Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 24-февраль, 2020 Бишкек убактысы 01:53

Жерүйдүн талаштуу үлүшү


Жерүй кениндеги курулуш. (Архивдик сүрөт).

Талас шаарында 5-февралда “Жерүй көйгөйү жана чечүү жолдору” деген аталышта талкуу өттү. Ага өкмөттүн облустагы өкүлү Марат Мураталиев, инвестор компаниянын кызматкерлери, жарандык активисттер жана жергиликтүү тургундар келди.

Жыйындын айрым катышуучулары Жерүй алтын кенинде Кыргызстандын бир тыйындык үлүшү жок экенин сындап, бул тарыхый катаны оңдоо керектигин эске салышты.

Бул талапты койгондордун бири - жарандык активист Айбек Мырза чогулган элге алтын кени тууралуу атайын резолюцияны окуп берди.

Айбек Мырза.
Айбек Мырза.

"Жерүй алтын кенинде мамлекеттин үлүшү милдеттүү түрдө болушун камсыз кылуу керек. Экологиялык жана коопсуздук үчүн каралган фонддогу каражаттарга укуктук көзөмөл болсун. 2015-жылы Жерүй алтын кени боюнча өткөн сынактын мыйзамдуулугун жана адилеттүүлүгүн текшерүү үчүн Жогорку Кеңеш мамлекеттик комиссия түзсүн. Анын курамына атайын адистер, тоо кенчилер, жергиликтүү тургундар кирсин".

Ал эми Талас облусундагы өкмөттүн өкүлү Марат Мураталиев келгендерди сабырдуулукка чакырып, үлүш маселесин кылдаттык менен изилдеп чыгууну сунуштады.

"Ар бир төрт райондон үч кишини дайындайлы. Алар үлүш болобу, экология болобу кылдаттык менен иликтөө жүргүзүп чыксын. Биз азыр турган жерден эле талап коюп жатабыз да".

2010-жылы Жерүйдүн 60 пайыз акциясы казакстандык “Визор групп” компаниясына таандык болгон. Апрель окуясынан кийин келген бийлик "инвестордук милдетти аткарган жок" деген жүйө менен анын лицензиясын жокко чыгарган. Казакстандык компания мындан кийин кыргыз өкмөтүн эл аралык сотко берип, 580 миллион доллар доо койгон.

Учурда Таластагы кенди иштетип жаткан “Альянс Алтын” ЖЧКнын жетекчиси Михаил Шубин Жерүйдө Кыргызстандын "бир пайыз да үлүшү жок" деген дооматка жооп берип жатып, ушул ишти эске салды.

"Биздин компания Талас районунда каттоодон өткөн. Кыргызстандын мыйзамдары менен иштейт, салыкты, социалдык төлөмдөрдү төлөйт. Ооба, биздин акционер Орусия Федерациясындагы абройлуу бизнесмен - Муса Бажаев. Ал былтыр Кыргызстанга Орусиянын президенти Путин келип, Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда эки президенттин алдында бул долбоорду таза иштетүүгө сөз берген. Азыр айрымдар Бажаев "100 млн. доллар берип, 5 млрд. долларды алып кетет" деп жатат. Бул туура эмес. Муса Бажаев убагында Кыргызстандын моюнуна түшкөн 580 млн. доллар карызды төлөөгө жардам берген. Мындай карыз төлөнбөгөн учурда сот мамлекеттин четтеги мүлкүн же элчиликтин имаратын алып койгон учурлар болгон. Эмнегедир бул тууралуу айтылбай келет. Эгер азыркы сындап аткан кээ бир саясатчылар ошол күмөндүү компанияны алып келбегенде, 580 миллион доллар Кыргызстандын бюджетине түшөт эле да".

Михаил Шубин учурда активисттер көтөрүп жаткан Жерүй маселеси бир жыйын менен эмес, мамлекеттик деңгээлде чечилиши керектигине токтолду.

"Биз бул тууралуу албетте Бажаевге айтабыз. Ушундай маселе, талаптар болуп жатат, мамлекет менен сөзсүз макулдашуу керек дейбиз. Сиздер түшүнүп коюңуздар, маселе дароо чечилбейт. Бул дээрлик улутташтыруу болуп жатпайбы. Мындай учурда сүйлөшүү мамлекеттик деңгээлде өтөт. Ушул жерден, бүгүн эле чечүү мүмкүн эмес".

Жерүй кенине 1992-жылдан бери ондон ашык инвестор келип, кыргыз өкмөтү менен түзгөн келишимдери ар кандай себептер менен ишке ашкан эмес.

2015-жылы кыргыз өкмөтү жаңы аукцион жарыялап, анда орусиялык олигарх Муса Бажаевге караштуу “Востокгеолдобыча” компаниясы уткан.

Учурда “Востокгеолдобычанын” алдында түзүлгөн “Альянс Алтын” Жерүйдү иштете баштады.

Баса, “Альянс Алтында” Бажаев жалгыз акционер эмес. Ал алтын кендин 60 пайызына ээлик кылса, калган 40 пайыз “Токмоктук граф” атка конгон казакстандык олигарх Алижан Ибрагимовго таандык. Ошол эле учурда эл ичинде “Альянс Алтында” президенттик шайлоодо ат салышкан мурдагы депутат Өмүрбек Бабановдун 20 пайыз үлүшү бар деген кептер тараган. Бирок Бабанов бул дооматты 2017-жылы төгүндөгөн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (5)

XS
SM
MD
LG