Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:48

Кен казуудагы жемкорлук иликтенет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коррупциянын деңгээлин изилдеген эл аралык «Трансперенси Интернешнл» уюму Кыргызстанда кен пайдаланууга уруксат берүү системасындагы жемкорлукту талдоого алат.

Бүгүн Бишкекте «Тоо тармагы туруктуу өнүгүү үчүн» деген глобалдык программанын максаттары тууралуу маалымат берилет.

Долбоордун алкагында кен казууга лицензия берүү тармагындагы коррупциялык коркунучтар бааланат.

Максат – кен байлык каза турган компаниялардын ишинин ачыктыгын жана тактыгын камсыз кылуу.

Быйыл жыл башында өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин тоо-кен өнөр жайына, андагы абалга арналган жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков бул тармак «коррупцияга белчесинен батып, мамлекеттин көзөмөлү жок калганын» билдирген. Президент лицензиялар оңду-солду берилип, шылуундардын ири бизнесине айланганы айтып, укук коргоо органдарын сындаган. (RK)

XS
SM
MD
LG