Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 20-февраль, 2020 Бишкек убактысы 05:53

Жерүйдүн күмөн санаткан келишими


Жерүй кени.

Кыргызстандын жарандык активисттери жана коомдук ишмерлер тарабынан Жерүй алтын кенин элге, мамлекетке кайтаруу маселеси көтөрүлүүдө.

Кенди сатууда өлкөнүн кызыкчылыгы эске алынган эмеспи? Бул иште мурдагы мамлекет, өкмөт башчыларынын тиешеси канчалык? Жеке менчик компанияга берилген алтын кенин кайтарып алуунун мыйзамдуу жолу барбы? Ушул ж.б. маселелерди «Арай көз чарай» берүүбүздө талкуулайбыз.

Талкууга Тоо кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасынын орун басары, профессор Дүйшөнбек Камчыбеков жана жарандык активист Айбек Мырза катышты.

«Азаттык»: Айбек мырза, Жерүй алтын кенинин ишине байланышкан маселе эмне үчүн бүгүн көтөрүлүп жатат? Анын тагдыры чечилип жатканда эмне үчүн азыркы активисттер унчуккан эмес?

Айбек Мырза.
Айбек Мырза.

Айбек Мырза: - Биринчиден, 2019-жылы 29-ноябрда Кыргызстандагы улутчул-мекенчил күчтөрдүн курултайында тоо-кен тармагындагы, анын ичинде Жерүй боюнча маселе катуу коюлган.

Чечиле турган маселелер боюнча бийликке кайрылганбыз. Экинчиден, президент Жээнбеков Коопсуздук кеңешинде тоо-кен тармагы боюнча маселе көтөрүп, бул тармак көзөмөлдөн чыгып кеткенин айткан, «андагы коррупциялык көрүнүштөргө күрөш жарыялайм, элди колдоого чакырам» деген. Биз президенттин демилгесин колдоп жатабыз. Үчүнчүдөн, Жерүй боюнча маселелерге бийлик көңүл бурбаганы элди бушайман кылууда.

Дагы бир маселе, 2015-жылы Жерүй боюнча түзүлгөн келишимдин адилеттүүлүгү жана мыйзамдуулугу күмөн санатат. Керек болсо муну «кылымдын аферасы» деп атасак болот. Ага да фактылар бар.

Мисалы, УКМКнын мурдагы жетекчиси Бусурманкул Таабалдиев «президенттин тапшырмасы, Жерүй маселеси менен чалып жатам» деп орусиялык компаниянын жетекчиси менен сүйлөшкөнү Коопсуздук кеңешинде кеп болгон.

Бул ошол учурдагы президенттин (Атамбаевдин) тиешеси бар экенин далилдеген факт. Экинчиден, Бабановдун «Бажаев деген инвесторду Таласка мен алып келдим, ал ток бала» деп айтканы бар. Ушул фактылардын баары күмөндүү ойлорду жаратат. Анан эмне үчүн 5 миллиард долларлык кору (запасы) бар алтын кенинде Кыргызстандын үлүшү жок? «Элге тие турган үлүштү Атамбаев, Бабанов, Бажаев үчөө бөлүшүп алдыбы?» деген да суроо жаралат.

«Азаттык»: Айрым пикирлерде сиздердин аракеттерди «парламенттик шайлоо алдындагы саясий күчтөрдүн шыкагы менен болуп жатат» деп баалагандар бар?

Айбек Мырза: Жерүй маселесин беш жылдан бери эле көтөрүп келатабыз, курултайда да козголгон, шайлоого эч тиешеси жок. Ушул маселени байма-бай көтөрүп жүргөнүм үчүн кылмыш иши козголуп, сегиз жолу суракка чакырылдым. Менин мындай позициям үчүн ар кандай коркутуу, куугунтук болуп жатат. Күч органдарына «менден коркпогула, тескерисинче мени башкалардын коркутуусунан коргогула» деп айтып жатам.

«Азаттык»: Дүйшөн мырза, жарандык коомдун «Жерүй» боюнча коюп жаткан маселелери канчалык жүйөлүү, канчалык негиздүү десек болот?

Дүйшөнбек Камчыбеков.
Дүйшөнбек Камчыбеков.

Дүйшөнбек Камчыбеков: - Геология боюнча адистер мындан беш жыл илгери Жерүй боюнча келишимдер, башка документтер даярдалганда эле каршы чыкканбыз.

2015-жылдагы келишимде мамлекеттин үлүшү тууралуу жазылган эмес. Аны да биз көтөрүп чыкканбыз.

Себеби, бир нече компаниялар 1993-жылдан бери Жерүй менен иштөөгө ниеттерин билгизип келген. Өлкөнүн башка аймактарында кенди иштетүү ниетин билгизген чет элдик компаниялар Кыргызстанга 40тан 70% чейин үлүшүн түшүнүү менен берип келишкен. Биз өз сунуштарыбызды өкмөткө, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу элге билгизип келгенбиз. Сунуштарыбызды Жерүйдү азыр иштетип жаткан компанияга да айтып жатабыз.

Жакшыбы же жаманбы Кыргызстандын Кумтөрдө 27%, кытайлык «Алтынкен» компаниясында 40%, кытайлыктардын Терек-Сайдагы компаниясында 25%, «Макмалда» 30% үлүшү бар.

«Эмне үчүн Жерүйдө Орусиядан келген компанияда Кыргызстандын бир тыйындык үлүшү жок? Эмне үчүн ошол кезде келишим түзүп жаткан бийлик башындагылар Кыргызстандын үлүшүн кошкон эмес?» деген суроолорду коюп эле келатабыз. Ушуга жооп тапсак, баары айкын болот.

Ал кездеги жетекчилер «Кыргызстан 100 миллион доллар алды» деп мактанган. Эми салыштырып көрөлү, Терек-Сайда үч алтын кени бар, түрктөр иштетет. Ал жердеги алтындын кору 10 тонна. Алар Кыргызстанга 20 миллион доллар акча төлөп беришти, андан сырткары 25% Кыргызстанга үлүш беришти. Мындан сырткары «Кыргызалтын» алардын башкаруусуна да катышат. Ал эми Жерүйдөгү алтындын запасы Терек-Сайга караганда 10 эсе көп - болгону 100 миллион доллар төлөдү, үлүш да берген жок, башкаруусуна да катышпайбыз.

Илимий изилдөөлөргө, геологиялык чалгындоолордун маалыматына таянсак, Жерүйдөгү жердин алдындагы алтындын өлчөмү 100 тонна. Анын 80 тоннасы таптаза алтын. Ошол 100 тонна алтындын эл аралык биржадагы баасы 5 миллиард долларга бааланууда.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден көрүңүз)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (20)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG