Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:43

Шон Дейли Максим Бакиевди сотко берди


Британия жараны Шон Дейли Кыргызстандын мурдагы президентинин уулу Максим Бакиевди сотко берди. Бул тууралуу Британиянын Evening Standard басылмасы жазып чыкты.

2006-жылы британиялык «Оксус» компаниясынын өкүлү Шон Дейлинин өмүрүнө кол салуу болгон. Буга байланыштуу Кыргызстанда сот өкүмү былтыр чыгарылган. Натыйжада кол салуу боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын улуу уулу Марат Бакиев Дейлиге кол салууну уюштурган деп табылып, сыртынан 20 жылга эркинен ажырталган. Ал эми Бакиевдин иниси Жаныш Бакиев жана экс-президенттин кичүү уулу Максим Бакиев үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына чегерүү менен өмүрүнүн аягына чейин сырттан кесилген.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2005-жылы “Оксус” компаниясы Таластагы Жерүй алтын кенин иштетүү лицензиясын алган. Бирок ошол учурдагы президенттин уулу Максим Бакиев аталган кенден өзүнө пайда табууга аракет кылып, лицензияны башка компанияга алып берүүгө далалат кылган.

Жакында эле Global Witness журналисттик иликтөөлөр борбору Максим Бакиевдин Британиянын Суррей районунда наркы 3,5 млн. фунт стерлинг турган үйдө жашай турганын аныктаган. Журналисттер бул үй 2010-жылы августта сатып алынганын жазышкан. Evening Standard басылмасы учурда Дейлинин иши Global Witnessтин көнүл борборунда турганын жазган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG