Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:35

Цианид чуусу: иш Жогорку сотто


Кумтөр алтын кени.
Кумтөр алтын кени.

12-январда Жогорку сотто «Кумтөр» алтын кен компаниясынын цианид чуусуна байланыштуу кассациялык арыз каралып, чечим чыгаруу 19-январга жылдырылды. Буга сот процессине катышып жаткан өкмөттүн өкүлү Данияр Баратовдун толук даяр эместиги себеп болду.

Буга чейин Октябрь райондук соту «Кумтөр» алтын кен компаниясын 17 доогер кишиге 400 миң сомдон кенемте төлөөгө милдеттендирген. Аталган компания сот чечимине каршы Жогорку сотко кайрылган.

«Кумтөр Оперейтинг Компани» жана «Кумтөр Голд» компаниясынын кассациялык арызын Жогорку соттун судьясы Абылай Мухемеджанов карады.

Алгачкы сөз аталган компаниянын кызыкчылыгын коргоп жаткан адвокат Чолпонбек Айтбаевге берилди. Ал доогерлерге кенемтени алтын кен компаниясы эмес, өкмөт төлөп бериши керек деген жүйөнү карманды. Адвокат буга далил катары 1998-жылы аталган компания менен кыргыз өкмөтү түзгөн келишимди көрсөттү. Буга таяп судьядан мурдагы сот чечимдерин жокко чыгарууну өтүндү.

«Кумтөр» компаниясынын цианид чуусуна байланыштуу cот отуруму. 12.01.2021.
«Кумтөр» компаниясынын цианид чуусуна байланыштуу cот отуруму. 12.01.2021.

«Буга кыргыз өкмөтү да жоопкер болгон. Жогорку соттун 2018-жылы 4-июнундагы жана 2019-жылдын 12-декабрындагы токтому бар. Ал жерде так жазылып турат. 1998-жылы «Кумтөр Оперейтинг Компани» менен өкмөттүн келишими болгон. Анда жоопкерчиликти өкмөт өзү алат деп жазылган. Бирок доогерлер аткаруу бийлигине карата арыз жазышкан эмес. Алар өкмөт жоопкерчиликке тартылбайт деп жатышат. Бирок “Кыргызалтын” ишканасы жана “Кумтөр” алтын кен компаниясы менен учурунда комиссия түзүп, кенемтенин суммасын аныктап чыгышкан. Ал сумманы төлөп берген. Бардыгы болуп 91 млн. 279 миң 467 сом моралдык жана материалдык чыгым деп эсептелген. Ошого карабай доогерлер моралдык чыгым деп өзүнчө сурап жатышат. Биз Жогорку соттон жаңы чечим чыгарып берүүсүн өтүнөбүз», - деди адвокат.

Доогерлердин коомдук жактоочусу, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркингүл Иманкожоева Айтбаевдин айткандарына каршы пикирин билдирди. Ал 1998-жылы элге акча төлөнгөн эмес деп эсептейт:

Эркингүл Иманкожоева.
Эркингүл Иманкожоева.

«Эч кандай моралдык чыгым берилген эмес. Компания 700дөй кишиге акча бердик деп жазып алышкан. Азыр ал тизмени көрсөтүп жатышат. Бирок ал жерде бир да барскоондук жок. Кимдерди жазышканы белгисиз. Буга чейинки сот отурумдарында мен компаниялардын өкүлдөрүнө ушул тууралуу суроо бергем. Бирок жооп бере алышпады. Сөз болуп жаткан 91 млн. сомду ким тактап бергени да белгисиз. Мындан тышкары эч ким ооруган эмес деп жатышат. Бизде бардык далил документтер бар. Азыркыга чейин ошол окуянын азабын тартып жүрүшөт».

Иманкожоеванын айтымында, 1998-жылы Барскоон дарыясына төгүлгөн цианидден жабыркагандардын ичинен 29 адам 2005-жылы сотко арыз берген. Ушул күнү 29 адамдын 12си каза болуп калган. Алгач алар ар бир жабырлануучуга 5 млн. сомдон моралдык доо коюшкан.

Андан бери сот улам жылып, өкмөттүн атынан сотко катышкан беш өкүл, «Кумтөрдүн» үч адвокаты алмашкан.

Ал эми 12-январдагы Жогорку сотто каралып жаткан иште өкмөттүн өкүлү катары катышкан Данияр Баратов буларга токтолду.

«Өкмөт 91 млн. сомду ошол кезде жарыяланган өзгөчө абал режимине жумшаган. Ал эми бүгүнкү сотто доогер катары катышып жаткандарга моралдык чыгым төлөнгөн эмес».

Өкмөттүн өкүлү соттон мыйзам чегинде чечим чыгарып берүүсүн өтүндү. Соттук коллегия кеңешүүдөн кийин өкмөттүн өкүлү Данияр Баратовдун толук даяр эместигинен улам отурумду 19-январда улантмай болду.

Бул ишке байланыштуу 2020-жылы 10-августта Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр» алтын кен компаниясын 17 доогер кишиге 400 миң сомдон кенемте төлөөгө милдеттендирген. Бул чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

Доогерлердин айтымында, мурдагы сот өкүмдөрүнүн биринде үч категория менен кенемте төлөө маселеси каралган. Ага ылайык, абалы оорлорго 1 млн. 200 миң сомдон, абалы ортолорго 900 миң сомдон, абалы жеңилирээктерге 600 миң сомдон кенемте төлөнмөк. Бирок күндун төлөмү акыркы отурумдарда таптакыр азайып кетти.

Бул иш төрт ирет Жогорку сотко барып, кайра биринчи инстанцияга кайтарылган.

Даттануучулардын бири Бактыгүл Асылбекова кечеңдеген соттук отурумдарга нааразы болду.

Бактыгүл Асылбекова.
Бактыгүл Асылбекова.

«Канча азап тарттык. Балдарыбызды карап, аларга санааркап жүрүп ден соолугубуздан айрылдык. Анан биз эмнеге өкмөттөн кенемте доолашыбыз керек? Цианидди “Кумтөр” компаниясы төктү да. Арадан убакыт өтсө да залакасы тие берет экен. Ошол кезде сегиз жаштагы уулум учурда 30дан ашты. Ал азыр түшүнүксүз ооруйт. Канча жылдан бери бизди сүйрөп, жоопкерчилик алуудан качып келатышат».

1998-жылы «Кумтөр» компаниясынын машинеси авария болуп, 1740 килограмм цианид Барскоон суусуна төгүлгөн. Доогер тарап компания сууну хлор менен тазалап, чекилик кылганын, эл хлорциан менен ууланганын айтып жүрөт. Алардын маалыматына караганда, компаниянын аракетинин айынан Ысык-Көл облусунда эки миңдей адам ууланып, эки адам каза болгон. 17 миң киши медициналык жардам алган.

XS
SM
MD
LG