Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:05

Кумтөргө сырттан башкаруу киргизүү каралган мыйзам долбоору кабыл алынды


Кумтөр.
Кумтөр.

Жогорку Кеңеште 6-майдагы жыйынында "Корпоративдик башкаруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына ("Акционердик коомдор жөнүндө" мыйзамга, Жазык кодекске) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору дароо үч окууда кабыл алынды. Анын авторлорунун бири, депутат Акылбек Жапаров мыйзам долбоору кен тармагында концессиялык келишим менен иштеген компанияларга гана тиешелүү экенин, Кыргызстанда мындай бир гана компания бар экенин маалымдады.

"Концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндөгү мыйзамга ылайык, эгерде компания өзүнүн иштөө убактысында адамга, же анын ден-соолугуна, өмүрүнө коркунуч туудура турган болсо, абдан чоң зыян алып келе турган болса убактылуу үч айга сырттан башкаруу киргизүү мүмкүнчүлүк бар экен. Бирок кантип, ким киргизе турганы жазылбай калган экен. Акционердик коомдор тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сиздерге сунуштап жатабыз. Эгер компания тышкы башкарууга каршы чыга турган болсо 5-7 жылга чейин катуу жаза көргөнгө мүмкүнчүлүк берип жатабыз. Тышкы башкаруучуну Министрлер кабинети тандайт жана тандоо жол-жобосун бекитет", -деди Жапаров.

Ал депутат Дастан Бекешовдун бул мыйзам долбоор "Кумтөр" компаниясына тиешелүүбү деген суроосуна оң жооп берди, бирок аталган компаниянын атын атайын ачык атабай, жазбай жатышканын белгиледи.

Жапаров Кумтөрдүн атын атабастан ушул учурда сотто 3 миллиард 200 миллион долларлык экологиялык доо арыз каралып жатканын билдирди. Ошондой эле иш учурунда "19 адам мерт болгонун, бул иштер акча берип жаап салынганын, азыр айрым кылмыш иштери кайра жандаганын" маалымдады.

Ушул жылдын февраль айында Жогорку Кеңеште Кумтөр алтын кенинин ишмердигин текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссия корутундусун жакынкы күндөрү парламентке алып чыгары белгилүү болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG