Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 23:40

Кумтөрдүн чуусу, "Центерранын" эскертүүсү


Кумтөр алтын кени.

Кумтөр алтын кениндеги ишмердүүлүктү иликтеген мамлекеттик комиссия “Кумтөр Голд Компаниге” 4,2 миллиард доллар доо коюп жатканы белгилүү болду. Кенди иштеткен канадалык “Центерра Голд” компаниясы Кыргызстандагы соңку чечимдерге байланыштуу эл аралык сотко кайрылышы мүмкүндүгүн эскертти.

Миллиарддык доо

Кыргызстандагы эң ири алтын кенине байланыштуу түзүлгөн мамлекеттик комиссия 12-майдагы жыйынында «Кумтөр Голд Компани» Кыргызстанга төлөп бериши зарыл деген төлөмдөрдүн жалпы суммасын жарыялады.

12-майда комиссиянын отурумунда анын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров «Кумтөр Голд» жалпысынан 4 миллиард 252 миллион доллар (459 миллиард 558 миллион сом) төлөөгө милдеттүү экенин айтты.

Жапаров мунун 3 миллиард 86 миллион доллары келтирилген экологиялык зыян үчүн айыппул, 1 миллиард 166 миллион доллары төлөнбөй калган салык экенин айтты.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров.
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров.

«Жалпысынан бул сумманы далилдесе болот деп эсептейбиз. Кыргызстандын мыйзамдары боюнча бул акча милдеттүү түрдө төлөнүшү керек болчу. Салык төлөмдөрүн, айыппулдарды ар кандай түшүнүксүз фонддорго айырбаштоо тажрыйбасы токтотулушу керек деп эсептейбиз. Мындан аны «Кумтөр Голд» биздин салык мыйзамдарыбыз менен иштөөсү, биздин биринчи кезекте экология жана адамдардын коопсуздугу боюнча мыйзамдарыбызды бузбоосу зарыл», - деди Жапаров

Депутат билдиргендей, бул эсептөөлөрдү каржылык-экономикалык топ жүргүзүп, мамлекеттик комиссияга бекитүүгө сунуш кылууда. Ошондой эле комиссия “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу башкаруу киргизип, май айынан тартып алтынды Кыргызстанда калтыруу демилгесин көтөрүп жатат.

Акылбек Жапаров Кумтөр маселесинде мурдагы президенттер менен өкмөт башчылардын жоопкерчилиги бар экенин айтты жана комиссия “Центерра” компаниясынын 2011-жылы Кыргызстанга бөлгөн 10 миллион доллардык демөөрчүлүк акчасын президенттик шайлоого пайдалануу ыктымалдыгын изилдеп жатканын да кошумчалады.

Садыр Жапаров президенттик кызматка киришкенден көп өтпөй 17-февралда депутаттык комиссия катары түзүлүп, кийин мамлекеттик деген макамды алган бул комиссия акыркы тыянагын жакынкы күндөрдө жарыялаганы турат.

Соңку бир жумада Кыргызстанда “Кумтөр Голд Компаниге” байланыштуу бир нече олуттуу чечимдер кабыл алынып жатат. 6-майда Жогорку Кеңеш бул ишканага сырттан башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун дароо үч окууда жактырган.

Аны улай 7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту ишкананын Кумтөр кенин иштетүүдө Давыдов, Лысый мөңгүлөрүнө калдыктарды топтогонун мыйзамсыз деп тааныган жана “Кумтөр Голд Компанини” 3,1 миллиард долларга (261 млрд. 719 млн. сом) доого жыккан.

11-майда Кумтөр кениндеги 2019-2021-жылдардагы адам өлүмү менен коштолгон кырсыктарга байланыштуу ишкананын жетекчилерин суракка чакырылган.

"Центерранын" жообу

Мамлекеттик комиссиянын алдын ала тыянактарына жана талаптарына “Кумтөр Голд Компаниге” ээлик кылган "Центерра Голд" компаниясы комментарий бере элек. Бирок 11-майда канадалык компания 2021-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгын чыгарган онлайн конференциясында Кыргызстандагы соңку өнүгүүлөргө жооп кайтарган.

Компаниянын билдирүүсүндө Кыргызстанда көтөрүлүп жаткан соңку демилгелер жана кабыл алынган чечимдер “Центерраны” “кенге ээлик кылуудан баш тарттыруу же улутташтырууну актоо аракети” катары мүнөздөлгөн. “Центерранын” директору Скотт Перри компания эл аралык сотко кайрылышы мүмкүндүгүн эскерткен.

"Центерранын" директору Скотт Перри.
"Центерранын" директору Скотт Перри.

“Сырткы башкарууну киргизүү жөнүндө мыйзам кабыл алынып жаткан учурда Кыргызстандын сотунда 3 миллиард доллардык экологиялык доонун коюлушу дал келүүчүлүк эмес. Бул мыйзам эгер адам өмүрүнө же айлана-чөйрөгө зыян келе турган болсо компанияга сырткы башкаруу киргизүүгө мүмкүнчүлүк берүү максатында иштелип чыккан. Албетте, мен белгилеп койгум келет. Биз экологияга байланыштуу дооматтар негизсиз деп эсептейбиз. Бул доо 2017-жылкы стратегиялык келишим менен жөнгө салынган. Экинчиден, бул доо бир нече жыл мурда эле токтогон иш-аракетке байланыштуу. Учурда айлана-чөйрөгө чукул бир коркунуч жок. Кумтөрдүн айлана-чөйрөгө байланыштуу көрсөткүчтөрү абдан мыкты", - деди Скотт Перри.

Ал: “Адатта “Центерра” бардык талаш-тартыш же түшүнбөстүктөр боюнча кыргыз өкмөтү менен байланыш түзүп келет. Биз бул аракетти уланта беребиз. Бирок биз компаниянын жана анын акционерлеринин укуктары менен кызыкчыларын коргоо үчүн биздин колубуздагы бардык каражаттарды, анын ичинде эл аралык арбитражды колдонуудан кайра тартпайбыз”, - деп кошумчалаган.

“Центерра” өз билдирүүлөрүндө 2009-жылы кыргыз өкмөтү менен коюлган концессиялык келишимди аткарып жатканын, андан кийин 2017-жылы Сапар Исаков премьер-министр кезде кол коюлуп, 2019-жылы Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттү башкарып турган учурда ишке кирген Стратегиялык келишим менен доолор токтогонун баса белгилеп жатат.

Бул стратегиялык келишимге ылайык, “Центерра” кыргыз өкмөтүнө 150 миллион доллар берүүнү жана бир катар фонддорго кошумча акча бөлүүгө макул болгон. Макулдашууда эки тарап тең соттук териштирүүлөрдү токтотуп, кыргыз өкмөтү экологиялык доодон баш тартаары жазылган.

Келишим ишке киргенден кийин же 2019-жылдын август айында "Центерра" компаниясы Кыргызстандагы Кумтөргө байланыштуу соттук териштирүүлөр, кыргыз өкмөтүнө каршы Гааганын арбитраждык сотундагы процесс токтотулганын жарыялаган.

Кендин келечеги кандай болот?

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Кумтөр боюнча мурдагы парламенттик комиссиянын курамына кирген Эркингүл Иманкожоева бул стратегиялык келишимде кыргыз тараптын кызыкчылыктары, экологиялык маселелер эске алынбай калганын айтып, “Центеррага” коюлуп жаткан соңку дооматтар негиздүү деп эсептейт.

Эркингүл Иманкожоева.
Эркингүл Иманкожоева.

“Өлкө экологиялык зыянга учурап жатат. Экологиялык чыгымдарды төлөшү зарыл. Алар 2009-жылкы, 2017-жылкы келишимдерди айтып жатышпайбы. Ошол келишимдерди мурдагы президенттерибиз, мурунку өкмөт башчылары кабыл алып берип коюшкан. 2017-жылы Сапар Исаковдун өкмөтү Суу кодексине өзгөртүү киргизип, ушул эле алтынчы чакырылыштын депутаттары кабыл алып беришкен. Мен ошол учурда эле туура эмес деп айткам”, - деди Иманкожоева.

Буга чейин Бизнес-омбудсмен институту Кумтөргө сырттан башкаруу киргизүүнү караган мыйзам долбоорунун кабыл алынышы өлкөгө инвестиция тартууну төмөндөтөөрүн билдирген. Эл аралык ишкерлер кеңеши да Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзам долбооруна тынчсызданган билдирүү тараткан.

Тоо-металлургчулар профсоюзунун төрагасы Элдар Тажибаев «Азаттыкка» айткандай, Кумтөр кенинде учурда иш кадимкидей эле уланып жатат. Бирок “Кумтөр Голд Компанинин” чет өлкөлүк жетекчилери, ортоңку звенодогу менеджерлердин көбү жана чет элдик жумушчулары Кыргызстанда жок экени, алардын айрымдары өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болду.

Кумтөрдүн айланасындагы соңку жагдайлар адистердин чөйрөсүндө жана медиа айдыңында кендин тагдыры тууралуу түрдүү жоромолдорго жол ачып койду. Азырынча кыргыз бийлигинин талаптарын “Центерра” аткараары, аткарбай койсо окуялар кандай өнүгөөрү белгисиз.

Бир күн мурда “Центерранын” директору кыргыз тарап менен “маңыздуу байланыштар” боло электигин айткан. Мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, "Центерра" кыргыз өкмөтүнө кайрылып, эгер алдыңкы 45 күндүн ичинде сүйлөшүүлөр жүрбөсө, компания эл аралык сотко кайрыла турганын эскерткен.

Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров Кумтөр кенинин айланасында баштан бери эле чоң күмөндүү жагдайлар бар экенин, бирок соттошуу маселесине кесипкөй адистер тартылышы зарылдыгын айтты.

Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров.
Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров.

“Кыргызстандын үлүшү 67ден 27% кантип түшүп калганын эч ким деле түшүнбөй калды. Башында Кыргызстандын Кумтөрдөгү үлүшү 67% эле. Ошондо 2-3 миллиард доллары дивиденд катары түшүшү керек эле. Булар ар кандай махинациялар менен азайтып отуруп, 150-200 миллион долларга жетпеген эле дивиденд алдык окшойт. Бир жагынан сот болсо жакшы болот деп ойлойм. Көптөгөн деталдар, көптөгөн маалымат чыгат. Болгону биз тараптан кесипкөй адвокаттар, аналитиктер иштесе жакшы болмок. Эгер чындыгында ниет ушундай болсо, анда жакшы. Болбосо, анда бул кайра эле аларды коркутуп, үркүтүп, алардан акча сууруп алып, өз чөнтөгүнө салуу аракети болсо, анда жаман”, - деди Абакиров.

Кумтөр алтынан кени Кыргызстандын ички дүң өңүмүнүн 10% ашыгын камсыз кылат. 1997-жылдан бери бул кенде 400 тоннанын тегерегинде алтын өндүрүлгөн.

Адеп “Кумтөр” алтын кен долбоорунун 67% Кыргызстанга, 33% канадалык “Камекого” караган. 2003-2004-жылдары бул долбоор “Центерранын” курамына бириктирилип, Кыргызстандын андагы үлүшү 33% түшкөн. Аны улай мурдагы президент Аскар Акаевдин тушундагы өкмөт 17% акциясын да сатып жибергени, Кыргызстандын “Центеррада” 15% үлүшү калганы белгилүү болгон.

2009-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин өкмөтү “Центерра” менен концессиялык келишимге кол коюп, анда “Центеррадагы” кыргыз өкмөтүнүн үлүшү 33% түзгөн.

2016-жылы кыргыз өкмөтү менен орток пикир табылбай жаткан маалда, “Центерра” компаниясы Түндүк Америкадагы жаңы кенди сатып алуу үчүн кошумча эмиссияларды чыгарган. Бул кыргыз тараптын үлүшүнүн 26,5% түшүп кетишине жол ачкан.

Соңку бир апта ичиндеги Кумтөрдүн айланасындагы окуялардан улам “Центерранын” Торонто биржасындагы акциялары дээрлик 30% арзандап кетти.

Бир нече жыл мурда Кумтөрдөгү алтын 2026-жылга барып түгөнөөрү кабарланган. Бирок “Центерра Голддун” жетекчилиги жаңы чалгындоо аянттарынын эсебинен кендин өмүрү дээрлик 2031-жылга чейин узарып жатканын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG