Линктер

шаршемби, 23-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 10:48

Жерүйдү текшерүү жөнүндө талап жаңырды


Жерүй кениндеги курулуш.

Жарандык коомдун өкүлдөрү Таластагы Жерүй алтын кени 2015-жылы орусиялык инвесторго мамлекеттин үлүшү жок, арзанга берилип кеткен жагдайды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүүнү өкмөттөн сурады.

Демилгечи топ соңку жылдары жеке компанияларга берилип кеткен Жерүй сыяктуу кендерге мамлекеттик үлүш киргизүүнү сунуштап чыкты.

Бул тууралуу "Элдик курултай" кыймылынын айрым мүчөлөрү премьер-министр менен жолуккан учурунда белгилүү болду. Өкмөт азырынча бул маселе тууралуу ачык позициясын билдире элек.

Жерүйдөгү үлүштү кайра кароо сунушу

"Элдик курултай" кыймылынын аткаруу комитетинин төрагасы Айбек Бузурманкуловдун айтымында, өткөн жумада, 27-сентябрь күнү айрым коомдук ишмерлер менен жарандык активисттер тобу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин кабыл алуусунда болуп, Таластагы "Жерүй" алтын кенинин айланасында пикир алмашкан.

Демилгечи топ орусиялык ишкер Муса Бажаевге караштуу “Востокгеолдобыча” компаниясы 2015-жылы Жерүй алтын кенин кандайча алганын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүүнү өкмөт башчысына сунуштаган.

Жарандык активист Айбек Бузурманкулов бул ири алтын кенде мамлекеттин үлүшү эмнеге учурунда камтылбай калганын айтып, анын чоо-жайын иликтөөнү өкмөт башчысынан суранган:

- Биз премьер-министр менен жолукканда "Жерүйдө" мамлекеттин бир дагы пайыз үлүшү жоктугун айтып, мындай болбошу керектигин, жок дегенде бул алтын кен долбоорунда мамлекеттин үлүшү кеминде 51% пайыздан аз болбошу керек экенин айттык. Мына ошону калыбына келтирүү боюнча инвестор менен сүйлөшүү жүрүшү керек деген маселе көтөрүлдү. Премьер-министр бул сунушту туура көрдү. Ошол эле кезде ал бул маселе боюнча инвестор тарап менен сүйлөшүү жүрүп жатканын айтты. Биз 2015-жылы аталган лицензияны сатуудагы мыйзамдуулукту кайра карап чыгууну өкмөт башчысынан сурандык. Анткени бул алды-саттыда мурдагы президент Атамбаевдин жана Бабановдун кандай тиешеси бар экени иликтениши керек экенин айттык. Мына ошондой жагдайларды текшерүү үчүн мамлекеттик комиссия түзүү зарыл экенин белгиледик. Себеби, бул жерде көз боёмочулук болгон.

Өтпөй калган элдик жыйын

Өкмөттүн маалыматтык камсыздөө бөлүмүнөн жогоруда айтылган жолугушуунун төркүнү жана премьер-министрдин позициясын билүүгө мүмкүн болбоду.

Анын астында бул демилгечи топ Таласта 1-октябрда Жерүй алтын кени боюнча элдик жыйын өткөрүүнү пландаган.

Анткени демилгечи топтун пикиринде баасы 5 млрд. долларга барабар, алтындын ири кору бар кенди иштетүү укугун 100 млн. долларга берүү мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келет.

Бул маселени көтөрүп чыккан демилге тобунун башында жүргөн Айбек Бузурманкулов ага укук коргоо органдары тарабынан психологиялык басым жүрүп жатканын айтты:

Айбек Бузурманкулов.
Айбек Бузурманкулов.

- Президент Коопсуздук кеңешинде тоо-кен тармагында коррупция гүлдөп жатканын айтып, аны менен күрөштө коомчулуктун колдоосу зарыл экенин билдирген. Биз ошого байланыштуу президенттин айтканын колдоп, бул тармактагы көйгөйлүү маселелерди талкууга алалы десек, бизге кайра тескери мамиле жасап жатышат. Мени мына ошол элдик жыйын уюштуруу маселеси боюнча УКМК төрт жолу, ИИМ үч жолу чакырды. ИИМдин 10-башкы башкармалыгында беш саат болдум. Мага кылмыш иши козголгонун айтышты. Биздин айтканыбызды "бийликти күч менен басып алууга чакырык" катары сыпаттап жатышыптыр. Ал жерде эч кандай басып алуу тууралуу сөз жок. Болгону биз "Жерүйдөгү абалды талкууга алалы, бийлик ошого жооп берсин" деген болчубуз. Ал эми бизди "1-октябрда Таласка барбагыла, элди топтобогула" деп айтышты.

Бирок Айбек Бузурманкулов бийликтин эскертүүсүнө байланыштуу Таласта элдик жыйын өткөрүү белгисиз мөөнөткө жылганын билдирди.

Инвесторду чочутпоо жолу

Жогорку Кеңештин Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев Жерүйдүн лицензиясы арзанга сатылганын айтып, азыр аны кайра териштирүү маселеси көтөрүлсө, анын инвестициялык климатка таасири тийиши мүмкүн деп чочулайт:

Кожобек Рыспаев.
Кожобек Рыспаев.

- 2015-жылы Жерүй алтын кени 100 тонна алтын кору менен 100 млн. долларга арзанга бааланып, берилип кеткен. Мындай болбошу керек эле. Бирок ошол кездеги өкмөт, президент макул болуп, кенди иштетүү укугун берип койгон соң, азыр эми аны кайра алабыз деп чыр чыгарган туура болобу же туура эмеспи ошону караш керек. Себеби, төрт жылдан кийин аны кайра көтөрсөк, бизге болгон ишеним кетет. Биздин мамлекет тууралуу "булар бергенин, кийинки келген бийлиги тартып алганын койбойт" экен деген туура эмес пикир жаралышы мүмкүн. Ошондуктан бул маселени тынч жана сүйлөшүү жолу менен жүргүзүү зарыл.

Таластагы Жерүй алтын кени 1969-жылы чалгындалган. Анын жыйынтыгы боюнча кенде 100 тоннага чукул алтындын кору бар экени аныкталган. 1992-жылдан бери Жерүйдү иштетүүнү каалаган ондон ашык инвестор алмашкан. Мурдагы президент Акаевдин тушунда бул кенди иштетүү укугу англиялык "Оксус Голд" компаниясына берилсе, андан кийин Бакиевдин бийлигинин тушунда бул алтын кен долбоору "Global Gold" компаниясынын колуна өткөн. 2007-жылы лицензия казакстандык "Визор групп" компаниясына сатылган.

2010-жылдан кийин өкмөт анын лицензиясын жокко чыгарган. Мындан кийин компания кыргыз өкмөтүнө миллиондогон доо коюп, Эл аралык арбитражга кайрылган. 2015-жылы бул алтын кенин “Востокгеолдобыча” компаниясына берилип, алардан ала турган 100 млн. доллардан тышкары ага мурдагы инвестордун доосун жөнгө салуу милдети да жүктөлгөн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (7)

XS
SM
MD
LG