Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:40

Кумтөр: Сурак берген аткаминерлер камалды


Исхак Пирматов, Төрөбай Зулпукаров, Өмүрбек Бабанов, Асылбек Жээнбеков жана Талантбек Узакбаев.
Исхак Пирматов, Төрөбай Зулпукаров, Өмүрбек Бабанов, Асылбек Жээнбеков жана Талантбек Узакбаев.

31-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров эки айга камалды. Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен мурдагы депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев 48 саатка кармалды. Дагы бир мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудинов бул иш боюнча күбө катары көрсөтмө берип чыкты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кармалган мурдагы жана азыркы аткаминерлерге Кумтөр ишине байланыштуу айып койду. Буга чейин атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев кендин ишмердигин иликтөөнүн алкагында бир нече киши камакка алынарын эскерткен эле.

УКМКнын бир күндүк камоосу

Кумтөр кенине байланыштуу ким кармалгандыгын журналисттер 31-майда түштөн тарта түн бир оокумга чейин жазып отурушту. Атайын кызмат улам бирден маалымат чыгарып олтуруп, соңунда баарын ырастагандай болду.

Атайын кызматтын басма сөз өкүлү Назгүл Кыдыралиева эки депутаттын эмне себептен кармалганын түшүндүрдү:

Назгүл Кыдыралиева
Назгүл Кыдыралиева

“Кумтөр кенин иштетүү боюнча долбоорду жүзөгө ашырууда коррупциялык фактылар тууралуу козголгон кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда. Тергөө иш-чараларынан кийин 2021-жылдын 31-майында депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровго Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (“Коррупция”) менен шектүү катары кабарлама берилди. Ушул эле күнү тергөөнүн өтүнүчү менен Бишкектин Биринчи май райондук соту Жээнбеков менен Зулпукаровдун бөгөт чарасын карап, аларды эки айга камакка алуу чечимин кабыл алды”.

Асылбек Жээнбеков 2007-жылдан бери парламенттин үч чакырылышына катары менен депутат болуп шайланган. Жогорку Кеңештин 6-чакырылышында эки жылча спикер болгон. Төрөбай Зулпукаров 2010-жылы жана 2015-жылы парламентке КСДП партиясынан шайланган.

Төрөбай Зулпукаров менен Асылбек Жээнбековдун тарапташтары соттун алдында. 31-майдан 1-июнга караган түн.
Төрөбай Зулпукаров менен Асылбек Жээнбековдун тарапташтары соттун алдында. 31-майдан 1-июнга караган түн.

Депутат Зулпукаровдун адвокаты Асылбек Кочкоров коррупция боюнча коюлган айыптар эч кандай негизсиз экенин белгилеп, баарын төгүнгө чыгарды. Бул тууралуу кошумча маалымат берилерин да айтты.

Жээнбековдун адвокаты Давран Касымов соттун камакка алган чечимин "мыйзамсыз" деп сыпаттады:

Давран Касымов
Давран Касымов

“Тергөө тобу бир гана "2012-жылы Садыр Жапаров Кумтөр боюнча көтөргөн демилгени депутаттар кабыл албай коюшкан" деп, ошону кесепет катары беришиптир. Биз муну туура эмес деп эсептейбиз. Себеби добуш берип жатканда ар бир депутат өз ыктыяры менен берет да, аны эч ким мажбурлаган эмес. Эгер кимдир бирөөгө күч көрсөтүп, кимдир бирөөнү коркутса, алар мыйзам чегинде укук коргоо органдарына кайрылышы керек болчу. Асылбек Жээнбеков “Центерра Голд” компаниясы боюнча “бардык келишимдерди туура жолго салганга аракеттерди кылганбыз” деп жатат”, - деди адвокат.

УКМК экс-депутаттар Исхак Пирматов менен Талантбек Узакбаев 48 саатка кармалганын кабарлады. Алар да атайын кызматка сурак бергени киришкен.

Пирматов 5-чакырылышка “Республика” партиясынан, ал эми 6-чакырылышка “Бир бол” партиясынан шайланган. Быйыл 28-майда мандатын тапшырып берген. Узакбаев болсо 2010-жылы “Ар-Намыс” партиясы менен депутат болуп келип, 2012-жылы Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетин жетектеген.

Игорь Чудинов
Игорь Чудинов

Мурдараак айрым басылмалар экс-премьер-министр Игорь Чудинов да кармалганын маалымдашкан эле. Бирок атайын кызмат ал ушул тапта күбө катары көрсөтмө берип жатканын билдирди. Чудинов 2007- 2009-жылдары премьер-министрликти аркалаган.

Дагы бир мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов суракка киргени кабарланып, кечке чукулдап калганда 48 саатка кармалганы маалым болду. Атайын кызматтын басма сөз өкүлү Назгүл Кыдыралиева ал жөнүндө “Азаттыкка” буларды билдирген эле:

“Тергөө учурунда алынган далилдердин негизинде, 2021-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (“Коррупция”) фактысы боюнча кылмышка шектүү делип мурдагы премьер-министр Ө.Бабанов кармалды”.

Атайын кызматтын артынан эле адвокат Амантур Абдырахманов да билдирүү таратып, саясатчыга коюлган айыптар "негизсиз экенин" маалымдады.

Амантур Абдырахманов
Амантур Абдырахманов

“Өмүрбек Бабановго каршы Кумтөргө байланыштуу эч кандай күмөн болбошу керек, анткени ал мыйзамга каршы келген аракеттерге барган эмес. Бүгүнкү суракта Өмүрбек Бабановду ал премьер-министр болуп турган учурдагы Кумтөр маселеси боюнча учкай гана сурашты. Ага коюлган айыптоонун мазмунун түшүндүрүшкөн жок. Шектүү катары кабарлама да беришкен жок. Ошондуктан Өмүрбек Бабанов да, анын адвокаты катары мен дагы, аны эмнеге айыптап жатышканын жана эмне үчүн кармашканын түшүнбөй турабыз”, - деди Абдырахманов.

Бабанов 2010-жылы өзү түптөгөн “Республика” партиясы менен парламентке келген. 2011-2012-жылдары кыргыз өкмөтүн башкарган.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, Кумтөргө жер аянттарын берүүдөгү мыйзам бузууларды таап чыккан депутаттык комиссиянын 2012-жылдагы корутундусунун негизинде Жогорку Кеңеш экс-премьер-министрлер Игорь Чудинов менен Данияр Үсөновдун токтомдорун жокко чыгаруу талабы менен өкмөткө сунуштама киргизген.

Чудинов кол койгон 2009-жылы чыккан №365 токтомдо Кумтөр кенинин 10 070 гектар аянтын дагы 16 миң гектарга кеңейтүү маселеси каралган. 2010-жылкы Үсөновдун №168-токтомунда да ушул эле маселе - кенге 16 330 гектар жер аянты кошуп берилгени көрсөтүлгөн.

Бабанов өкмөттү жетектеп турганда Үсөновдүн токтомун жокко чыгарып, бирок Чудиновдун токтомун калтырып койгон.

Дагы башка жагдай - Бабанов 2012-жылы “Ала-Тоо финанс” деп аталган мамлекеттик чакан кредиттик компания ачкан. Ал Кумтөр кенинен түшкөн акчага каржыланып, анын ишмердүүлүгү кийин бир топ суроо жараткан.

Мамкомиссиядан чыккан чакырык

Быйыл февралда түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров 17-майда парламентте билдирүү жасаганда “канадалык компания менен жең ичинен сүйлөшүү жүргүзгөн, Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы шарттарды макулдашкан” өлкөнүн мурдагы жетекчилеринин жоопкерчилигин кароо демилгесин көтөргөн.

Ал канадалык компанияга ар түркүн артыкчылыктар жана салык жеңилдиктери берилип, пайданы бөлүшүүдө Кыргызстандын кызыкчылыгына келгенде “чыккынчылыктын белгилери” аныкталганын айткан эле.

Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

“Мурдагы өлкө башчылары менен мурдагы өкмөт башчыларынын аракеттери мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келип, анда чыккынчылыктын белгилери болгон. Бул жагдайлардын ар бирине өз-өзүнчө укуктук баа берилүүгө тийиш. Башынан баштап, буга чейинки бардык келишимдер менен концессиялык макулдашууларды кабыл алуунун натыйжасында канадалык компанияга салык жеңилдиктери жана ар кандай артыкчылыктар берилип, кыргыз тарапка оңой эмес зыян келтирилген”, - деген Жапаров.

Ал "Кумтөр" долбоору боюнча 1992-жылдагы алгачкы келишим Кыргызстан жаңыдан гана эгемендик алган учурга туура келип, андагы жаш мамлекеттин башчысы Аскар Акаевдин тажрыйбасыздыгын эске алууга болорун, бирок 2003-жылы кен Кыргызстанга өтө турган мезгилде ошол кездеги президенттин “Кумтөрдү” башкаруу укугун толугу менен “Центеррага” бергенин түшүнүү кыйын экенине токтолгон.

Парламенттин 17-майдагы кезексиз жыйынында атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Кумтөр алтын кенине байланыштуу кылмыш иштеринде аты аталган аткаминерлер суракка чакырыларын билдирген болчу.

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

“Кумтөргө байланыштуу төрт кылмыш иши бар экенин эскерте кетейин. Мунун биринчиси “Кумтөр Голд Компанинин” жетекчилерине байланыштуу, калган үч кылмыш иши болсо кызматтык кылмыштар. Буга ошол учурда эң жогорку кызматты ээлеп турган адамдар кирет, тагырагы бир нече экс-премьер-министр, депутаттар жана башкалар кирет. Бизде керек болсо ошол учурда Кумтөрдөн финансылык колдоо алган бир нече депутаттар жөнүндө материалдар бар. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн азыр фамилияларын ачык айтпайбыз”, - деген Ташиев.

Мына ушундан кийин эле мамлекеттик мурдагы жетекчилер суракка чакырыла баштаган. 26-майда мурдагы премьер-министр Темир Сариев биринчилерден болуп сурак берген.

Атайын кызматтын төрагасы кабарлагандай, мекеме ушул тапта Кумтөргө байланыштуу тергеп жаткан иштер түрдүү багытта жүрүүдө. Алар: Жаратылыш ресурстарына байланыштуу мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана башка бир топ кызмат адамдары, депутаттар коррупция үчүн айыпталып жаткан иш; Жети-Өгүз райондук администрациясы айыл чарба жерлерин бөлүп берүүдө 390 миллион сомдук зыян келтиргени боюнча иш; Салык кызматы менен Социалдык фонд аркылуу мамлекетке түшпөй калган 1,5 миллиард сом боюнча иш; “Кумтөр Голддун” жетекчилеринин экологияга келтирилген зыяны боюнча чечимдерине байланыштуу иштер.

Коомчулуктун реакциясы

Социалдык түйүндөрдө президент Садыр Жапаровдун жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин саясатын сүрөөнгө алышса, айрымдар муну сындап жатышат. Сынчылар “саясий шоу” дешсе, кубаттагандар “саясий эрктин үлгүсү” деп сыпатташууда.

“АКИпресс” маалымат агенттигин курган маегинде саясат талдоочу Алибек Мукамбаев 30 жылдан бери бийлик эми гана Кумтөр ишине "олуттуу киришти" деген көз карашта.

Алибек Мукамбаев
Алибек Мукамбаев

“Бийлик биринчи жолу бардык мыйзам бузууларды ачыктап, ушундай радикалдуу кадамдарга барды. Бийлик саясий эркин көргөзүп, коомчулукка жетишилген пайдасыз келишимдерди жана мыйзам бузуулардын баарын көрсөттү. Мындай ар бир макулдашуунун жана ар бир мыйзам бузуунун артында бир кишинин аты-жөнү бар. Мына ушул иштин алкагында эми УКМК алардын баарын чакырып, сурак кылып жатат. Эми “кол тийбестер” жок. Мыйзам алдындагы жоопкерчиликтен качкандар болбойт”.

Ошентсе да, Садыр Жапаров бийликке келгенден бери кармалгандардын көбү ар кайсы негиз менен үй камагына чыгып, же бошотулуп жатканы соңку кармоо боюнча да талаш маселелерди жаратууда.

Талдоочу Орозбек Молдалиев соңку мамлекеттик комиссиянын корутундусу коомчулукка ачык болушу керек деген оюн “Азаттыкка” айтты:

Орозбек Молдалиев
Орозбек Молдалиев

"Бизде 30дай премьер-министр алмашты, ошонун көбүнүн эле тиешеси болушу мүмкүн. Бирок бизде кайсы бир факт боюнча кылмыш иши козголгондо, күркүрөтүп эле, катар-катар суракка чакыруу башталат, бир нечеси камалат. Интервьюлар берилет, жалпыга маалымдоо каражаттарынан байма-бай айтылат. Мына коррупция менен катуу күрөш жүрүп жатат дегенден кийин эле кармалган кишилери кайра чекеден бошоп кетет. Же тергөө менен кызматташуу же айыппул төлөө менен чыгып кетет. Акырындап басаңдап барып эле, иш эмне менен бүткөнү белгисиз болуп калууда. Макул, мамлекетке келтирген зыянды төлөсүн, бирок башкалар да ошондой кылмыш кылбашы үчүн ал киши сабак катары жазасын алыш керек эле да. Тилекке каршы, бул жолу да ошондой болуп калбайбы деген күмөн ой бар”, - деди эксперт.

14-майда Жогорку Кеңеш өлкөдөгү эң чоң алтын кенди казган "Кумтөр Голд Компаниге" сырттан башкаруу киргизген.

7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн канадалык "Центерра Голд" компаниясын мамлекетке 261 млрд. 719 млн. 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG