Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:06

"Кумтөрдүн" алтынын Улуттук банк алат


Кумтөр кени.
Кумтөр кени.

“Кумтөр Голдго” Кыргызстан тышкы башкаруу киргизгенден кийин Кумтөр кенинде иш кандай жүрүп жатат?

Алтын каякка сатылат?

Улуттук банк 29 млн. долларга “Кумтөрдөн” алтын сатып алды. Бул тууралуу 20-майда "Кумтөр Голд Компаниге" тыштан башкаруучу болуп дайындалган Тенгиз Бөлтүрүк Жогорку Кеңеште өтүп жаткан маалымат жыйынында билдирди.

Бөлтүрүктүн айтуусунда, Кумтөр алтын кенин иштетип кетүү үчүн ай сайын 20 млн. доллар сатып алууларга, 4 млн. доллар кызматкерлердин айлык акысына, 11 млн. доллар салык төлөө үчүн керектелет. Учурда Кумтөр алтын кенин иштетип кетүү үчүн каражат бар.

“Кыргызалтында” мурдатан топтолгон 20 млн. доллар дивиденд бар. Бул акча биздин эсепке которулат. Өндүрүлгөн алтын Улуттук банкка сатылат. Улуттук банкта сатып алганга каражат бар. Биз кечээ 29 млн. долларга биринчи алтынды саттык. Мындан тышкары Каржы министрлиги менен 25 млн. доллар кредит алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. Бул акча алгачкы эки ай кризистик мезгилден өткөнгө жетиш керек. Андан ары бир айда 50 млн. доллардан ашык акчага алтын өндүрөбүз”.

Тенгиз Бөлтүрүктүн айтуусунда Кумтөр алтын кенин иштетүү үчүн кампадагы каражаттар 2-3 айга жетиши мүмкүн.

“Kумтөр Голд” 2021-жылга карата 14,62 же 15,86 тонна алтын өндүрүүнү пландаган. Кыргызстан компаниядагы өндүрүштү колуна алып убактылуу башкара баштагандан тартып өндүрүлгөн алтынды Улуттук банкка сатууну көздөп жатканы маалым болгон.

“Алтынды сатып алууга Улуттук банк даяр жана биз андан башка да банктарды караштырып атабыз. Андын тышкары өкмөттүн да акчасы бар. Ошондой эле пенсиялык фондго акчасын сом менен кармап отура бербей алтын сатып алууга мүмкүнчүлүк берген мыйзам долбоорун сунуштап жатабыз. Пенсиялык фонддун каражатты топтоо бөлүгүндө 27 миллиард сом акча бар. Ошол каражатка алтын сатып алууга жол ачкан долбоор даяр, жакында ал документти Жогорку Кеңеште кабыл алабыз. Биз алтынды Кыргызстанда сатабыз жана мүмкүнчүлүк болсо сыртка чыгарбайбыз”, - деген Акылбек Жапаров.

“Кумтөр Голд” ишканасынан Доре уютмасы өндүрүлөт. Анын курамында 70% жогору алтын, 10дон 29% чейин күмүш, 10% темир, цинк, жез, никель жана башка элементтер бар. Алтын “Кыргызалтын” ишканасынын Кара-Балта шаарындагы заводунда аффинаждалат. Буга чейин Улуттук банк “Кумтөрдөн” өндүрүлгөн алтынды сатып ала алган эмес.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 19-майда парламенттин жыйынында банк “Кумтөрдүн” алтынын сатып алууга даяр экенин айтты.

Толкунбек Абдыгулов.
Толкунбек Абдыгулов.

“Мыйзам боюнча Улуттук банк Кыргызстандын ичинде өндүрүлгөн алтындын баарын сатып алабыз. Акыркы беш жыл ичинде Кумтөрдүн гана алтынын сатып алган жокпуз, калган Кыргызстанда өндүрүлгөн алтындын баарын Улуттук банк сатып алган. Эрежеси жөнөкөй эле, мыйзам боюнча эч кимден доллар менен алтын сатып албайбыз. Улуттук валюта менен ким стандартка туура келген алтын сунуш берсе сатып алганга укугубуз бар”.

Акылбек Жапаров канадалык “Центерра Голд” ишканасы Кумтөрдөн 11 миллиард 400 миллион долларга бааланган баш-аягы 410 тонна алтын чыгарып кеткенин, кенде дагы 400 тоннадай алтын бар экенин билдирди. Андан тышкары калдык сактоочу жайда да 106 тонна алтын бар.

Кендин айланасындагы соңку кырдаал

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 18-майда “Кумтөр Голд” ишканасынын эмгек жамаатына компаниянын убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктү тааныштырды. Кенге “Кумтөр Голддун” ишмердигин иликтеп жаткан мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары да барды.

Учурда “Кумтөр Голд” ишканасында өндүрүш бир жумадан бери колго башкарылып жатканы маалым болду. Себеби, өткөн аптанын аягында компаниядагы баардык коопсуздук, мониторинг жана эксплуатациялык тутумдар өчүрүлгөн.

Кыргыз тарап автоматтык система жакынкы күндөрү калыбына келтирилерин, ага чейин өндүрүш бир да мүнөт токтобой турганын билдирүүдө.

Комиссиянын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров кендеги соңку кырдаал тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

“Датчиктерден Интернет аркылуу сигнал берилип маалыматтын баары компьютерден чыгып турчу. Азыр эми ал датчиктерге бирден кызматкерди коюп иштетип жатышыптыр. Алар мөңгүлөр тууралуу маалыматты кендеги инженерлерге айтып, абалды көзөмөлдөп жатышат. Адам баласына коркунуч келтире турчу жерлер бир да секунда, бир да мүнөт каралбай калган жок. Айла алтоо болсо, акыл жетөө да. Бирок мунун баары кол менен жасалууда. Ушундай жол менен иштей берсе болот. Азыр укук коргоо органдары, биздин адистер чет элдик адистер менен сүйлөшүп жатат. Эми 10-20 күндүн ичинде мунун баарын калыбына келтиребиз”.

Акылбек Жапаров Кумтөр кениндеги мөңгүлөрдүн коопсуздугун жана алардын жылып туруу абалын көзөмөлдөөчү “Кумтөр Голд” ишканасындагы системаны кенди иштеткен “Центерра Голд” компаниясы өчүргөнүн айтты. Ошондой эле бул ошол аймакта иштеген адамдардын өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч келтирерин эскертти.

“Центерра Голд” бул маалыматты четке кагып, кыргыз өкмөтү кенди өз көзөмөлүнө алгыча андагы бардык коопсуздук, мониторинг жана эксплуатациялык тутумдар кадимки режимде иштеп турганын билдирди.

“Кыргыз өкмөтүнүн болуп көрбөгөндөй иш-аракеттеринен улам “Центерра Голд” компаниясы “Кумтөр Голддун” Кыргызстандагы бардык жергиликтүү кызматкерлеринин “Центерранын” глобалдык IT тутумдарына кирүүсүнө чектөө коюп, ошол тутумдарга уруксатсыз кийлигишүүсүн алдын алды. Кендин коопсуз иштеши үчүн бул тутумдардын эч бири талап кылынбайт”, - деп айтылат маалыматта.

Деңиз деңгээлинен 4 миң метр бийиктикте жайгашкан Кумтөр кениндеги коопсуздук маселеси “Кумтөр Голд” компаниясындагы соңку окуялардан кийин күн тартибине чыкты. Жалпы жонунан 4 миңден ашык адам иштеген ишканадагы кырдаал адам өмүрү, экологияга тиешелүү маселелерге коомчулуктун тынчсыздануусун жаратты.

Тоо кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы Орозбек Дүйшеев мындай деди.

“Кумтөр бийик тоодо жайгашкан, алтын казуу татаал кен болуп эсептелет. Анын үстүнө буга чейин алтын жеңил алынчу жерлердин баары казылып, иштетилип кеткен. Азыр болсо жаңы жерлерди өздөштүрүш керек. Бирок ал бир аз оор. Эгерде адискөй жетекчи болсо иштетсе болот”.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын жамаатына убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктү тааныштырып жатат. 2021-жыл, 17-май.
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын жамаатына убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктү тааныштырып жатат. 2021-жыл, 17-май.

Жумушчулардын тагдыры

“Kумтөр Голд” азык-түлүктөн баштап күйүүчү май, “Caterpillar” оор техниканын тетиктери, аммиактык селитра, жардыруучу заттар болуп отуруп күнүмдүк керектелүүчү 11 миң аталыштагы ар кандай товарларды сатып алып турат. Алардын ичинен Кыргызстан ишкананы азык-түлүк менен гана 100% камсыздабаса, көбү чет жактан сатылып келет.

Компания 30% Европа өлкөлөрүнөн, 25% Кыргызстандан, 21% Казакстандан, 11% Орусиядан, Кытай, Канада, АКШ сыяктуу дүйнөнүн 35 мамлекетинен товар алат.

“Kумтөр Голддун” ишин иликтеген мамлекеттик комиссиянын маалыматына ылайык, ушул тапта компанияны иштетүү үчүн үч айга чейин жете тургандай сырье бар. Азыр керектелүүчү товарларды ташып келүү боюнча ишканалар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Адистер кендин ишин жүргүзүп, коопсуздукту көзөмөлдөгөн системанын өчүрүлүшү жана сырье алып келинбей калуу тобокелдиги сыяктуу маселелер “Kумтөр Голддун” ишине тоскоолдук кылышы мүмкүн деп кооптонууда.

“Kумтөр Голд” ишканасынын кесиптик бирлик уюмунун жетекчиси Калысбек Рыспаев да 18-майда компанияга барып кызматкерлер менен жолугушуп келди.

“Kумтөр Голд” ишканасында иштеген кызматкерлердин банктан алган насыяларынын суммасы 8 миллион доллардан ашат экен. Эгерде иш токтоп же кызматкерлерди кыскартуу болсо ушунун баарын эске алыш керек. Себеби, адамдар мүлкүнөн ажырайт. Жумушсуз калса мигранттардын санын көбөйтөбү?”.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов “Кумтөр Голд” ишканасынын эмгек жамааты менен жолукканда “кен ишин токтотпойт. Кызматкерлер тийиштүү төлөмүн алышат, эч кандай кыскартуулар болбойт” деп убада берди.

“Кумтөр Голддун” ишмердигин иликтеп жаткан мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, депутат Абдыбек Дүйшалиев Кыргызстан кенди иштетип кетерине ишенет.

Абдыбек Дүйшалиев.
Абдыбек Дүйшалиев.

“Компанияда иштеп жаткан кызматкерлердин 100% тең эле кыргыз балдар экен. Алар 30 жылдан бери жакшы тажрыйба топтошуптур. Болгону өкмөт заводдун иши токтоп калбаш үчүн күйүүчү май, реагенттер жана башка керектелүүчү нерселерди жеткирип бергенге милдеттенме алыш керек. Кызматкерлер компанияны иштеткенге үч айга жете тургандай чийки заты бар экенин айтышты”.

Кумтөр чыры кантип ырбады?

“Акционердик коомдор жөнүндө” мыйзамга жана Жазык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" деп аталган мыйзам парламентте быйыл 6-майда кабыл алынып, 14-майда күчүнө кирген.

Мыйзамда жер казынасын коргоо, экологиялык жана өнөр жай коопсуздугу боюнча талаптарды бузган, адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирген ишканаларга тышкы башкаруу киргизүүнүн негиздери менен тартибин жөнгө салуучу ченемдер камтылган. Жазык кодекси убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда акционердик коомдун башкаруу органдарына коюлган чектөөлөрдү бузгандыгы үчүн жоопкерчилик каралган берене менен толукталган.

Ушул мыйзамдын негизинде “Кумтөр Голдго” убактылуу тышкы башкаруу үч айлык мөөнөткө киргизилди, эгер зарыл болсо дагы үч айга узартылары айтылды.

7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд” Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд. 719 млн. 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

8-майда “Центерра Голд” билдирүү таратып, ишканага коюлган доолор “таптакыр негизсиз” экенин, ал эми парламентте кабыл убактылуу тышкы башкаруу киргизүү жөнүндө мыйзам 2009-жылдагы макулдашууга карама-каршы келерин, “Кумтөр Голд” мыйзамдарды эч убакта бузбаганын кабарлаган.

12-майда Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров “Кумтөр Голд” ишканасы Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4,2 миллиард доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан.

16-майда кенди иштеткен канадалык компания “Центерра Голд” кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG