Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:36

"Кемпир-Абад": Ташиев жер алмашууга каршылар менен жолукту


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 19-апрелде "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жерди алмашууга каршы чыккандар менен жолукту.

Жолугушуу Оштун Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылында өттү.

Анда чогулгандар Ташиевден эки тараптуу протоколду өзгөртүп, Кемпир-Абаддын жанындагы жерди бербөөгө чакырышты. Ташиев андай кылуу мүмкүн эместигин, протокол Өзбекстан менен чектешкен башка аймактардагы талаш жерлердин маселесин чечүүгө да багытталганын билдирди.

Бирок жер алмашууга нааразы болгон кыргызстандыктардын талабынан улам Ташкентке дагы бир жолу барып келерин, 50 гектар жерди 20га чейин азайтууга аракет кыларын айтты.

"Эми мындай кылсак болот, азыр ойлоп жатам. Алар (Өзбекстан - ред.) тосуп алган 20 гектар жерин алмашалы деп айтайын. Элүү эмес, жыйырма гектарды. Мейлиби? 20 гектарды тосуп, калган жерди эле алгыла. Ушул жерден токтойлу, берки жакка чыкпагыла дейин",- деди Ташиев.

Ташиев тургундардын "Өзбекстан мындай сунушка көнбөй койсочу" деген суроосуна, Ташкентти ынандырууга болгон аракет көрүлөт деген мазмунда жооп берди.

Атайын кызматтын башчысы бул жолугушууда негизинен Өзбекстан менен жер алмашууга байланыштуу протоколду Кыргызстан үчүн эң пайдалуу келишим деп атап, жер талаштарга чекит коет деп ишендиргенге аракет кылган:

"Мен жетектеген комиссия Өзбекстан Республикасына барып, эң ыңгайлуу, эң пайдалуу келишим түзүп келдик. Бул протоколду бузбашыбыз керек, бул протоколду аягына чейин чыгарышыбыз керек, бул - элге эң пайдалуу протокол болду", - деди Ташиев.

"Кемпир-Абад": жергиликтүүлөрдүн жер ызасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:31 0:00

Бирок чогулгандар буга ынаган жок. Атайын кызматтан башчысы
нааразылык акциясын уюштургандардын арасында чагым кылууну көздөгөндөр бар экенин да айтты. Жыйынга келгендер анын бул сөзүнө нааразы маанайда жооп кайтарышты.

Четтеги кыргызстандык мигранттар дагы бийликтин чек арага байланыштуу чечимдерин сындай баштады.

Москвада 18-апрелде жүздөй мигрант чогулуп, кыргыз бийлигин коңшу өлкө менен чек араны тактап-аныктоодо жергиликтүү элдин пикирин укпай жатат деп айыптап, Өзбекстан мененжер алмашуу тууралуу чечимдерине нааразы болушту.

Талаш-талкуунун башы

Ташиев 30-мартта Өзгөн районунда тургундар менен жолугушуу учурунда "Кемпир-Абад" суу сактагычынын плотинасынын жанынан 50 гектар жер Өзбекстанга берилгенин, анын ордуна Кыргызстан башка аймактан жер алганын айткан.

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

"Жанагы плотинанын эң аягында, башындагы 50 гектар жерди булар сурашты. Ошол плотинаны барып тейлей турган жол бар экен. Мен чынын айтканда барып көргөн жокмун. Биздин Мамлекеттик каттоо кызматындагылар айтышты. Плотинанын бир учу биздин жерге жайгашып калган экен. Ошол жерден булар 100 гектар жер сурады эле, мен башында, чынын айтканда анча-мынча билбей туруп эле болуптур деп коюпмун. Кийин балдар "100 гектарды берсек болбой калат, ал жерде биздин чек ара заставабыз, жолубуз бар, 50 гектар берсек жетишет" деп айтып келишти. Болуптур деп 50 гектар жерди бердик".

Жергиликтүү тургандар буга каршы чыгып, 17-апрелде мөөнөтсүз акция башташкан.

24-25-мартта Ташкентте Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо тууралуу өкмөт аралык комиссия жыйын курган жана анда протоколго кол коюлган.

Бул сүйлөшүүлөргө Кыргызстандын атынан Ташиев катышкан.

Анда "Кемпир-Абад" суу сактагычы, "Шахрихансай" каналы, Гавасай, Көк-Серек, Баястан, Ак-Таш, Үңкүр-Тоо, Кара-Белес тилкелерин тактоодон өткөрүү макулдашылганы белгиленген. УКМКнын төрагасы кыргыз-өзбек чек арасы 100% чечилгенин жарыялаган.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу соңку кадамдарды "тарыхый мааниге ээ" деп сыпаттаган. Ошол эле кезде коомдун бир бөлүгү кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын сындап жатышат.

XS
SM
MD
LG