Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 04:41

Кумтөр-2009: коруктун жери, 33% үлүштүн сыры


Кумтөр алтын кени

Аскар Акаев президент болуп турганда Кыргызстандын “Кумтөрдөгү” үлүшү азайып, башкарууну колдон чыгарса, Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда 2009-жылдагы келишиминде Эл аралык арбитражда карала турган шарттар мыйзам менен бекиген.

Канадалык "Centerra Group" компаниясы ошол макулдашуудагы шарттарга ылайык Эл аралык арбитражга кайрылганын жарыялады.

2009-жылдагы келишим менен кыргыз өкмөтү буга чейинки "Камекого", "Кумтөр Оперейтинг Компаниге", "Кумтөр Голд Компаниге" жана "Центерра Голдго" коюлган талаптарынан баш тартканы мамлекеттик комиссиянын иликтөөсүндө так көрсөтүлгөн.

Кыргыз тараптын үлүшү дагы кошумча жер аянттарын берүү эсебинен көбөйө турганы да ушул келишимде белгиленгени иликтөө комиссияларынын тыянагында жазылган.

Кумтөр алтын кенин иштеткен “Центерра Голд” компаниясы кыргыз бийлигинин соңку аракеттерин 2009-жылдагы инвестициялык келишимди бузуу деп эсептейт.

Буга байланыштуу кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражга арыз бергенин жарыялады. 16-майдагы билдирүүсүндө компания кыргыз тарап кепке келбесе, "Кумтөр Голд Компани" тарткан бардык чыгым үчүн арбитраждык сотто анын жоопкерчилигин кароо маселеси көтөрүлөрү көрсөтүлгөн.

Эл аралык сотко сүйрөгөн шарттар

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев 2009-жылы кабыл алынган шарттар азыр “Центерра Голддун” колундагы "негизги көзүр" экенин белгиледи.

“Бул жерде бардыгы келип эле 2009-жылдагы келишимге такалат. Ал парламент аркылуу бектилип, анысы аз келгенсип, Конституциялык соттон “бул келишим туура, бардык кызыкчылыктар корголгон” деген корутунду чыгартып алышкан. Ошондуктан “Центерра Голд” дайыма "бул келишимди бузсаңар, эл аралык арбитражга барабыз, Кыргызстандын сотун тааныбайбыз” деп өктөм сүйлөп келди. Анткени келишимдин шарттарында ошентип жазылып калган. Азыр Акылбек Жапаров келишим кыянатчылык менен кабыл алынып калганын айтууда. Бирок ошол жылы өкмөттүн мүчөсү, биринчи вице-премьер-министр кызматында турган. Келишим өкмөттүн чечими менен кабыл алынган. Аны парламентке киргизип, күчкө салып эле бекиттирип коюшкан”.

“Центерра Голд” Кумтөрдү сырттан башкарууга жол ачкан мыйзамдын кабыл алынышын, соттун төрт миллиард доллардан ашуун экологиялык жана салыктык доону канааттандырганын, компаниянын менежерлеринин үйүнө чейин барып кызматкерлерин коркутуп, кеңседе тинтүү жүргөнүн "келишимди бузган мыйзамсыз аракеттер деп белгилеген.

Талдоочулар белгилегендей, канада тарап 2009-жылдагы макулдашуунун шарттарына таянат, Эл аралык арбитражга берген доосунун негизги өзөгү ошол кинелердин айланасында болушу мүмкүн.

Инвестордун кызыкчылыгы

“Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасынын директорлор кеңешинин ошондогу төрагасы Алексей Елисеев “Камеко” менен “Центеррадагы” Кыргызстандын үлүшү тууралуу 2008-2009-жылдардагы сүйлөшүүлөргө катышкан. Ал келишимдеги талаштарды Эл аралык арбитражда гана чечүү талабы инвестордун кызыкчылыгын бекемдөө үчүн киргизилгенин белгиледи.

"Мен талаштын баары адилеттүү чечим кабыл ала турган сотто чечилишин каалайм. Мен Кыргызстанда ушул сыяктуу долбоорлордун көбүрөөк болушун каалап, инвестицияларды коррупцияга баткан уулуу мыйзамдардан жана алардын колдонулушунан алыстатып, аларды цивилдүү эл аралык арбитраждар менен жөнгө салууну каалагам. Себеби эч бир инвестор коррупцияга баткан ушундай сот системасы бар жапайы өлкөгө келгиси келбейт".

2009-жылкы келишим: 33% үлүштүн сыры

Елисеев 2009-жылкы башкы келишимде кыргыз тараптын шарттары бир топ жакшыртылып, 2003-жылы 15% түшүп калган Кыргызстандын “Центерра Голддогу” үлүшү 33% көбөйүп, бул үчүн “Камеко” 25 миңден ашуун акциясын берсе, “Центерра” 18 миңден ашуун казыналык акция чыгарганын мисал келтирди.

Анын айтымында, 2008-2009-жылдардагы кыргыз өкмөтү менен “Камеконун” сүйлөшүүсүндө “Центерра Голд” компаниясы тарап эмес, андагы үлүштү калыбына келтирүү боюнча талаштын предмети болгон.

Елисеев “Кумтөр” алтын кен долбоорун “Центерра Голдго” кошуу тууралуу 2004-жылкы макулдашууну кайрадан кароодо жетишилген шарттарды тизмектеди:

“Алгачкы манипуляция Кумтөрдү реструктуризация кылганда орун алган. Анда Кумтөр “Центерра Голддун” негизги кирешелүү кени болгондугуна карабастан, Кыргызстандын үлүшү 16% түшүп кеткен. Манипуляция запастар, активдер жана акча жүгүртүүлөрдө орун алган. Сүйлөшүүлөр "Камеко" менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда жүргөн. Анда "Центерра Голд" "Камеконун" башкаруусунан чыгып, толугу менен Кыргызстандын башкаруусуна өтүшү талкууланган. Биз ага жетишкенбиз, бирок мамлекеттик төңкөрүштүн жана биз жетишкен жыйынтыкты алып кетүүнү каалабагандардын натыйжасында ал ишке ашпай калган. 2003-жылкы келишимге ылайык Кыргызстан "Центерранын" жана аны башкарып аткан "Камеконун" макулдугу жок өзүнө таандык 16% үлүшүнө да толук кожоюндук кыла албай калган, акционердик укугун ишке ашыра алчу эмес. Биз дал ошол шарттарды өзгөрткөнбүз”.

Буга чейин 2012-2013-жылдагы “Кумтөрдүн” ишмердигин иликтеген мамлекеттик жана депутаттык комиссиялардын иликтөөлөрүнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, 2009-жылдагы макулдашууда кен казуу аянтын 16 миң 330 гектарга кеңейтүүнүн эсебинен Кыргызстандын үлүшү көбөйгөнү аныкталган.

Үлүштү кайра бөлүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн Елисеев “Кумтөргө” кошумча жер аянтын берүү эсебинен кыргыз тараптын үлүшү көбөйтүлгөн деген маалыматты четке какты.

“Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасынын директорлор кеңешинин ошол кездеги төрагасы Елисеев 2009-жылы 6-июнда бекитилген концессиялык макулдашууда жер аянттарынын "укуктук макамы гана өзгөртүлгөнүн" айтты:

“Лицензиялык аянттын гана укуктук макамы концессиялык болуп өзгөртүлгөн. Ошол эле учурда ал концессиялык аянт эч бир коруктун аянтын камтыган эмес, ошондуктан корукту өткөрүп берүү тууралуу сөз болгон эмес. Кумтөрдө Үсөнов кол коюп берген эле лицензиялык аянт бар болчу. 16 миң гектар жер Кумтөргө 1992-жылдан бери эле таандык болгон. Бул жаңы гектарлар эмес. Демек кендин аянты кеңейтилген эмес. Аларда бүт аянтка болгон чексиз лицензия гана бар эле. Анын жарымы лицензиялык, жарымы концессиялык болгон. Биз болгону кендин жалпы аянтына концессиялык режимди киргизгенбиз. Бул эки тарапка тең ыңгайлуу болчу”.

"Кумтөргө" коруктун жери кантип кеткен?

Бирок буга чейинки мамлекеттик жана депутаттык комиссиялар иликтеп, таап чыккан материалдарга ылайык, 2009-жылы 6-июнда “Центерра Голд” менен концессиялык макулдашууну бекитүүгө бир күн калганда ошол кездеги премьер-министр Игорь Чудиновдун Кумтөргө жакын жайгашкан “Сары-Чат-Ээр-Таш” мамлекеттик коругунун түштүк-батыш чек арасын өзгөртүү жөнүндөгү өкмөттүн №365 токтому чыккан. Анда "мамлекеттик коруктун чек арасын өзгөртүү геологиялык чалгындоо жана кен казуу иштерин андан ары өнүктүрүү максатында” деп ачык эле эле көрсөтүлгөн.

2012-жылы “Кумтөр” келишимин иликтеген депутаттык комиссиянын жумушчу тобунда иштеген эксперт-эколог, азыр Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин жетекчиси Динара Кутманова коруктун аймагынан 4380 гектар жер бөлүнгөнү боюнча талашсыз далилдер бар экенин айткан.

Динара Кутманова.
Динара Кутманова.

"Ошол концессиялык макулдашууда эмне деп жазылган? Концессиялык аянты 10 070 гектар болсо аны дагы 16 миң гектарга көбөйтүү жагы макулдашылган. 24-апрелде келишим ратификациядан өтсө, аны ишке ашыруу үчүн концессиялык макулдашуу түзүлгөн. Анда бериле турган жер аянтынын 4380 гектары "Сары-Чат - Ээр-Таш" мамлекеттик коругундагы аймакка кирет деген негизде ызы-чуу чыккан. Бул боюнча Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин ошол кездеги жетекчиси Абдымитал Чынгожоевдин өкмөткө жазган каты менде сакталып турат. Анда ал келишим “Өзгөчө корголуучу аймактар” жөнүндө мыйзамга каршы келерин эскерткен. Бирок коруктун чек арасын өзгөртүү боюнча тапшырма берилген. Анын натыйжасында ошол кездеги өкмөт мурдагы токтомун жокко чыгарган. Анан жерди артка кайтарган токтом кайра жокко чыгарылып, жер аянты кайра берилип жатат. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча агенттик бул мамлекеттик коруктун чек арасын өзгөртүп, Кумтөргө жакын жер тилкелери коруктун аймагына кирбей тургандай кылып, коруктун аянтын кичирейтип, карта чийген. Бул жерде "Кумтөрдү" мыйзамга ылайык иштетпей эле, мыйзамды "Кумтөрдүн" ыңгайына жараша тууралаган болуп жатпайбызбы?”.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин ошол кездеги башчысы Чынгожоевдин өкмөттүн №356 токтомун аткаруу максатында Сары-Чат-Ээр-таш мамлекеттик коругунун түштүк чек арасына өзгөртүүлөр киргизилип, анын аймагынан 4380 гектар жер аянты “Кумтөр Оперейтинг Компани” ишканасына жер байлыктарын иштетүү үчүн өткөрүлүп берилгени көрсөтүлгөн. Чынгожоевдин бул экинчи каты өкмөттүн 2009-жылдын 9-сентябрындагы буюртмасына жооп катары жиберилип, өкмөттүн аппаратына маалымат иретинде берилген.

Данияр Үсөновдун токтому

Мындан сырткары “Кумтөр” алтын кен долбоору үчүн кошумча жер аянттарын бөлүп берүүнүн дагы бир далили - 2010-жылы 25-мартта премьер-министр Данияр Үсөнов кол койгон өкмөттүн №168-токтому. Анда 2009-жылдын 6-июнундагы “Центерра Голд” менен түзүлгөн концессиялык макулдашууга ылайык, “Кумтөргө” 1994-жылы берилген 10 070 гектар жерге жаңы 16 330 гектар жер аянты кошуп берилгени көрсөтүлгөн. Ошентип, “Кумтөрдүн” жалпы концессиялык жер аянты жалпысынан 26 миң гектарды түзөрү белгиленген.

Жер аянттарын берүүдөгү мыйзам бузууларды таап чыккан депутаттык комиссиянын 2012-жылдагы тыянагынын негизинде Жогорку Кеңеш Чудинов менен Үсөновдун жогоруда айтылган токтомдорун жокко чыгаруу талабы менен өкмөткө сунуштама киргизген.

Ошол кездеги премьер-министр Өмүрбек Бабанов 2010-жылы Үсөнов кол койгон токтомду жокко чыгарып, бирок Чудиновдун токтомун калтырып койгон.

“Центерра Голд” компаниясында кыргыз тараптан көрсөтүлгөн директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасынын орун басары Карыбек Ибраев иштин чоо-жайын мындайча чечмеледи:

“2009-жылы Жогорку Кеңеш бекиткен макулдашууда ошол жер аянттары берилсин деп турат. Ошонун негизинде кошумча жер аянттары берилген. Бирок 2010-жылы өкмөт мына ошол жерди берүү тууралуу токтом чыгарган. 2012-жылы кайра аны кайтарып алуу боюнча маселе көтөрүлгөнү менен аталган токтом жокко чыккан эмес. Бирок Жер кодексинин негизинде мына ошол жер аянттары берилди”.

Ал эми мурдагы президент Аскар Акаев жакында эле “Азатыкка” курган маегинде эң келишкис кемчиликтер 2009-жылдагы келишимде кеткенин, бирок ага Акылбек Жапаров жетектеген мамлекеттик комиссия маани бербей жатканын сындаган.

"Чырга жол ачкан шарттар"

Мындан сырткары 2009-жылдагы макулдашууга ылайык, кыргыз өкмөтү канадалык компанияга коюлган талаптардан баш тартууга макул болгону мамлекеттик комиссиянын иликтөөсүндө аныкталган.

Алардын бири катары ошол кездеги макулдашуу бекитилгенден кийин премьер-министр Үсөнов "Кумтөр Голд" компаниясынын 700 миллион сомдон ашуун салык карызын жоюуга буйрук чыгарганы көрсөтүлгөн.

Аскар Акаев 2003-жылдагы келишим чарбалык макулдашуу катары түзүлсө, 2009-жылы анын шарттары катаалдашып, макулдашууга өзгөчө макам берилип калганын мисал келтирди.

“Акылбек Жапаров эмнеге басымды 2003-жылга жасап жатат? Ал эми 2009-жылдагы макулдашуу жөнүндө бир сөз жок. Бакиевдер тууралуу бир ооз сөз жок. Кетирилген кемчиликтердин бардыгы мына ошол 2009-жылдагы макулдашууда болгон. Акылбек Жапаров Бакиевдин буйругу менен ошол келишимдин долбоорун даярдаган адистердин бири. 2003-жылдагы келишим чарбалык гана келишим болгон. Аны кийин алтындын баасы өсүп кетсе, кайрадан карап чыгып, башка келишим түзүүгө мүмкүн эле. Бирок 2009-жылдагы келишимди мыйзам менен кабыл алып, анын макамын бекитип, андагы шарттарды артка кайтаргыс кылып берген мына ошол учурдагы өкмөт болчу да. Анан чыр-чатакка алып келген экологиялык кризиске дагы мына ошол 2009-жылдагы макулдашууда жол ачылып калган”.

Ал эми мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров “Центерра Голд” менен 2009-жылдагы сүйлөшүүлөрдү экинчи президенттин уулу, ЦАРИИнин жетекчиси Максим Бакиев менен анын юристи Алексей Елисеев жүргүзгөнүн белгилеп, ошол кездеги өкмөт андагы Кыргызстандын шарттарын жакшыртуу аракеттери боюнча пландарды ишке ашырууга үлгүрбөй калганын кошумчалады.

Жапаров 2009-жылкы келишимде дагы жеке кызыкчылыктар үстөмдүк кылганы иликтөөдө аныкталганын айтты:

“Эки жылдай Максим Бакиев, Алексей Елисеев мына ошол сүйлөшүүлөрдүн үстүндө болушкан. Президент ага “чекит коём” деп жүрүп, андай кыла албады. Анан бардыгы эле президентке келип такалат. Биздин комиссия дагы “2009-жылдагы келишимде Кыргызстандын кызыкчылыгы корголгон эмес” деген бүтүмгө келди. Мени ошол кезде “Центерра Голд” менен сүйлөшүүлөргө жакындатпай коюшкан. Вице-премьер-министр катары сатылган алтындан 14% салыктын үстүнө дагы 4% кошкула деп көшөрүп отуруп, салыктын өлчөмүн 18% көтөртүп, шарттарды бир топ жакшыртканга аракет кылганбыз. Мына ошол кезде эле бардыгын бүтүрүп койсок болмок. Себеби, атайын пландар бар эле. Макулдашуу бекитилгенден кийин “Центеррадагы” башка акционерлер менен келишип алып, менежментти алмаштырып, Кыргызстандын үлүшүн кайрадан карайбыз деп жатканда, 2010-жылы ыңкылап болуп кетти”, - деп чечмеледи Жапаров.

2009-жылкы келишим мыйзам менен бекитилип, Конституциялык соттун чечими менен бекемделген. Буга чейинки иликтөө комиссияларынын тыянагында ал атайын жасалган, амалдуу кадам катары мүнөздөлгөн.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мария Исанова Конституциялык сотко жөнөтүлгөн сунуштамага билбей кол коюп алганын "Азаттыкка" берген комментарийинде айтты:

“Сунуштамага кол коюп берүүнү менден төрага суранган. Ошондой болуп калды. Биздин юристтер мына ошондо туура болот деп айтышкан. Бирок кийин деле мына ошол юристтер “ал учурда ошондой туура болгон, ошол мезгилге жараша” деп айтышкан. Биз ойлонбой эле кол коюп берип салыптырбыз. Мен бир жакта жүргөн элем, чалып, "келип, колдоп бериңиз" деп суранышкан”.

Канадалык компания менен 2009-жылы 24-апрелде жаңы шарттарды камтыган башкы келишим түзүлүп, 6-июнда концессиялык макулдашуу бекитилген. Ал эми аны парламенттен мыйзам катары алып өтүп, аны бышыктоо “Центерра Голддун” кызыкчылыгында болгону жана ошондогу өлкө жетекчилиги аны аткарганы мамлекеттик комиссиянын корутундусунда көрсөтүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG