Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:40

Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча токтом кабыл алды


Жогорку Кеңеш бүгүн Кумтөр алтын кенин иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусунун негизинде токтом кабыл алды. Добуш берүүгө комиссияны жетектеген депутат Садыр Жапаровдун өзүнүн долбоору жана парламенттин үч комитетинде каралып, макулдашылган дагы бир долбоор коюлду. Жыйынтыгында Жапаровдун долбоору өтпөй калып, макулдашылган долбоор колдоо тапты.

Токтомго ылайык, өкмөткө 10-июлга чейин мамлекеттик комиссия түзүү тапшырмасы берилди. Ал комиссия 1-октябрга чейин Кумтөрдөгү экологиялык, өндүрүштүк, социалдык зыяндардын өлчөмүн иликтеп чыгышы керек. Мындан тышкары комиссия Кумтөр боюнча кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голддун” ортосундагы келишимди карап чыгууга милдеттендирилет.

Башкы прокуратурага болсо Кумтөр боюнча келишимдерди изилдеп чыгып, буга чейин козголгон кылмыш иштери боюнча документтерди таап чыгуу тапшырмасы берилди. Депутат Садыр Жапаров өз долбоорунда Кумтөр боюнча келишимди бир тараптуу жокко чыгарууну сунуштаган болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG