Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2021 жума, Бишкек убактысы 17:48

"Кумтөр" доого жыгылды, акция арзандады


Кумтөр.

Жогорку Кеңеш Кумтөр алтын кенине Министрлер кабинети сырттан башкаруу киргизе ала турган мыйзам долбоорун кабыл алды. Мыйзам кабыл алынгандын эртеси Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр голд” компаниясын 261 млрд. 719 млн. 674 миң сомду мамлекетке төлөп берүүгө милдеттендирди.

Келерки аптада үч айдан бери Кумтөр алтын кенин текшерип жаткан мамлекеттик комиссия корутундусун Жогорку Кеңешке алып чыгары белгилүү болду.

Кумтөрдүн айланасындагы окуялар өнүккөндөн бери Кумтөр алтын кенин иштеткен "Centerra Gold Inc." компаниясынын Торонто биржасындагы акциялары 7-майга карата 31 пайызга түшүп кетти. Компаниядагы Кыргызстандын азыркы үлүшү 26 пайызды түзөт.

Сырттан башкаруунун жол-жобосу

Парламент "Корпоративдик башкаруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына ("Акционердик коомдор жөнүндө" мыйзамга, Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун дароо үч окууда колдоду.

Документ президенттин кол коюусуна жөнөтүлдү. Бул мыйзамга ылайык концессиялык келишим менен иштеген ишканада экологиялык мыйзам бузуулар аныкталса, адамга же анын ден соолугуна, өмүрүнө коркунуч туудурган, абдан чоң зыян алып келе турган абал болсо, убактылуу үч айга сырттан башкаруу киргизүү мүмкүнчүлүгү каралган.

Авторлордун бири, депутат Акылбек Жапаров мыйзам кен тармагында концессиялык келишим менен иштеген компанияларга гана тиешелүү экенин, Кыргызстанда мындай бир гана компания бар экенин билдирди.

"Концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндөгү мыйзамга ылайык, компания өзүнүн иштөө убактысында адамга же анын ден соолугуна, өмүрүнө коркунуч туудуруп, абдан чоң зыян алып келе турган болсо, убактылуу үч айга сырттан башкаруу киргизүүгө мүмкүнчүлүк бар экен. Бирок кантип, ким киргизе турганы жазылбай калган. Акционердик коомдор тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сиздерге сунуштап жатабыз. Эгер компания тышкы башкарууга каршы чыга турган болсо, 5-7 жылга чейин катуу жаза көргөнгө мүмкүнчүлүк берип жатабыз. Тышкы башкаруучуну Министрлер кабинети тандайт жана тандоо жол-жобосун бекитет".

Концессиялык келишим – мамлекет менен жеке тараптын, чет элдик компаниянын өндүрүш ишканасын, кен жана башка байлыктарды иштетүү үчүн түзүлгөн.

Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев үч окууда кабыл алынган мыйзам "Кумтөргө" багытталганын айтты.

“Бул мыйзамдын максаты – Кумтөр. Мыйзамдын автору Акылбек Жапаров мамлекеттин үлүшү бар башка кен казган акционердик коомдорго тиешеси жок деди. Эгерде экологиялык бузууларга жол берилип, туура эмес иштер болуп жатса тышкы башкаруу киргизгенге болот деген мыйзам өттү. Азырынча радикалдуу кадамдарга бара турганы белгисиз. Түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгы чыга элек. Алар эмнени таап чыкканын биле элекпиз. Азырынча шашылбай туралы”.

Мыйзамга ылайык, Кумтөр алтын кенине тышкы башкаруу киргизүүнү Министрлер кабинетинин төрагасы кабыл алат. Тышкы башкаруу үч айга киргизилет.

Мыйзамдын автору, депутат Акылбек Жапаров тышкы башкаруу киргизүүгө каршы болгондорго беш жылдан жети жарым жылга чейин жаза Жазык кодексинде каралганын билдирди.

"Кумтөр" ишканасына коюлган доолор

Ушул жылдын 17-февралында Кумтөр алтын кени боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, анын төрагасы болуп депутат Акылбек Жапаров шайланган. Кийин депутаттык комиссиянын макамы мамлекеттик деп өзгөртүлгөн. Үч айдан бери иштеп жаткан мамлекеттик комиссия кийинки жумада жыйынтыгын Жогорку Кеңешке алып чыгары айтылууда.

Мыйзам долбоорун кароо учурунда депутат Акылбек Жапаров "Кумтөрдүн" атын атабастан ушул учурда сотто 3,2 миллиард долларлык экологиялык доо-арыз каралып жатканын билдирген.

“Бүгүн сотто каралып жатат. Бул компания 3,2 млрд. доллар зыян келтирди деп сотко берилген. Мындан тышкары 19 адам каза болгон, бардык учурда акча берип жаап келген. Бир топ кылмыш иштери кайра жанданды”.

Айткандай эле 7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту Кумтөр алтын кениндеги Давыдов, Лысый мөңгүлөрүндөгү калдык топтоочу жайды мыйзамсыз деп таап, “Кумтөр голд” компаниясына 261 миллиард 719 миллион 674 миң сомду мамлекетке төлөп берүүнү милдеттендиргени белгилүү болду.

Сот иши Айбек Сарыбаев, Нарис Калчаев, Аблас Жээнбеков жана Кемелбек Кутмановдун “Кумтөр голд компани” ишканасынын үстүнөн жазган арызынын негизинде башталган. Активисттер ишкананын Кумтөр кенин иштетүүдө Давыдов, Лысый мөңгүлөрүнө калдыктарды топтогонун мыйзамсыз деп таанып, мамлекеттин пайдасына кенемте өндүрүп берүүнү суранышкан.

Ишти караган судья Альбина Жээнбекова активисттердин арызын канааттандырып, “Кумтөр голдду” 261 миллиард 719 миллион 674 миң сомду мамлекеттин пайдасына төлөөгө милдеттендирген. Мындан сырткары канадалык компания 1 млрд. 300 млн. сом алым (пошлина) төлөп бериши керек.

"Кумтөр" ишканасын Мамлекеттик салык кызматы дагы 170 миллиондон ашык доллар салык жана социалдык төлөмдөрдү төккөн эмес деп сотко берген.

3,2 млрд. доллар доонун эсеби

“Кумтөр голд компани” ишканасына доо койгон активисттердин бири Нарис Калчаев экологияга келтирген зыян жана анын суммасы 2013-жылы Кумтөр алтын кенин иликтеген депутаттык комиссиянын учурунда, комиссия мүчөсү, эколог Динара Кутманова тарабынан аныкталганын билдирди.

“Бул соттун чечими 2013-жылдан бери келе жаткан процесстин жыйынтыгы. Камалып да чыкканбыз эсиңиздерде болсо керек. Ошол убактагы бийлик көз карандысыз эксперт деп Динара Кутманованы жалдаган. Кутманова чыгарып берген эсепти колдонбой, комиссия дагы, өкмөт дагы Экотехинспекциянын эсебин киргизишкен. Кутманова чыгарган эсепти колдонгула деп Сарууда митингдер болгон. Жети-Өгүз райондук сотуна бир канча жолу кайрылганбыз. Бирок кандайдыр бир себептер менен кабыл албай койгон. Андан кийин камалып кеттик”.

Нарис Калчаев айткан эколог Динара Кутманова учурда жаңы түзүлгөн Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетти жетектейт. Ал октябрь окуяларынан кийин Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору болуп дайындалган. Кутманова 2012-жылы Садыр Жапаров жетектеген Кумтөр боюнча депутаттык комиссиянын экологу болгон.

Динара Кутманова “Кумтөр голд компаниге” коюлган 261 млрд. 719 млн. 674 миң сом каяктан чыкканын түшүндүрүп берди.

Динара Кутманова.
Динара Кутманова.

“Кумтөрдө мөңгүлөрдүн үстүнө таштандыларды, топуракты жайгаштырган. Таштандыны 6-10 километр ылдый жакка ташып жеткирүү керек болчу. Компания транспорттук чыгымды кыскартабыз деп мөңгүнүн үстүнө төккөн. 1995-жылдан 2012-жылга чейин төгүлгөн. Кыргызстанда Суу жөнүндө мыйзам бар. Ал мыйзамда "мөңгүлөрдүн үстүнө эч нерсе төгүлбөш керек" деп так жазылган. Ошол мыйзамды бузушкан. Мөңгүлөр жарылып, астынан эрип, жыла баштаган. Жылып отуруп 2013-жылы лагерди талкалап кеткен. 2019-жылы дагы жылып эки кызматкерди басып калган. Сөөгү топурактын астында калды, табылган жок. Мыйзам бузулганда санкция колдонулуп, жоопкерчиликке тартылып, төлөтүш керек. Айып пулду эсептеп чыгуунун өзүнүн методикасы, коэффициенти бар. Ошону эсептегенде 261 млрд. сом болот. Долларга айлантканда 3 миллиардан ашык доллар”.

Мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев болсо Кумтөр алтын кенинин айланасындагы акыркы окуялар түшүнүксүз болуп жатканын айтты. Ал кыргыз бийлиги Кумтөрдүн акцияларын арзандатып, биржада ойноону чечсе, ал оюнчу ким болушу мүмкүн деген суроо тууларын да белгиледи.

“Кечээ дароо Кумтөрдүн акциясы 30 пайызга арзандады деген кабар чыкты. Кыргызстан бул ишкананын акционери болчу да. Демек, биздин акциялар 30 пайызга арзандай түштү. Мунун аркасында кандай пландар болушу мүмкүн? Бул ката чечимби же саясий чечим кабыл алгандардын арасында акция менен ойногондор барбы?".

Мунун алдында “Кумтөр голд компани” ишканасы билдирүү таратып, кенге байланыштуу соңку иш-аракеттерге тынсызданып жатканын белгилеген. Анда компания сотко арыз жазгандардын бири Кемелбек Кутманов Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманованын уулу экенин кошумчалаган.

Ошондой эле Жогорку Кеңеш Кумтөргө сырттан башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун кабыл алганына тынчсызданган. Канадалык компания соттун чечими 2019-жылкы кыргыз өкмөтү менен "Центерра Голд" түзгөн келишимдин шарттарын буза турганын ишара кылып, Торонто ал документти кынтыксыз аткарып келатканын билдирди.

Садыр Жапаров жана Кумтөр

Президент Садыр Жапаров саясий капиталын Кумтөр алтын кенин улутташтыруу урааны менен топтогону айтылып келет. Ал 2012-жылы Кумтөр боюнча түзүлгөн депутаттык комиссияны жетектеген. Бирок ал бийликке келгенден кийин Кумтөрдө алтын дээрлик түгөнүп калганын билдирип, аны мамлекетке кайтарып алуунун зарылдыгы жок экенин айткан.

Анткен менен Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссия президенттик шайлоодон кийин түзүлүп, алтын кенин текшере баштады. Президент комиссиянын ишинен четте эмес экенин Акылбек Жапаровдин дарегине айтылган сындарга жооп берип жатып билдирген.

“Кумтөрдү Акылбек Жапаров текшерет экен. “Карышкырга кой кайтартыпсыңар” деп сындаган билдирүүлөр көп келе баштады. Урматтуу кыргызстандыктар, кытай реформатору Дэн Сяопин “кара мышыкпы, ак мышыкпы, чычкан алса болду”, - деп айткан. Анын сыңарындай, ким текшерсе да айырмасы жок. Кыргызстанга пайдалуу жыйынтык менен келсе болду. Көзөмөл күчтүү болот”, - деген президент Садыр Жапаров.

Кумтөр алтын кенин иштеткен канадалык "Centerra Gold Inc." компаниясынын директорлор кеңешиндеги Кыргызстандын мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк Кумтөргө сырттан башкаруу киргизүү каралган мыйзам долбоорун колдойт.

“Мамлекеттик комиссия буга чейин эскертүү берилген 2013-жылдардагы экологиялык бузуулар кайталанып жатканын таап чыкты. Биз буга чейин кечирип келгенбиз, бирок ага карабасан дагы деле улантып жатышат. Мөңгүнүн жылышы боюнча иликтөө жүргүзүшкөн эмес, кесепеттерин жойгон эмес. Мөңгү жылып келатат. Өз милдеттерине профессионалдык жактан шалаакылык кылышкан. Тышкы башкаруу киргизилгени абдан туура. Канаданын, АКШнын юристтери баары концессия мыйзамы боюнча мыйзам бузулганын тастыктап берди. 2013-жылдан бери жети жыл өттү. 2017-жылы дагы мөңгү жылган жаңы учур катталган. Аны да кечиргенбиз. Эки жылдан бери кооптуу абалда иш улантылып жатат. Ал жактагы иштеген кызматкерлердин баарынын өмүрүнө коркунуч бар. Тышкы башкаруу киргизүү боюнча план бар. Аны качан, кандай процедура менен киргизет, өкмөт чечет. Концессия боюнча мыйзамды 2009-жылдагы, 2017-жылдагы келишим да жокко чыгарбайт. Алар мыйзамды бузду. Биз мыйзамга ылайык кылып жатабыз. Мыйзамда үч айга тышкы башкаруу киргизүү жазылды. Ошол үч айда чечим кабыл алынат. “Centerra” үч айда сунуш менен келиш керек. Ошондо сүйлөшөбүз”.

Тенгиз Бөлтүрүк "Centerra Gold Inc." компаниясынын директорлор кеңешине Кыргызстандын атынан мүчө болуп октябрь окуяларынан кийин дайындалган. Ошол окуялардан кийин кийин бийликке келген Садыр Жапаров аны иш билги адис катары сыпаттаган.

Анткен менен Кумтөр алтын кенине сырттан башкаруу киргизүү каралган мыйзам "Кыргызстандын инвестициялык климатына кандай таасир этет" деп суроо салгандар болууда.

Игорь Шестаков
Игорь Шестаков

“Юридикалык жактан бул улутташтыруу эмес, бирок иш жүзүндө мамлекет башкарууну колго алат. Мен мыйзам долбоорунун авторлору эмнени көздөгөнүн айта албайм. Азыр инвестициялык абалыбыз мышык ыйлай турган абалда. Өткөн жылдын аягында Кыргызстандан ири капитал чыгып кеткени тууралуу статистикалык маалыматтар чыкты. Бул абалда ири инвесторлорду күтүп кереги жок. Бул мыйзам тоо-кен өндүрүшүнө инвестиция салам деп жаткан инвесторлорго белги болуп калат. Мыйзам авторлорунун логикасын анализдөө кыйын болууда. Саясий упай топтоо аракети катары да караса болот. “Centerra” эл аралык сотко берип, бардык иштер Кыргызстанда эмес, чет жакта эл аралык юрисдикция менен чечилип калышы да мүмкүн. Ал эми Кыргызстандын эл аралык соттордо мактана алчу жеңиштери жок”, - деди серепчи Игорь Шестаков.

Ал эми Саясий серепчи Айданбек Акматов Кумтөр алтын кени башынан эле Кыргызстандын пайдасына иштетилбей келгенин айтат.

“Биринчиден, Кумтөр уурдалып-тонолуп кеткен. Булар миллиард долларга чейин алтын казышат, бюджетке 80-90 миллион доллар гана төгөт. “Centerra” алтын абдан кымбат мезгилде Кумтөрдөн эебегейсиз пайда көрүп жатат. Кыргыз мамлекети болсо банкротко учурап, кыйын кырдаалда турат. Азыркы кезде депутаттык комиссия кандайдыр бир чараларды көрүп жатат. Түздөн-түз улутташтыруунун кесепети эл аралык арбитраждык сотторго барып, чоң айып пулдарга кириптер болуп калышыбыз мүмкүн деген себепке байланыштуу ушундай айланы таптык деп жарыя кылып, мыйзам катары кабыл алынып жатат. Бирок бул кадам канчалык эсептелди, мунун алды-арты кандай болот? Канадалыктар соодалашууга келеби же келбейби, келбей дасторконун жыйнап кетип калса кандай болот? Ушунун баары эсептелип, кылдат жасалган иш болсо, анда колдоого аларлык. Ормон опуза, соодалашууга баратабыз деген иш болсо, билбейм. Бирок ал дагы натыйжа берип, Кыргызстан үчүн төлөмдөр көбөйсө, ал жагын жакшы деп баалайм. Жок, мурдагыдай жеке адамдардын соодалашуусу болсо анын пайдасы болбойт”.

Ал арада Эл аралык ишкерлер кеңеши Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзам долбооруна тынчсызданган билдирүү таратты.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков мындай деди.

“Биз дагы деле бул мыйзамдын маңызын, максатын түшүнө албай жатабыз. Тыштан башкаруу деген банкрот болгон ишканага колдонулат. Жакшы иштеп жаткан, өкмөт менен келишими болгон ишканага колдонуу таң калуу жаратууда. Улутташтыруу деген сөздөрдөн алыс бололу, үмүт кылалы андай болбойт деп. Эгер улутташтыруу болсо өлкөбүзгө терс таасир этет. Дүйнөдөгү мыйзамдарга дал келген ыкма колдонот деп турабыз. Ошол үчүн кооптонууларбызды ачык билдирдик. Бул мыйзам абдан көп күмөн, суроо жаратат деп айттык. Бизде көп суроо жаралып жатат. Мамлекеттик комиссия өзүнүн корутундусун жарыялаш керек болчу. Кандай мыйзам бузууларды тапты, кандай жыйынтыкка келди, маалымат, корутунду жок. Шашылыш түрдө ушул мыйзамдын кабыл алынышы суроолорду жаратат. Артында ким турат, кандай максатты көздөп жатат?”.

Бизнес-омбудсмен институту болсо Кумтөргө сырттан башкаруу киргизүүнү караган мыйзам долбоорунун кабыл алынышы өлкөгө инвестиция тартууну төмөндөтөт деген пикирде.

“Мыйзамдын кабыл алынышы ыңгайсыздыкты жаратат жана өлкөгө инвестициянын келишин кескин төмөндөтөт. Кыргызстандагы долбоорлорго катышууга даяр инвесторлор сырттан башкарууга байланыштуу тобокелдиктерди эске алууга аргасыз болот”, - деп айтылат институт тараткан билдирүүдө.

Билдирүүдө сырттан башкарууну киргизүү экономика боюнча эл аралык рейтингдерде мамлекеттин имиджине көлөкө түшүрө турганы белгиленип, Кыргызстан инвесторлор менен эл аралык соттордо териштирүүгө кабылышы мүмкүн экенин эскертилген.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кени. Аны канадалык "Центерра Голд" компаниясы иштетет. Компаниядагы Кыргызстандын азыркы үлүшү 26% түзөт. Ал Кыргызстандын ички дүң өңүмүнүн 10% жана өнөр жайынын 20% ашык бөлүгүнө барабар.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG