Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:19

Талас: Жерүйдүн акчасы театрга жумшалбасын


Таласта оңдолуп жаткан жолдор.
Таласта оңдолуп жаткан жолдор.

Таластагы Жерүй кенинен түшкөн каражаттар максатсыз пайдаланылып жатканын айтып, жүзгө жакын шаар тургуну 11-сентябрда мэриянын алдына чогулду.

Чогулгандар Талас шаарындагы республикалык бюджеттен каржылана турган облустук драма театрды алтын кендин акчасы менен бүтүрүү демилгесине нааразы экенин билдиришти.

Таластагы Жерүй кенинен түшкөн каражаттар туура эмес бөлүштүрүлүүдө деп шаардык мэриянын алдына чогулгандардын бири Сүйүнтбек Багышбеков талап койду:

"Акчаны кайтарып алып келип, ордуна коюп, күн жылууда казылып жаткан жолдорду бүтөсүн".

Багышбеков республикалык бюджеттен каржылана турган облустук драма театрдын курулушун алтын кендин эсебинен бүтүрүү демилгесине нааразы болуп жатат.

Буга чейин жергиликтүү кеңештеги КСДП фракциясынын айрым депутаттары 2008-жылы башталган Капар Медетбеков атындагы музыкалык-драма театрдын курулушун Жерүйдүн акчасы менен бүтүрүү демилгесин көтөрүп чыккан.

Талас шаарынын тургуну, активист Эркин Эшимбаеванын айтымында, демилге мыйзамга каршы келет.

"Бул социалдык пакет. Аны башка жакка которууга мыйзам жол бербейт".

Кыргызстандагы алтындын запасы боюнча Кумтөрдөн кийинки эле орунда турган Жерүйдү иштетүү тууралуу лицензия аукциондун негизинде 2015-жылы 100 миллион долларга сатылган.

Жерүй.
Жерүй.

Анын эсебинен 170 миллион сом кенге жакын Бекмолдо айылына, 170 миллион сом Талас районуна, дагы 170 миллион сом Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас жана Талас шаары үчүн берилген болчу.

- Логикалык жактан ала турган болсок, ошол төрт субъектке 43 миллион 250 миңден бөлүнмөк. Бирок фонддон акча бөлүнгөндөн бери Талас шаарына бир тыйын түшкөн эмес. Ар кандай бут тосуулар болгон. Талас шаарынын жолун оңдоп, башкы планын жазууга, сөздүн калаанын көйгөйлөрүн чечүүгө өзүбүздүн сунуштарыбызды бергенбиз. Ошол маселе ар кандай шылтоолор менен өтпөй келет. Ошол Талас шаарына тиешелүү акчаны сегиз жылдан бери бүтпөй келген облустук драма театрга буруу маселеси болуп жатат. Айрым жетекчилер Талас шаарына бөлүнгөн ырыскы менен республикалык бюджеттин жыртыгын жапканга аракет кылып жатат, - деген жергиликтүү кеңештин депутаты Аскар Шабданов маселеге жергиликтүү бийлик аралашып жатканын кыйытты.

Ал эми өкмөттүн облустагы өкүлү Даир Кенекеев долбоорлорду каржылоо атайын түзүлгөн фонд аркылуу ишке ашарын, ал эч кимге көз карандысыз деп билдирди.

Талас.
Талас.

Мына ошон үч район, бир шаарга бөлүнгөн каражаттын жумшалышын тескеп жаткан облустагы өнүктүрүү фонддун төрагасы, өкмөттүн Талас облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Чолпон Төрөкулов Жерүй кенинин акчасы максатсыз бөлүштүрүлүп жатат дегенге макул эместигин айтып, мындай оюн ортого салды.

- Бүгүнкү күндө үч райондо 30-40ка жакын долбоор келип, баары ишке ашып жатат. Долбоорлор бул жерде башкармалыктын мүчөлөрүнүн, андан кийин байкоочу кеңештин кароосунда бекитилет. Ал эми Талас шаарынын атынан бир да татыктуу долбоор келген жок. Бир-эки долбоор келген. Бирок толук жазылган эмес. Ошонун негизинде токтоп турат. Ал эми 43 миллион тигил же бул жакка деген сөз жок. Баланча-түкүнчө районго мына деген акча жок. 170 миллиондон 110 миллион иштелип атат.

Чогулуштун катышуучулары Жерүйдүн акчасын Талас шаары үчүн да бөлүштүрүү керек деген негизде ыйгарым укуктуу өкүлгө, өкмөт башчыга жана президентке кайрылуу катын жолдомой болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG