Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:44

Курманбек Бакиев кол салуу боюнча соттолду


Курманбек Бакиев бийликтен кулагандан кийин. Ош, 15-апрель, 2010-жыл.
Курманбек Бакиев бийликтен кулагандан кийин. Ош, 15-апрель, 2010-жыл.

4-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Курманбек Бакиевди британиялык инвестор Шон Дейлиге кол салуу фактысы боюнча айыптуу деп тапты.

Соттун чечими менен экс-президент Курманбек Бакиев 20 жылга, анын иниси Жаныш жана кичүү уулу Максим Бакиевдин үй-мүлкү мамлекеттин пайдасына чегерилип, өздөрү өмүрүнүн аягына чейин кесилди.

Жогорку Соттун маалыматында, Бакиевдер инвестордун көзүн тазалоо менен Таластагы Жерүй алтын кенин өз пайдасына иштетүүгө далалат кылганы айтылат. Бул боюнча Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева:

- Убагында Максим Бакиев атасы менен келишип, анан Шонго кол салуу болгон. Багы бар экен, Шон кол салуудан өлбөй калган, - деп билдирген эле.

Бакиевдер кол салды деп жаткан Шон Дейли Таластагы Жерүй алтын кенин иштетүүгө лицензия алган “Оксус” компаниясынын өкүлү болгон. Бирок ошол учурдагы президенттин уулу Максим Бакиев аталган кенден өзүнө пайда табууну көздөп, лицензияны башка компанияга алып берүүгө далалат кылган. Бул максатты ишке ашырууга тоскоол болгон Шон Дейлинин көзүн тазалоого буйрук берген. 2006-жылдын 7-июлунда Дейлиге кол салуу болуп, ал оор жараат алган. Муну ишке ашырууга Максим Бакиевге ошол кездеги УКМКда иштеген агалары Жаныш жана Марат Бакиевдер көмөктөшкөн.

Максим Бакиев.
Максим Бакиев.
Ошол кездеги премьер-министр, учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Феликс Кулов бул кол салууга Бакиевдердин канчалык тиешеси бар экенин билбейт. Бирок кен жана “Оксус” компаниясынын айланасындагы талаштардан кабардар болгонун “Азаттыкка” буга чейин айтып берген:

- Ошол кезде мага “аны кайсы себеп менен атканын билбейбиз” деген гана маалымат беришкен. Мен ал “Оксустун” кожоюну болобу? - деп сураганда "жок, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү гана өкүл” деп айтышкан болчу. Мен бул ишти териштиргиле деп айткам. Бирок жыйынтыгы кандай болгону боюнча маалыматым жок.

Феликс Куловдун айтымында, ошол кездеги президент Курманбек Бакиевге маселени чечүүнүн эки жолу сунушталган.

- Эки вариант сунушталган. Биринчиси - Жерүйдү иштетүү үчүн “Оксуска” лицензия берүү, экинчиси - жаңы инвестор табуу. Жаңы инвестор “Оксус” менен болгон бардык соттук териштирүүлөрдү өз мойнуна алат деп табылып, “Оксус” менен кызматташуудан баш тарткан чечим кабыл алынган. Анан биз “Кыргызалтынга” жаңы инвестор издегиле деп, тапшырма бергенбиз. Андан кийин жаңы инвестор келген.

Жерүйдү иштетүүгө каршы акциядан. 22-апрель, 2013-жыл.
Жерүйдү иштетүүгө каршы акциядан. 22-апрель, 2013-жыл.
2006-2007-жылдары жазылган маалыматтарда Максим Бакиев “Оксустан” Жер үйдү иштетүү боюнча лицензияны алып, Борис Березовскийдики делген “Глобал Голд” компаниясына бергени айтылат. Шон Дейлиге кол салуу да Борис Березовский Кыргызстанга жашыруун келип кетиптир деп, 2006-жылы парламентте чоң талкуу жараткан учурга туш келет. Бирок Жерүйдү иштетүү укугун алган «Глобал Голд» көп өтпөй аны казакстандык компанияга 120 млн. долларга саткан. 2010-жылдын апрель окуясынан кийин кыргыз бийлиги Жер үйдү иштетүү лицензиясын өкмөткө кайтарып алган. Ошондон бери жергиликтүү элдин нааразылыгынан улам аны сатыкка коё албай келатат.

Бакиевдерге карата чыккан чечим биринчи эмес. 2009-жылы белгисиз жагдайда каза болгон Президенттик аппараттынын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча Бишкек гарнизонунун Аскер соту Курманбек Бакиевди 24 жылга, ал эми иниси Жаныш Бакиевди өмүрү өткөнчө эркинен ажыраткан. Ошол эле учурда 2010-жылы 7-апрелде тынч жарандарга каршы ок чыгарууга буйрук берген деген күнөө менен мамлекеттик айыптоо Курманбек Бакиев жана Жаныш Бакиевди өмүрүнүн аягына чейин, уулу Марат Бакиевди 10 жылга эркинен ажыратууну сураган болчу. Учурда бул боюнча соттун чечими чыга элек.
Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.
Анткен менен соттордун Бакиевдерге карата чыгарган бир дагы чечими аткарыла элек. Мындан улам кыргыз коомчулугунда Бакиевдерге карата чыгарылган түрдүү чечимдерди "саясий шоу" деп баалагандар арбын. Ал эми Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы биринчи орун басары Марат Иманкулов Бакиевдер боюнча чыгарылган чечимдер эмес, ал чечимдердин аткарылышы маанилүү деген пикирде:

- Эл үчүн Бакиевдерди он жолу соттойбу, бир жолу соттойбу айырмасы жок. Эл бир жолу соттосо да ошонун аягына чыгышын күтүп атат. Кептин баары биздин мамлекеттин бедели жетпей жаткандыгында болуп атабы деп ойлойм. Ал киши соттолгондон кийин материалдарды Белоруска өткөрүп, экс-президентти кайтарып берүүгө ынандырышыбыз керек. Сот чечим чыгаргандан кийин анын аткарылышы камсыздалышы зарыл.

Мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын жакындары 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Курманбек Бакиев Беларустан башпаанек тапкан, улуу Максимдин Лондондо экени белгилүү. Ал эми Жаныш Бакиевдин кайда экени белгисиз.

XS
SM
MD
LG