Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 05:27

Жерүй алтын кенине Жапаров менен Путин батасын берди


Жерүй кенин орусиялык «Альянс-Алтын» компаниясы иштетет.

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин 17-мартта Таластагы Жерүй кенинин алтын иштетүүчү комбинатын ачты​.

Иш-чарага «Альянс групптун» президенти Муса Бажаев жана ВТБ банктын төрагасы Андрей Костин катышканы маалымдалды. Орусиянын лидери жана ВТБ банктын башчысы бул иш-чарага телекөпүрө форматында онлайн катышты.

Кыргызстанда көлөмү боюнча Кумтөрдөн кийинки экинчи орунда турган, Акаев менен Бакиевдин учурунда лицензиясы колдон-колго өтүп келген Жерүй кенин иштетүү укугу азыр орусиялык ишкерлердин колундагы «Альянс-Алтын» компаниясында. Бирок, бул кенди иштетүүгө жергиликтүү тургундар каршы чыгып, бир канча жолу нааразылык акциясын өткөргөн. Садыр Жапаровдон кен боюнча суроолоруна жооп алууну көздөгөн жергиликтүү тургундар 17-мартта да президентти күтүп, жол боюна чогулушту.

Жерүй комбинаты ачылды

Садыр Жапаров 17-мартта Жерүй кениндеги алтын иштетүүчү фабриканын ачылышында кендин иши токтобойт деп билдирди.

“Ооба, бул кырдаалга ыраазы (болгондор да - ред), нааразы болгондор да бар. Бирок иш башталып калгандан кийин биз кайра артка тартпайбыз. Андай кылууга азыр мүмкүнчүлүгүбүз жок. Учурда ири инвестициялык долбоор Орусиянын катышуусу менен салтанаттуу түрдө ачылып жатат. Бул долбоор Талас облусунун өнүгүүсүнө жана жалпы Кыргызстанга олуттуу салым кошот. Буга чейин эле бюджетке 1,5 млрд. сом түшкөн. Эми фабриканын ачылышы менен бюджетке түшкөн акча дагы көбөйөт. 1000ден ашык жумушчу орун түзүлөт. Анын 95% Кыргызстандын жарандары”, - деди Жапаров.

Иш-чарага телекөпүрө форматында онлайн катышкан Орусиянын президенти Владимир Путин Жерүй кенинде 90 тонна алтын, 25 тонна күмүштүн запасы бар экенин белгиледи:

“Бул долбоор Орусиянын Кыргызстанга жасаган инвестициясынын рекорддук көрсөткүчү. Анын көлөмү 600 миллион долларды түзөт. Талас облусундагы бул тоо-кен ишканасында эң жакшы техникалар жана шаймандар колдонулат. Экологиялык нормалар сакталат. Мен кыргыз бийлигине жана жеке Садыр Жапаровго жагымдуу инвестициялык климат түзүп жатканына ыраазычылык билдирем. Жаңы ишкана кыргыз бийлигинин колдоосуна ээ болот деп ишенем. Биргеликте ишке ашып жаткан бул долбоор кыргыз-орус алакасынын символу болуп, эки элдин достугун арттырат", -деди Путин.

Жапаровдон жооп алгысы келген тургундар

Президент Садыр Жапаровдун өз оозунан кен боюнча суроолорго жооп алууну көздөгөн Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн жүздөй тургуну 17-мартта аны күтүп турушту, алар менен мамлекет башчысы кенге бараткан учурда жол жээгинде жолугушту.

Жапаров менен жолугуу үчун чогулган эл.
Жапаров менен жолугуу үчун чогулган эл.

Эл президент Садыр Жапаров өтө турган Суусамыр-Талас-Тараз жолунун жээгине, Жерүй кенине кеткен бурулушка чогулган. Мамлекет башчысы жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооп берди. Андан ары алардын арасынан үч адамды Жерүйгө ала кеткени маалым болду.

Жапаров менен жол жээгинде өткөн жолугушууга катышкан активист Серен Шейшенов буларды айтты:

“Чогулгандардын бир бөлүгү Жерүй алтын кени ачылбасын деп келишти. Айрымдары “кен ачылса да Кыргызстандын үлүшү болсун” деген ойдо. Мындан тышкары кен иштетүүдө экологиялык нормалар сакталсын деген талаптар болду. Садыр Жапаров элдин талаптары боюнча тиешелүү тапшырмалар берилерин айтты. Мен калдык сактоочу жайдагы маселени көтөрдүм. Ошондой эле Кыргызстандын үлүшү тууралуу кеп кылдым. Социалдык пакеттерди жана салыкты гана төлөп, элди жайгарган болбойт. Кен элдин кызыкчылыгына иштеши керек. Ансыз кенди иштетүүгө эл макул болбойт. Садыр Жапаров менен сүйлөшүү үчүн убакыт тар болуп калды. Фабриканын ачылышы болот деп бизди кетирип жиберишти”.

Колдон колго өткөн Жерүй
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:46 0:00

Орусиянын президенти Владимир Путин Бишкектеги соңку сапарында да Жерүй тууралуу сөз кылган. Ал буга чейин да бул долбоорго алдыңкы 20 жыл ичинде 600 млн. доллар инвестиция салынарын айткан. Путин Бишкекке 2019-жылы март айында келип кеткен.

Саясат талдоочу Мүсүркул Кабылбеков Жерүйдөгү комбинаттын ачылышына орус президентти катышып жатканын мындайча негиздеди:

“Биринчиден, Жерүй кенин иштетүү укугун алган орусиялык инвестор Кремлге жакын экенин, Орусия бийлигинин колдоосун пайдаланып жатканын көрсөтүүдө. Экинчиден, Орусия Кыргызстанда иш алып барган өзүнүн инвесторлоруна камтама болуп жатканынан кабар берет. Бул олуттуу долбоор экенин эске алып Орусия “Жерүй биздики” деген ойду билдирүүдө. Былтыр октябрь окуяларында Жерүй кениндеги имарат өрттөлүп, шаймандары талкаланып кетсе да инвесторлор качып кеткен жок. Буга байланыштуу дооматтарын деле билдиришпеди. Бул “биз иштегенге даярбыз” деген сөз. Орусия бийлиги Жерүй ири инвестициялык долбоор экенин, алар Кыргызстандагы бизнесин колдоого даярдыгын көрсөттү”.

Өкмөттүн маалыматына ылайык сөз болуп жаткан кен иштетүүчү ишкана учурда жылына 900 миллион сом салык төлөөдө. Комбинат ишке киргизилсе, бюджетке төлөмдөрдүн көлөмү жылына 4 миллиард сомго чейин өсөт. Талас облусун өнүктүрүү фондуна жылына болжол менен 300 миллион сом түшөөрү, 1000 жумушчу орду түзүлөөрү айтылууда расмий маалыматтарда.

Акыркы 20 жылдан бери чыр болуп келе жаткан кендин тагдыры боюнча быйыл да жыл башында Талас облусундагы жергиликтүү тургундардан түзүлгөн элдик комиссия бир нече жолу чогулуп, кендеги экологиялык маселелерге көңүл бурууну өкмөттөн талап кылышкан. Алар кенди иштетүү укугун алган «Альянс-Алтын» ишканасы калдык сактоочу жайды туура эмес куруп жатканын айтышып, ишкана техникалык нормаларды сактабай жатат деген доомат коюшкан.

Бул маселеге байланыштуу өкмөттөн атайын комиссия түзүлүп, айтылган дооматтарды жеринен иликтемей болгон.

Тоо кен тармагы боюнча эксперт Дүйшөнбек Камчыбеков жогоруда айтылган маселелер азыр чечилиши керек деген оюн айтты.

Дүйшөнбек Камчыбеков
Дүйшөнбек Камчыбеков

“Бул долбоордун иштеп жатканы жакшы. Бирок кандай болгон күндө да көйгөйлүү иштер чечилиши керек. Бул кенде мамлекеттин бир пайыз да үлүшү жок. Бирок, бул долбоор экономикага канчалык салым кошот деген сыяктуу маселелерге көңүл буруу абзел. Мындан тышкары ишкананын кен калдыктарын сактоочу жайындагы мүчүлүштүктөр айтылган. Бул маселелерге чекит коюлушу керек. Иш башталганда эле ээрге түз отуруу абзел. Эгер иш башталганда эле туура эмес жумуштар болсо анын аягы көрүнбөйт. Маселен, 1992-жылы башталган Кумтөр кениндеги маселе боюнча 2021-жылы мамлекеттик комиссия түзүлүп жатат. Бул долбоор андай болбошу керек”.

Кенде Кыргызстандын үлүшү болушу керекпи?

Кенди иштетүүгө каршы турумун билдирип жүргөн жарандык активист Айбек Бузурманкулов былтыр октябрь окуяларынан кийин келген жаңы өкмөттүн Таластагы өкүлү болуп дайындалган. Бирок ал быйыл 5-мартта бул кызматтан бошогон.

Буга чейинки жылдары Бузурманкулов жана башка активисттер Жерүй алтын кенин иштетүү маселесин иликтөө боюнча элдик комиссия түзүшкөн. Анын мүчөлөрү кенде мамлекеттин үлүшү болуш керек деген жүйөөнү карманып жүрүшөт. Активисттер буга чейин бир нече жолу жолугуп өкмөткө талаптарын коюп келишкен.

Бузурманкулов 2015-жылы Жерүй кенин иштетүүдө лицензия мыйзам бузуу менен сатылганын айтып жүргөн.

Экономика тармагы боюнча эксперт Базарбай Мамбетов кенде мамлекеттин үлүшү болуш керек деген ойду мындайча түшүндүрдү.

“Мен өкмөткө Жерүй кени иштетүү укугун алган орусиялык олигарх Муса Бажаевди чакырып кайра келишим түзгүлө деп айтып эле келатам. Ошол жерден чыккан алтындын 40% Кыргызстандын үлүшү болуш керек. Бул оюмду президент Садыр Жапаровго да айткам. Бирок, кандай чечилет билбейм. Ал эми Бажаев Жерүйдөгү алтындын бардыгы мага тийиштүү, Кыргызстанга үлүш бербейм, деп жатат”.

2020-жылдын октябрь айындагы башаламандык маалында бул кенге белгисиз адамдар кирип барып, имаратын талкалап, өрттөп кетишкен. Ишкананын жетекчилиги анын кесепетинен кеминде 10-15 миллион доллар зыян тартканын билдирген.


Жерүй кенин иштетүү укугун 2015-жылы орусиялык «Орус платинасы» компаниясына таандык «Восток геолдобыча» ишканасы 20 жылга алган. Кыргыз өкмөтү лицензияны аукциондун негизинде 100 миллион долларга саткан. “Восток геолдобычанын” алдында “Альянс Алтын” ишканасы түзүлгөн.

“Альянс Алтындын” 60% акциясына орусиялык олигарх Муса Бажаев ээлик кылат. Калган 40% Токмок шаарында туулган "Граф" ылакап аты бар, маркум Алижан Ибрагимовго таандык экени айтылып келет.

Жерүйдүн талаштуу таржымалы

Таластагы Жерүй алтын кени 1969-жылы чалгындалган. Анын жыйынтыгы боюнча кенде 100 тоннага чукул алтындын кору бар экени аныкталган. 1992-жылдан бери Жерүйдү иштетүүнү каалаган ондон ашык инвестор алмашкан. Мурдагы президент Акаевдин тушунда бул кенди иштетүү укугу англиялык "Оксус Голд" компаниясына берилсе, андан кийин Бакиевдин бийлигинин тушунда бул алтын кен долбоору "Global Gold" компаниясынын колуна өткөн. 2007-жылы лицензия казакстандык "Визор групп" компаниясына сатылган.

2010-жылдан кийин өкмөт анын лицензиясын жокко чыгарган. Мындан кийин компания кыргыз өкмөтүнө миллиондогон доо коюп, Эл аралык арбитражга кайрылган. 2015-жылы бул алтын кени “Востокгеолдобыча” компаниясына берилип, алардан ала турган 100 млн. доллардан тышкары ага мурдагы инвестордун доосун жөнгө салуу милдети да жүктөлгөн.

Жерүй жана Бакиевдер

Кезинде Таластагы Жерүй алтын кенин иштетүүнү көздөгөн британиялык "Оксус голд" тоо-кен компаниясынын өкүлү Шон Дейлиге 2006-жылдын 7-июлунда таң сүрө Бишкектин четинде кол салуу болгон. Белгисиз адамдар төрт жолу ок атып, алардын бири Дейлинин ички органдарын катуу жаралаган. Оор абалдагы британ ишкери тезинен ооруканага жеткирилип, ага операция жасалган. Бир нече күндөн кийин ал Улуу Британияга жөнөтүлүп, кийин сакайып кеткен.

Шон Дейли ошол учурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев аны өлтүрүүгө "буюртма берген жана кол салууну уюштурган" деген жүйө менен Британиядан баш калка тапкан кенже Бакиевди сотко берип, алган жарааты үчүн компенсация талап кылган.

Лондондун Жогорку Соту бул ишти 2016-жылы караган. Соттук угууда Шон Дейлинин жактоочулары Максим Бакиев "Оксус голддун" өкүлүнүн көзүн тазалоого жанталашып, Жерүй кенин пост-советтик чөлкөмдөн чыккан олигархтар Борис Березовский жана Бадри Патаркацишвили артында турат делген "Глобал голд" компаниясына алып берген деп билдиришкен.

Баш-аягы 12 күбөнүн ичинде Максим Бакиевдин өз оозунан Шон Дейлини өлтүрүү жөнүндө укканын айткан израилдик ишкер Берти Синбети болгон. Бирок Синбети белгисиз себептер менен сотко келбей калган. Лондондогу соттук угууда Максим Бакиев британ жараны Шон Дейли коюп жаткан айыптарды четке кагып, аларды негизсиз деп атаган. Акыры судья жетиштүү далил жок деген жүйө менен Максим Бакиевди актап жиберген.

2014-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту британ бизнесменине кол салуу боюнча экс-президент Курманбек Бакиевди жана анын улуу уулу Марат Бакиевди 20 жылга сыртынан эркинен ажыраткан. Мурдагы президенттин иниси Жаныш жана кичүү уулу Максим Бакиев өмүрүнүн аягына чейин сыртынан абакка кесилген. Ал соттук иштен мурда израилдик ишкер Берти Синбети 2013-жылы июнь-август айларында Кыргызстандын Башкы прокуратурасына көрсөтмө берген.

Лондондогу соттук териштирүүдө анын бул көрсөтмөсү колдонулган.

Максим Бакиев Британияда баш калка тапкандан көп өтпөй Global Witness журналисттик иликтөөлөр борбору ал Лондондун четиндеги Саррей районунда наркы 3,5 млн фунт стерлинг турган үйдө жашап жатканын аныктаган.

2007-жылы 26-майда Алмазбек Атамбаев өкмөт башчы болуп турган кезде Жерүй жана Андаш кендерин ачуу керек деген көз карашта Таласка барганда анын кортежи ташбараңга алынган. Бул окуяга шектүү катары Таластын бир нече тургунуна кылмыш иштери козголуп, алардын айрымдары чет өлкөдөн баш паанек табышкан.

Пикирлерди көрүңүз (23)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG