Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:13

Октябрь ыңкылабы: активисттердин камалышы


Бишкек. 4-октябрь, 2021-жыл.
Бишкек. 4-октябрь, 2021-жыл.

Оппозициялык саясатчы Жеңиш Молдокматов 8-майда Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камалды.

“Мурунку беренени “массалык башаламандык уюштуруу” дегенге которуп, эки айга камакка алды. Октябрь айында жалгыз Жеңиш Молдокматов болгон эмес. Утулуп калган 12 партиянын өкүлдөрү чыгышкан”, - деди жактоочу Кантемир Турдалиев.

Биринчи май райондук соту Молдокматов 6-июлга чейин №1 тергөө абагында кармаларын билдирди.

ИИМдин айыптоосу

Бийликти кескин сындап жүргөн саясатчы Жеңиш Молдокматов октябрь окуяларында атайын кызматтын имаратын басып алууга аракеттенген деп шек саналууда. Милиция аны 6-майда суракка чакырып, 48 саатка камакка алган.

Ички иштер министрлиги саясатчы Жеңиш Молдокматов октябрдагы окуяларга байланыштуу Жазык кодексинин 245-беренесиИмараттарды жана курулуштарды басып алуу») боюнча буга чейин катталган кылмыш иштин алкагында кармалганын ырастады.

Мекеменин басма сөз кызматкери Эрнис Осмонбаев азырынча кылмыш ишинин чоо-жайы айтылбай турганын билдирди.

“Убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн азыр эч нерсе айтылбайт”, - деди.

Бирок адвокат Кантемир Турдалиев Жеңиш Молдокматовдун эч кандай күнөөсү жок экенин айтууда. Анын билдирүүсүндө, саясатчы милициядагы сурак учурунда былтыр октябрь окуясында УКМКнын алдына эмнеге барганын минтип түшүндүрүп берген.

“6-октябрда саат болжол менен бештерде Ак үй алынып, топтошкондор УКМКга келишкен. Мен келгенде Жибек-Жолу көчөсү жактан УКМКнын дарбазасы талкаланып, ачык экен. КаМАЗдын үстүнө чыгып, бул жакка кирбегиле, ар кандай оор кылмыштарга шек саналгандар, террористтер бошонуп кетиши мүмкүн дедим. Бул жакта жашыруун материалдар жоголушу мүмкүн экенин эскерттим. Атамбаевди жана Жапаровду бошотууну гана талап кылдык”.

2020-жылдагы октябрь окуяларында социалдык тармактарга тараган сүрөт. Өкмөттүн имаратында Максат Мамытканов, Камчыбек Ташиев, Темирбек Асанбеков, Сыймык Жапыкеев, Садыр Жапаров отурат. (солдон оңго)
2020-жылдагы октябрь окуяларында социалдык тармактарга тараган сүрөт. Өкмөттүн имаратында Максат Мамытканов, Камчыбек Ташиев, Темирбек Асанбеков, Сыймык Жапыкеев, Садыр Жапаров отурат. (солдон оңго)

6-майда Жеңиш Молдокматов экинчи жолу милицияга суракка кирип бара жатып, октябрь окуясы боюнча президент Садыр Жапаров, атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиев баш болгон ондогон азыркы аткаминерлер, саясатчылар дагы суракка алынышы керек экенин билдирген.

48 саатка камалгандан кийин саясатчы президентти сындаган кайрылуу таратты.

“Өлкөдө өтө оор кырдаал жаралып, адилеттүүлүктү, чындык эңсеген элдин үмүтү өчүп, сырттан душмандар кол салып, экономика эңшерилип турганда бийлик төбөлдөрү, өлкө башчысы Садыр Жапаров өз элине, жерине кас болду! Мени, октябрь окуясында Жапаровду чыгарган адамды УКМКнын имаратын басып алууга айыптап, камакка алууда. Айтарым, бул күндөр дагы өтөт. Чындык чыгат! Адилеттүүлүк орнойт!”, - деп жазган Молдокматов.


Учурда “Туран” партиясын жетектеп жаткан Молдокматовдун тарапташтары октябрь окуясындагы видеолорду жайгаштырып жатышат. Анда Молдокматов УКМКнын алдында “эч нерсеге тийбегиле, беш мүнөттө чыгарып беребиз деди” деп жатканын көрүүгө болот.

Жеңиш Молдокматов - Садыр Жапаровдун бийлигинин кескин сындаган саясатчылардын бири. Ал элдик толкундоолордон кийин жыйынтыгы жокко чыгарылган 2020-жылдын 4-октябрындагы шайлоодо “Замандаш” партиясын жетектеген.

Жети ай мурдагы октябрь окуяларынын башталышына жигердүү катышып, экс-президент Сооронбай Жээнбековдун аракетин сындап келген.

Кийин «Ханституцияга каршы» кыймылын жетектеп, Нарын облусундагы Жетим-Тоо темир кенин иштетүүгө, оппозициянын камалышына, казино мыйзамына каршы экенин, сөз эркиндигине басым болуп жатканын айтып, айрыкча президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун саясатын тынбай сынга алганы белгилүү.

Ошондой эле Кемпир-Абад суу сактагычына барып, бийликти айыптаган видео кайрылууларды тараткан. Чек арадагы куралдуу жаңжалдан кийин атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевдин кызматтан кетишин талап кылган.

Октябрь окуяларында активдүү катышкан, “Реформа” партиясынын жетекчиси Клара Сооронкулова Молдокматовдун камалышын саясий куугунтук катары сыпаттады.

Сооронкулова октябрь окуяларын шылтоолоп камакка алуу менен бийликке каршы сүйлөгөндөрдүн оозун басуу, аларга эскерүү аракети жүрүп жатат деп эсептейт.

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

“Коопсуздук имаратына барган адамдар көп болгон. Арасында Сыймык Жапыкеев, Алмамбет Шыкмаматов дагы болгон. Бул жерде тандалма куугунтук болуп жатат. Ошол окуяларга активдүү катышкандардын бири Максат Мамытканов өкмөттүн имараттын ээлеп алып, Садыр Жапаров келгиче отурбадыбы. Ал эми Молдокматов барып УКМКга жетекчи болом деген жок, болгону абактагылардын, анын ичинде Жапаровду чыгаруу талабы менен барганы видеодон көрүнүп турат”, - деди Сооронкулова.

15-мартта президент Садыр Жапаров "Азаттык" радиосуна курган маегинде Кыргызстанда саясатчыларга, журналисттерге жана активисттерге карата саясий куугунтук болбой турганын айткан. Азырынча президенттин аппараты жогорудагы айтылган дооматтарга жооп бере элек.

Парламенттин мурдагы депутаты Эсенгул Исаков айрым саясатчылардын "өлкөдө бийликке сын айткандарга карата басым болуп жатат" деген дооматтарына кошулбайт.

“Саясий куугунтукту көрө элекмин. Саясий куугунтукта жүргөндөр четинен бошоп жатат. Соттор эсине келип, куугунтукка алынгандардын баарын бошотсо жакшы болот эле. Ал эми Молдокматов жана башкалар жөнүндө ишти укук коргоо органдары ачык айткандан кийин пикир билдирсек болот”, - деди Исаков.

Буга чейин "Жетим-Тоо кенин коргоо" кыймылынын жетекчиси жана “Ханституцияга каршы” борборунун активдүү мүчөсү Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов)"Фейсбуктагы" баракчасындагы билдирүүсүндө "бийликти кулатууга чакырыктар бар" деген негизде "Жазык кодексинин 310-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») жана 264-беренеси («Массалык башаламандыктар») боюнча айыпталып, баш калаадагы №1 тергөө абагына камалган. Апрелдин аягында ал соттун чечими менен үй камагына чыкты. Активист өзүнүн камалышын бийликтин буйругу катары сыпаттап келет.

Ошондой эле Курсан Асанов 2020-жылдын 5-9-октябрындагы Бишкектеги жапырт башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, 10-октябрда эки айга камакка алынып, 4-ноябрда кайра үй камагына чыгарылган. 26-январда ал Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-пункту («Имаратты жана мекемени басып алуу») боюнча айыпталып, кармалган.

2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын митинги 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имараттарды ээлеп алуу менен аяктаган.

Башаламандык учурунда абакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, азыркы президент Садыр Жапаров баштаган бир катар саясатчылар бошотулган.

Тоз-тополоңдо жүздөгөн адам түрдүү жараат алган. Алардын отузга жакынынын көзүнө ок тийген. Сегизи бир көзүнөн айрылганы айтылган. 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу катуу жараат алып каза болгон.


Башаламандыкта камактан чыккан айрым саясатчылар 9-октябрда Бишкекте өткөн митингге катышкан. Бир нече киши жабыркаган жаңжал менен аяктаган окуяга байланыштуу милиция кылмыш ишин козгогон.

Учурда ИИМ октябрь окуяларына байланыштуу “массалык башаламандык уюштуруу” жана “имараттарды басып алуу” боюнча иштер тергелип жатканын маалымдады.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG