Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 05:41

Эки мөңгүнү эңшерген эсеп, жабылган кылмыш иши


Кумтөр кениндеги мөңгү. 2012-жылы тартылган сүрөт.

Кумтөрдөгү Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн талкалап, муздун үстүнө топурак калдыктарын төгүп, сууга жана жерге зыян келтирген экологиялык мыйзам бузуулар боюнча жети жыл мурда токтотулган кылмыш иши кайрадан жанданды.

Ага чейин аныкталган экологиялык зыяндын өлчөмү азайтылып көргөзүлүп, кийин доодон баш тарткан ошол кездеги жогорку кызмат адамдарынын аракеттери иликтене баштады.

Мамлекеттик комиссиянын иликтөөсүндө “Кумтөр Голд” компаниясы алтын казуу үчүн мөңгүлөрдү талкалаган иш-аракеттери 1995-жылдары башталып, 2012-жылы гана аталган эки мөңгүнүн эрип жок болгону аныкталган. Анда токтоосуз чара көрүү демилгеси көтөрүлүп, бирок “жоопко тарта турган тарап жок” деген негизде кылмыш иши жабылып калганы аныкталды.

Соңку мамлекеттик комиссиянын корутундусунда Кыргызстан Кумтөрдөгү алтын казуудан олуттуу экологиялык зыян тарткан аракеттер туңгуч президент Аскар Акаевдин учурунда эле башталып, бирок буга байланыштуу 2012-жылы гана тиешелүү иликтөө иштери жүрүп, анда мөңгүлөрдүн талкаланганын ошондогу парламенттин убактылуу депутаттык комиссиясы расмий аныктаганы көрсөтүлдү.

256,8 млрд. сомдук зыян кантип 6,4 миллиардга түштү?

Андан соң 2013-жылы түзүлгөн, ошол кездеги экономика министри Темир Сариев жетектеген мамлекеттик комиссия дагы экологияга оор залал келтирилгенин ырастап, бирок зыяндын көлөмү түшүнүксүз себептер менен азайтылганы соңку иликтөө тыянагында белгиленди.

Мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров эки чоң мөңгүнү талкалаган экологиялык зыяндын өлчөмү эки ача эсептелип, мамлекеттин кызыкчылыгы жабыркаганын белгиледи.

“Кумтөрдөгү Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнүн үстүнө 1995-жылдан баштап 2011-жылга чейин 1 млрд. тоннадан ашуун топурак жана өндүрүштүк калдыктар төгүлгөн” деген маалыматты ошол кездеги экономика министри Темир Сариев жетектеген мамлекеттик комиссия ырастаган. Бирок жаратылышка келтирилген экологиялык зыяндын көлөмүн акчалай жазана менен өлчөөдө эки башка сан чыккан.

Көз карандысыз эксперт, эколог Динара Кутманова 256,8 млрд. сом, ошол учурдагы курс боюнча 5,4 млрд. АКШ доллары деп эсептесе, мамлекеттик комиссия 6,6 млрд. сом, ошол кездеги курс боюнча 141 млн. доллар деп эсептеп берген. Бирок иш жүзүндө мыйзамдын талаптары аткарылган эмес. 256 млрд. сомго макул болбой, акчалай айыптын өлчөмүн дээрлик 250 млрд. сомго азайтып, 6,6 млрд. сомго түшүргөн, бирок ошону дагы өндүрүүгө аракет жасабаган мамлекеттик кызмат адамдарынын жоопкерчилиги каралган эмес”.

2012-2013-жылдардагы парламенттик жана мамлекеттик комиссиялар “Кумтөр Голд” компаниясы кен казган аймактарда экологиялык жана техникалык эрежелерди бузуп, мөңгүлөрдү талкалап, алтын казуудан чыккан топурак калдыктарын башка мөңгүлөрдүн үстүнө төккөн учурларды аныктап, тиешелүү далилдер топтолгон.

Анын негизинде Жогорку Кеңеште канадалык компанияга ири өлчөмдөгү экологиялык доо коюу демилгеси көтөрүлгөн.

Жапаров жетектеген мамлекеттик комиссиянын бул тыянагына 2013-жылдагы мамлекеттик комиссиянын төрагасы Темир Сариев жооп кайтарды.

Темир Сариев иликтөө корутундусунда экологиялык зыян эмнеге азайтылып көрсөтүлгөнүн жана анын да өндүрүлбөй калганы тууралуу мындай дейт.

Темир Сариев.
Темир Сариев.

“Мен 2012-жылы экономика министри болчумун. 2013-жылы мамлекеттик комиссияны жетектөөнү сунушташып, иликтөөнүн жыйынтыгы чыгарылган. Жогорку Кеңеш мына ошонун негизинде сүйлөшүүлөрдү жана териштирүүлөрдү жүргүзүү боюнча сунушун бекиткен. Анын негизинде соттошуулар болду. Биз эң негизги чечимди чыгардык. Сотко берип, соттошо турган тиешелүү мамлекеттик органдар бар. Тиешелүү иштердин бардыгы аткарылган болчу. Ошондо мага бир топ депутаттар келип “Темир Аргенбаевич, биринчи жолу мамлекеттик комиссия түзүлүп, сиз эч нерседен коркпой мурдагы кызмат адамдарынын ысымдарын ачык атап, принципиалдуу позицияңызды көргөздүңүз, эми аларды укук коргоо органдары өздөрү териштирип алат” деп айтышкан. Ошол депутаттардын айрымдары азыркы мамлекеттик комиссиянын курамында да иштеди. Кээ бир адамдар азыркы өкмөттүн курамында да отурушат. Алар менин айткандарымды азыр да тастыктап беришет. Анткени ошол корутундуда алардын колу турат. Ал эми айтылып жаткан ири доонун өлчөмүн жана экологиялык зыяндын көлөмүн биздин методика менен эсептеп, санап жатышат. Эгерде бул методика эл аралык эксперттик деңгээлде кабыл алынса жакшы, бирок кабыл алынбай калса, анда аны далилдөө кыйын. Бул актануу эмес. Бул так маалымат берүү. Менин жүзүм жарык. Биз ошол кол коюлган тарыхый иликтөө отчетун парламентке жана укук коргоо органдарына өз убагында тапшырып бергенбиз. Аны Жогорку Кеңеш бекиткен”.

Анткен менен 2012-жылдагы убактылуу депутаттык комиссияда кийин мамлекеттик комиссиядагы жумушчу топто көз карандысыз эксперт болуп иштеген эколог Динара Кутманова Сариевдин жообун экологиялык зыяндын өлчөмүн азайтуу менен анын маанисин төмөндөтүп, мөңгүлөрдүн талкаланышына көз жумган аракет катары баалады.

"Талашсыз далилдер колдонулган эмес"

Динара Кутманова мөңгүлөргө уруксатсыз кол салуу болгонун “Кумтөр Оперейтинг компанинин” жетекчилиги моюнуна алган далилдер бар экенин айтты:

Динара Кутманова.
Динара Кутманова.

“2012-жылы бул маселе көтөрүлүп калганда “Кумтөр Оперейтинг компанинин” ошол кездеги президенти Майкл Фишерге суроо-талап жибергенбиз. Ал биздин суроого “Ооба, биз уруксат ала элек болчубуз жана буга чейин уруксаты жок эле иштеп келгенбиз” деп кат жүзүндө так жооп берген. Бул документ бизде турат. Ошондой эле бул биздин доонун негиздүүлүгүн тастыктап, биздин позицияны коргой турган аябай күчтүү далил. 2012-жылы биздин жумушчу топ өкмөт бекиткен методика боюнча экологиялык зыяндын өлчөмүн эсептеп чыккан. Ал чынында эле 256 млрд. сомду түзгөн. Ошол кездеги курс боюнча бул 5 млрд. доллардан ашуун акча болчу. Бирок убактылуу депутаттык комиссиядан кийин түзүлүп, Сариев жетектеген мамлекеттик комиссия мына ошол экологиялык зыяндын өлчөмүн бир топ азайтып, өз алдынча эсептеп, 6 млрд. сом деп баалаган. Ошондогу курс боюнча бул сумма 141 млн. доллар болгон”.

Ачылып-жабылган кылмыш иши

Мамлекеттик комиссиянын иликтөө корутундусунда Кумтөрдө экологиялык мыйзамдарды одоно бузуу фактыларынан улам 2013-жылы 31-августта 150-13-139-номерлүү кылмыш иши козголгону көрсөтүлгөн. Анда өндүрүштө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин бузуу, жер астындагы кенди казууда жаратылышка кол салуу, сууну булгоо, мөңгүлөрдү жана жер тилкелерин бузуп-талкалоо сыяктуу кылмыш белгилери боюнча тергөө амалдары жүргөн.

Бул кылмыш иши ошол кездеги Экотехинспекциянын жана Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин экологиялык корутундуларына ылайык козголгон. Тергөөгө убактылуу депутаттык комиссия жана мамлекеттик комиссия таап, аныктаган экологиялык апаатка алып келчү аракеттерге байланыштуу мыйзам бузуу фактылары тапшырылган.

Кумтөрдө иштеген жүздөн ашуун адам суралып, топтолгон материалдардын негизинде мөңгүлөрдү талкалоого өбөлгө түзүп, аларды ордунан жылдырууга уруксат берген жана бул иштерди тикелей аткарган 65 кызмат адамын жоопко тартуу токтому чыгып, бирок кийин алардын көпчүлүгүнүн иши эскирген мөөнөтүнө байланыштуу деген негиз менен тергөөдөн кыскартылган.

2013-жылдагы мамлекеттик комиссиянын укуктук маселелер боюнча жумушчу тобун жетектеген Алмамбет Шыкмаматов иштерди андан ары жылдыруу тиешелүү органдардын милдети болгонун айтууда.

“Биз комиссиянын жалпы жыйынтыгын гана чыгарып бергенбиз. Парламентте мына ошол доо арыздардын бардыгын келтирип бердик. Анын негизинде Жогорку Кеңеш токтом чыгарган. Парламент кабыл алып, бекиткенден кийин комиссиянын иши мына ошол жерден токтойт. Анын аткарылышы же аткарылбашы тиешелүү мамлекеттик жана мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдардын түздөн түз милдети. Жыйынтыктаганда ар бир жумушчу топ өзүнүн жумушуна жооп берет. Биз мисалы укуктук маселелер боюнча жооп бердик. Экологиялык маселелерге мына ошол тармак боюнча жумушчу топ жооп бериши кажет. Буга байланыштуу кылмыш ишин козгоо же токтотуу мына ошол кездеги башкы прокурордун ыйгарым укугундагы маселе болчу. Ким ошол кезде башкы прокурор болсо, ошондон сураш керек”.

Бул кылмыш ишинин алкагында жоопко тартылчу кызмат адамдары кезинде “Кумтөр алтын” долбоорунда жана КОК компаниясында жооптуу жетекчилик кызматтарды ээлеп тургандар жана алардын иш-аракеттерин мыйзамдаштырып, акт жазып берген тиешелүү мамлекеттик текшерүү органдарынын башчылары болгон.

Бул кылмыш иши 1999-жылдан 2010-жылга чейинки экологиялык эрежелерди көзөмөлдөө мөөнөтүн ичине камтыйт. Бирок туура жети айдан соң, тагыраагы 2014-жылы 31-мартта “айыпталуучу катары кылмыш жообуна тартыла турган адамдардын аныкталбаганы” үчүн деген негиздеме менен кылмыш ишин тергөө токтотулган. 2018-жылы 19-апрелде аталган кылмыш иши кайра жанданып, бирок ошол эле күнү андан аркы кылмыш жообуна тартууну жокко чыгарган сот чечиминин күчүнө кириши менен кыскартылган.

Кайрадан жанданган кылмыш иши

УКМК жакында “Кумтөргө” байланыштуу төрт кылмыш ишин козгоду. Алардын бири мындан жети жыл мурун ачылып, кайра токтотулган экологияга зыян келтирүүгө байланыштуу кылмыш иши.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев 17-майда парламентте бул иштин маани-маңызын кыскача баяндады.

“Бул мыйзам бузуулар кендеги бошогон топурак калдыктарын мөңгүлөрдүн үстүнө төгүп, көп жылдык муздарды талкалап, технологиялык жок кылуу аракеттеринен көрүндү. Нарын дарыясынын башатындагы суу көп жылдан бери туруктуу түрдө булганып, зыяндуу заттарды айлана-чөйрөгө таштап, аларды бөлүп, коопсуз жайларга жайгаштыруу иши жүргүзүлбөгөнү аныкталган. Жер кыртышы бузулуп, андагы өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнө зыян келтирилген. Экологиялык оор кылмыштын белгилерин иликтеп, тергөө жана тиешелүү кызмат адамдарын жоопко тартуу аракеттери кайрадан башталды”.

2017-жылы 11-сентябрда Сапар Исаков жетектеген өкмөт менен “Центерра Голд” айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү тууралуу стратегиялык макулдашууга кол коюшкан. Ага ылайык, кыргыз тарап мурдагы экологиялык доолордон баш тартып, териштирүүлөрдү токтотуп, өз ара талаштарды тынчтык жолу менен жөнгө салууга макул болгон.

Кумтөрдө 1996-жылдан берки кен казуунун кесепетинен айлана-чөйрөнүн булганганы жана өндүрүш калдыктарынын ташталганы үчүн сотко жарандык тартипте эки доо арыз берилген.

Экотехинспекция мамлекеттик комиссиянын корутундусундагы тапшырманы аткарып, “Кумтөр Голд” компаниясына экологияга келтирген зыян үчүн 6 млрд. сомдон ашуун доо койгон.

Жоопкерчиликтен кутулуу учуру

Бирок стратегиялык макулдашуунун алдында Суу кодексине өзгөртүү киргизилип, Кумтөрдөгү Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн бузганын мыйзамдаштырган ченемдер бекитилген.

Ошентип “Кумтөр Голд Компани” жоопкерчиликтен кутулуп, ага каршы козголгон кылмыш иштери тергөөдөн кыскартылып, сот иштери токтотулган. Ага чейин күчүнө кирген сот чечимдерин кыргыз өкмөтү артка чакыртып алып, 15,5 млрд. сомдон ашуун соттук доолордон баш тарткан.

Ошол кезде Жогорку Кеңештин депутаты болгон Алмамбет Шыкмаматов бул жагдай тууралуу мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго суроо берген.

"Кумтөрдөн” 6 млрд. сом өндүрүү боюнча сот чечимин аткаруу керек болчу. Бирок сиз башкарган өкмөт аталган доолордун баарынан баш тартты. Бул деген мамлекетке жасалган кыянатчылык. Силер азыр ар кандай шылтоолорду айтып жатасыңар. Бирок бир эле нерсени айтсак, мисалы, “Центеррадагы” Кыргызстандын үлүшү 32,6% болсо, азыр 26% түшүп, алты пайыз акция каякка жоголгону белгисиз. Бул компаниянын директорлор кеңешиндеги биздин Кыргызстандын өкүлдөрү мына ошого добуш берип салган. Аларга биздин өкмөт тарабынан чара көрүлгөн эмес. Демек, бул чечим силер менен макулдашылган дегенге негиз бар. Ал эми 6 млрд. сомдук экологиялык доодон парламент менен макулдашпай туруп эле чечим кабыл алып салдыңар. Мына ушунун өзүндө эле мандем жатпайбы. Бир нерсе десе эле эле "өндүрүш токтоп калат, салыктан кол жууйбуз, алар бизди эл аралык арбитражга берет, анан биз утулуп калабыз” деп алдын ала кол көтөрүп, жеңилип берип жатабыз. Монголдор эркин көргөзүп, улуттук кызыкчылыгын коргоп, “Центерраны” эсептешкенге мажбурлады. Жок дегенде ошолордун таржыйбасын албайсыңарбы?”.

Ошол кездеги өкмөт башчысы Сапар Исаков 2009-жылдагы макулдашуунун шарттарын жүйө келтирип, Кыргызстан экологиялык доолордон жөн эле баш тартпаганын айтып, “Центерра” жылдык экологиялык төлөмдөрдү көтөрүп, тиешелүү фонддорго акча которо турганын мисал келтирген.

“Бүгүнкү биздин алар менен болгон мамиле 2009-жылдагы макулдашуунун шарттарынын негизинде. Андан “Центерра” эч качан баш тартпайт. Аталган макулдашуу боюнча биз аларды сотко бере албайбыз. Биздин укугубуз жок экен. Ошого карабастан биз бардык күч-аракетибизди жумшап, экологиялык көйгөйлөрдү чечүү үчүн аларды ынандырдык. Экологиялык төлөмдөрдү 310 миң доллардан 3 млн. долларга көтөрдүк. 50 млн. долларды бир жолу Жаратылышты коргоо фондуна которо турган болушту. 10 млн. доллар онкология фондуна берилди. Рекультивациялык фондду Лондондон Кыргызстанга алып келгени жатабыз. Мына ушунун бардыгына жетишкенибиз жаманбы?".

Кийин бийликке келген Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтү сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында төлөмдөрдүн өлчөмүн 150 млн. долларга көбөйткөн.

Бирок ал 2019-жылы кол коюп, күчүнө кирген 2017-жылдагы стратегиялык келишимде “Центерра” тиешелүү төлөмдөрдү жүргүзгөнү менен экологиялык доолорду моюна албай турганы көрсөтүлгөн. Жаратылышты коргоо фондуна жасаган төлөмдөрү анын жеке демилгеси катары көрсөтүлгөн.

Кумтөр: Эл аралык сотко жеткен эрегиш
please wait

No media source currently available

0:00 0:40:03 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG