнү акыйкат жүргүзүүнү талап кылышарын айтты.

"Биз өлкө башчысына жана тийиштүү органдарга кайрылуу жолдогонго мажбур болуп жатабыз. Эмнеге Кумтөр кенинен мамлекетке 16 миң гектарды кайрып берген адам кармалышы керек? Бул деген адилетсиздик, акыйкатсыздык. Саясий мотив менен камалбашы керек, тергөө калыс өтүшүн талап кылып кайрылуу жолдодук. Эртең Бишкекке барар-барбасыбыз чечилет".

Бирок атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев 2-июнда Жалал-Абаддагы иш сапары учурунда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Кумтөргө байланыштуу кылмыш ишинде саясий себеп жок экенин белгиледи.

“Эч кандай саясий куугунтук, жердешчилик маселеси жок. Ошол окуяга кимдин тиешеси болсо кылган кылмышына жараша жазага тартууга милдеттүүбүз. Ошол милдетибизди аткарып жатабыз. Кумтөр алтын кенин акыркы 25 жылдан бери талап-тоноп, анын тегерегинде интрига уюштурушуп, биздин аткаминерлер жетеленме болуп калганын элибиз көрдү. Мындан ары андай болбойт".

Жолугушууда Ташиев Кумтөр боюнча мурдагы президенттерге да иш козголушу мүмкүн экенин эскертти.

"Ал жерде көптөгөн мурдагы премьер-министрлер, спикерлер бар. Депутаттар, мамлекеттик чоң кызматта иштегендер бар. Керек болсо, мүмкүн, биз кээ бир мурда иштеп кеткен президенттерди да жоопко тартабыз. Себеби алардын түздөн-түз тиешеси бар”.

“Кумтөр иши” боюнча камакка алууларды жеке өч алуу катары баалагандар да болууда. Айталы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Пирматовдун жактоочусу Тимур Карабаев бул иште жеке таарыныч бар экенине токтолду.

Анын айтымында, Пирматов 2012-жылы парламенттин тармактык комитетин жетектеп турганда ошол кездеги депутат Садыр Жапаровдун Кумтөрдү улутташтыруу тууралуу токтом долбоорун колдобой койгон.

“Исхак Пирматовго коюлган айып толугу менен – абсурд. Эч кандай далилдик базасы жок. Аны 2012-жылы ошол кездеги депутат Садыр Жапаров Кумтөрдү улутташтыруу тууралуу токтом долбоорун колдобогонуна байланыштуу айыптап жатат. Анда спикер Асылбек Жээнбеков долбоорду өткөрбөө үчүн депутаттар менен келишип, башкаларга бөлөк долбоор даярдоо тапшырмасын берип, Пирматов ошону аткарган деп жатышат. Бул айыптоонун баары курулай сөз. Депутат айткан сөзү, берген добушу үчүн жооп бербейт”.

Эске сала кетсек, 2012-жылы депутат Садыр Жапаров жетектеген депутаттык комиссия Кумтөрдү мамлекетке кайтарууну көздөгөн радикалдуу кадамдарды сунуштаган долбоору менен чыккан. Бирок ал колдоо тапкан эмес.

Учурда да Кумтөрдү улутташтыруу тууралуу чакырыктар айтылууда, бирок өкмөттүн бул кадамга барары же барбай турганы азырынча белгисиз.

Алтын кенди улутташтыруу идеясын айтып келгендердин бири, "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" берүүсүндө "Кумтөр иши" улуттук ар-намыстын маселеси экенин айтып, өкмөттүн азыркы кадамын колдой турганын билдирди.

"Кумтөрдө акча гана эмес, кеп улуттук ар-намыс, кадыр-барк жөнүндө болуп жатат. Жеке компания келип алып кыргыз мамлекетин, президентин, өкмөтүн 20 жыл жетеледи. Мындан кийин дагы жетелеп жүрө береби же бир күнү токтот деп айта алабызбы? Бүгүнкү бийликтин мага жакпаган жери көп, бирок Кумтөргө байланыштуу чечкиндүү кадамга барып, улутташтырууга карай багыт алганын колдойм жана коргойм".

Ал арада "Centerra Gold" компаниясынын президенти жана башкы аткаруучу директору Скотт Перри Кыргызстандын элине кайрылуу кат жолдоду. Перри кыргыз бийлиги менен кенди иштетүүнүн жолдорун ачык талкуулого даяр экенин кошумчалаган жана алардын мындай сунушун Бишкек четке кагып жатканы белгилеген.

"Кумтөр кенин басып алуу биз биригип курган нерселердин баардыгын жокко чыгаруучу жалган маалыматка жана жүйөсүз күнөөлөргө негизделген. Өкмөттүн негизсиз аракеттери миңдеген жогорку маяналуу иш орундарына, жүздөгөн кыргызстандык жабдуучулардын бизнесине коркунуч туудурат деп кооптонобуз".

Скотт Перри жолдогон катта аталган компания Кыргызстанга 3,4 миллиард АКШ долларынан ашуун инвестиция жумшап, айлана чөйрөнү коргогон, коопсуздук шарттары эл аралык стандарттарга жооп берген алтын кенин 34 жылдан ашуун иштеткени жазылган.

31-майда “Кумтөр Голд” жана “Кумтөр Оперейтинг” компаниялары Нью-Йорктун Түштүк округу боюнча сотуна кайрылганы белгилүү болгон. Бул тууралуу кабарлаган "Центерра Голд" компаниясы Кумтөр алтын кениндеги соңку окуяларды “негизсиз басып алуу” деп мүнөздөгөн.

7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голдду” Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд. 719 млн. 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

12-майда Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан.

16-майда “Центерра Голд” кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялаган.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кендердин бири. Аны канадалык "Центерра Голд" компаниясы иштетет, Кыргызстандын андагы үлүшү 26% түзөт.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG