Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:10

"Кемпир-Абад": Ташкентте кол коюлган протокол өзгөрөт


Кыргызстан, Ош, "Кемпир-Абад" суу сактагычы, 2021-жыл, 19-апрель

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара тууралуу соңку макулдашуусундагы "Кемпир-Абад "суу сактагычы тууралуу бөлүгүнөн улам маселе жаралды.

Кыргыз бийлиги элдин каршылыгынан кийин суу сактагыч коңшу мамлекетке берилбей турганын билдирди.

Бишкек менен Ташкент чек ара маселелерин үч айдын ичинде толугу менен чечүүгө белсенип жаткан эле.

Кыргызстан өткөн айда Ташкентте кол коюлган, чек араны делимитация жана демаркациялоо тууралуу протоколдун Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу пунктун өзгөртүп, баштапкы абалына кайтарат. Бул тууралуу 25-апрелде Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Оштогу Өзгөн районунда жер алмашууга каршы чыккандар менен жолугушууда билдирди:

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

"Куршаб элинин каалоосун четке кага албайбыз. Биз асмандан түшкөн эмеспиз. Элдин талабы - биз үчүн эң жогорку талап. "Кемпир-Абадды" бербейбиз дедиңерби, бербейбиз. "Кемпир-Абадды" азыркы бойдон калтырабыз. Өзбекстанга өткөрүп бербейбиз. Калган иштерибизди Аксы, Ала-Бука, Баткенде уланта беребиз. "Кемпир-Абад" боюнча айтып койоюн, мунун катасы 60 жыл мурда болгон".

Кыргыз-өзбек чек арасын тактап, аягына чыгаруу иштери президент Садыр Жапаровдун өткөн айда Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарынан кийин жанданган. Өзбек президенти Шавхат Мирзиеев эки мамлекет үч айда чек арасын тактап бүтөт деп ишендирген.

"Биз мамилелерибиздин тарыхында алгачкы жолу чек арага байланыштуу ким, эмне жана качан жасашы керектигин так, бекем макулдаштык. Себеби бул элдерибиз күтүп жаткан орчундуу көйгөй. Жадагалса мөөнөтүн да аныктап алдык – үч ай. Бирок бул эң узак мөөнөт болсун дедик. Айрым маселелер тууралуу эң жакын арада, бюрократиясыз, эки тарап тең олуттуу жоопкерчилик алып чечебиз”.

Ташкенттеги протокол

Мурдагы бийликтердин тушунда кыргыз-өзбек чегарасынын 97 пайызы чечилген. Өзгөн районундагы "Кемпир-Абад", Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычы, Кадамжай районундагы Чечме булагы сыяктуу 3% жер чечиле элек болчу.

Кыргыз-өзбек президенттеринин жолугушуусунан кийин Камчыбек Ташиев жетектеген чек ара боюнча мамлекеттик комиссия Ташкентке барган. Эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында протоколго кол коюлган. Ташиев Ташкенттен келгенден кийин эки өлкө ортосундагы чек ара маселеси 100% чечилди деп жар салган.

Ташиев жогоруда айтылган эки суу сактагыч коңшу мамлекетке өтүп, ордуна өзбек тарап жер берерин айткан.

“Кемпир-Абад суу сактагычындагы суунун ичин бердик, буга чейин берилбей, такталбай келген. Суунун ордуна 1973-жылы 4100 гектар жерди булар берген. Азыр суунун орду 4400 гектарды ээлеп жатат. Булар 300 гектар жер бериш керек эле, биз 1000 гектар жер алдык. Сууну 900-чекитке түшүргөнүбүздө дагы 1300 гектар кошумча жер бошоду”.

Ташиев ошондо "Кемпир-Абаддын" ичи толуп, жээктеги үйлөргө суу кирген учурлар болбой калат деп ишендиргенге аракет кылган. Андан сырткары кыргызстандыктар "Кемпир-Абаддын" суусунан толук пайдалана аларын белгилеген.

“Мурда ал 908 горизонталь менен каралчу. Эми 900 менен каралат. Суу жээкке чыкпайт, 900дөн көтөрүлбөйт. Жээктен болжол менен эки чакырымдай ич жакка кирди. Мындан ары Өзгөн районунун Жаңы-Арык, Правда, Кароол айылдарына суу теппей калат. Кыргызстандыктар ал жерден суу алса, пайдаланса, балык кармаса болот. Өзбекстандын аскердик кароол кайыктары ал жерде жүрбөйт, суунун чекесине тосмо койбойт”.

Бирок айрым жергиликтүү тургундар "Кемпир-Абад" тууралуу мындай жүйөгө ынабай, нааразылык жаралды.

Ушул тушта суу сактагычтын плотинасынын бир тарабы Өзбекстандын жери болсо, экинчи тарабы Кыргызстандыкы. Коңшу мамлекет суу сактагычтын коопсуздугун камсыздоо үчүн плотинанын кыргыз тарабынан 100 гектар жер сураган. Ташиев башында макул болуп койгонун, кийин 50 гектар гана берүүнү чечкенин айткан.

Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн тургундары суу сактагычтын плотинасы жактан 50 гектар жердин өзбек тарапка өтүшүнө каршы чыккан. Ташиев нааразы болгондор менен 19-апрелде жолугуп, ошол жерде айтылган талаптардан улам Ташкентке дагы бир жолу барып келерин, 50 гектар жерди 20га чейин азайтууга аракет кыларын айткан.

Ташиев жекшембиде Өзгөндө сүйлөп жатып, "Кемпир-Абаддан" башка жерлерде чек араны чечүү тууралуу иш улана берерин айтты.

“Калган иштерибизди Аксы, Ала-Бука, Баткенде уланта беребиз”.

Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын тургундарынын "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанындагы ​мөөнөтсүз акциясы беш күндөн бери улантып жаткан. Алар 28-апрелде чек арага байланыштуу жыйын өткөрүүнү пландоодо.

Камчыбек Ташиев менен жолугушууга келген Кызыл-Октябрь айылынын тургундары 28-апрелде дагы жыйынга чогулушарын айтышты.

“Бул жерде "Кемпир-Абадга" гана чогулган эмеспиз. Орто-Токой, Камбар-Ата тууралуу суроолорго жооп албай калдык. Ошондуктан 28-апрелде Камчыбек Ташиев жана башка мамлекеттик делегация мүчөлөрүн "Кемпир-Абаддын" жээгине ооз ачууга чакырабыз”, - деди митингдин катышуучулары.

"Кемпир-Абаддын" таржымалы

"Кемпир-Абад" суу сактагычын Өзбекстан Анжиян суу сактагычы деп атайт.

Ага Кара-Кулжа, Тар дарыясынан бириккен Кара-Дарыя куят. Суу сактагыч негизи Кыргызстанга карайт. Кезинде эки тараптын макулдашуусу мененӨзбекстанга ижарага берилип кеткен. Бирок анын мөөнөтү бүткөнүнө карабай коңшу өлкө Кыргызстанга кайтарып бере элек.

Фергана каналындагы суу "Кемпир-Абад" суу сактагычынан агып чыгып, Араван районун аралап Өзбекстанга кетет.

Кыргыз өкмөтүнүн өкмөттүн чек ара боюнча расмий өкүлү Назирбек Бөрүбаевдин маалыматына ылайык, Кыргызстан "Кемпир-Абаддагы" суунун 14 пайызын колдонот. Ал Сузак, Кара-Суу райондорундагы сугат үчүн сарпталат.

Кемпир-Абад 1983-жылы Советтер союзунун жетекчилиги алдында Кыргызстандын аймагында курулган. Ал үчүн 1973-жылы Өзбекстандан кенемте алган. Ташиев Кыргызстан суу сактагычты берген үчүн дагы компенсация алып жатканын билдирген.

Жер алмашпай чек ара чечилбейт

Чек ара маселеси боюнча адис Саламат Аламанов протоколго кол коюп, аны кайра чакыртып алган учурлар практикада болуп келгенин айтат. Анын пикиринде, Кыргызстан тарап макулдашуудан эмнеге баш тартканын Өзбекстанга түшүндүрүп бериш керек.

“Жанагындай абал түзүлүп калганда протоколду артка чакыртып алса болот, практикада бар. Бирок, эмнеге чакыртып алганыңды негиздешиң керек. Бүгүн макулмун, эртең макул эмесмин деген болбойт. "Кемпир-Абад" келечекте чечиле турган маселе. Мындай нерсе болгондон кийин сүйлөшүүнү токтотуп коюга болбойт. Сүйлөшүү өзү татаал. Ойлонолу деп кайра уланта бериш керек”.

Кыргызстанда чек ара тууралуу келишимдер коомдо нааразычылык жараткан учурлар буга чейин деле катталган. Кытай, Казакстан менен мамлекеттик чек араны тактоодо талаш жараткан айрым жерлердин коңшу мамлекетке өтүшүнө эл каршы чыккан. Саясат талдоочу Эмил Жороев чек араны чечүүдө элге түшүндүрүү иши жүрбөй жатканын айтат.

“Элдин макулдугун албай, оболу сүйлөшпөй туруп чоң маселени Кыргызстанда чечип коюу мүмкүн эмес. Коңшу мамлекет менен сүйлөшүүдөн мурда эл менен талкуу уюштуруп, бир мунасага келиш керек эле. Кыргызстанда татаал маселеге келгенде элдин макулдугун алуу өтө татаал. Биз ушундай жолго түшүп алганбыз. Эгер чек ара маселеси чечилиш керек десек, бир жерди алгандан кийин бир жерди бериш керек экенин түшүнүшүбүз керек”.

Кыргызстандын Британиядагы мурдагы элчиси, дипломат Бактыгүл Каламбетова чегара маселесин чечүү тууралуу мындай деди.

“Чек арада жашаган элдин турмушу башка жерде жашаган элдикинен айырмаланат. Чегаралык аң-сезим менен жашайт. Кайсы күнү кайсы жер кемип калат, качан ким кирип келет деген коркунуч менен жашайт. Инстинкти, дүйнө таанымы бөлөк. Алардын кулк-мүнөзүн, кызыкчылыгын эске алыш керек. Ошол эле маалда, чек арадагы эл дагы менин ата-бабамдан калган жер, менин жеримдин чеги деп эсептебеш керек. Чек арага жакын жашаган адам мамлекеттин жараны катары да жоопкерчилигин сезиш керек”.

Чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн 10-майдан кийин Өзбекстандын делегациясы Кыргызстанга келе турганы белгилүү болду. Камчыбек Ташиев эки тараптуу сүйлөшүүлөр Ош шаарында өтөрүн билдирди.

Кыргызстан төрт мамлекет менен чектешет. Казактан жана Кытай менен чек ара тилкелери такталып бүткөн.

Тажикстан менен сүйлөшүүлөр 2002-жылы башталган, азыр ортодогу чек аранын 60 пайызга жакыны такталган.

Өзбекстан менен 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85 пайыз), андан бери дагы 13 пайызга жакыны такталган.

Камчыбек Ташиев 25-апрелде Өзгөндө сүйлөп жатып Өзбекстан менен чечиле элек 2 сотых гана жер калганын билдирди. Бул жер Баткен облусунун Кадамжай районундагы Чечме булагы экени белгилүү.

Чек ара тактала элек тилкелерде жергиликтүү тургундардын суу, жайыт жана жер талаш маселелери чыгып, курал колдонулган учурлар да катталган.

Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы дипломатиялык алака-катыш 2016-жылдан кийин, Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден тартып жакшыра баштаган. Ага чейин чек ара бекеттеринин көпчүлүгү жабылып, кызматташтык дээрлик токтоп калган.

Президент Садыр Жапаров өткөн айда Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барып келген. Жыйынтыгында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган 22 документке кол коюлган.

Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу соңку кадамдарды "тарыхый мааниге ээ" деп сыпаттаган. Ошол эле кезде коомдун бир бөлүгү кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын сындап келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG