Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:27

"Кемпир-Абад": жер берүү мигранттарды нааразы кылды


Москва шаарындагы чогулуш. 18.04.2021
Москва шаарындагы чогулуш. 18.04.2021

Москвада 18-апрелде жүздөй мигрант чогулуп, Ош облусундагы «Кемпир-Абад» суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жердин Өзбекстанга берилишине каршы чыгышты.

Алар кыргыз бийлигин коңшу өлкө менен чек араны тактап-аныктоодо жергиликтүү элдин пикирин укпай жатат деп айыптап, Өзбекстан менен жер алмашуу тууралуу чечимдерге нааразылык билдиришти.

Москвада чогулган кыргызстандыктар "Элсиз, жерсиз мамлекет болбойт", "Бир сантиметр жер кетпесин", "Мигранттардын үнүн уккула" деген сыяктуу жазууларды кармап отурушту. Алар октябрь окуяларынын шары менен келген бийликтин чек ара маселесин чечүүдөгү иш-аракеттерин айыпташты. Айрыкча "Кемпир-Абад" суу сактагычы жөнүндөгү макулдашуу талкуу жаратты.

Өкмөткө нааразы болуп чогулгандардын көбү ушул суу сактагычка жакын аймактардын тургундары экени белгилүү болду.

"Бул Араван, Кара-Суу, Өзгөн райондоруна да таасир эте турган маселе. Бул бир гана Ынтымак айылына тиешелүү маселе эмес. Анын ордуна 1050 гектар жер алдык дешет. Ал кандай жер? Суусу жок, анын бир сомдук пайдасы болобу? Биз таза сууну ошол жактан ичебиз. Ал жерден бир сотых да берилбесин. Биз ага каршыбыз", - деди жыйында сөз баштаган Эмирлан Калыш уулу.

Ынтымак айылы Оштун Кара-Суу районундагы "Кемпир-Абад" суу сактагычынан он чакырым алыс жайгашкан. Кыргыз бийлиги бул аймактан 50 гектар жерди өзбек тарапка берүүгө макулдугун бергени эки жума мурун белгилүү болгон.

"Мен "Ынтымак" айылынын тургунумун, 25 жаштамын. Москвага ишке мартта келдим. Ушул маселе пайда болгондон бери жүрөгүбүз ыйлап турат. Биз бүгүн бир партияны колдоп, же бийлик кетсин деп келген жокпуз. Биздин бир гана суранычыбыз бар. Биздин жер бизге калсын. Эмне себептен талаштуу жерлерди чечишпей, тынч жаткан элди козгоп, жерин бөлүп бересиңер?! 50 гектар жер эмес, 50 сантиметр жердин берилишин каалабайбыз", - деди каршылык акциясына келгендердин бири Мыктыбек Рахманбиев.

Москвада атайын бир жайга чогулуп, талап-сунушун бийликке жеткирүүнү көздөгөн мигранттар өзгөчө Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге нааразы болушту.

Жыйындагы мекендештердин бири: "Ташиевдин ал жерде отурганынын өзү туура эмес. Чек араны да УКМКга өткөрүп алышты. Мына Ворух тууралуу тажик президенти Эмомали Рахмон "алмашпайбыз" деп чыкты. Биздикилер болсо, баарын алмаштырып, керек болсо, сатып жибергенге да даяр. Биз каршыбыз. Эртең келип туруп, кошуналар сууну тороп алышы мүмкүн," - деген тынчсыздануусун ортого салды.

Чогулгандардын бири Айбек Атабеков кыргыз бийлигин чек ара маселелерин иш билги адистер менен кеңешпей жатканын сынга алды:

"Шайлоо өттү. Садыр Жапаров көпчүлүк добуш алып, президент болду. Анткен менен ал Кыргызстанда болуп жаткан бардык көрүнүштөр боюнча элдин ою менен эсептешиши керек. Бул бийлик – элдик. Жергиликтүү элди угушу керек. Кайсы жер кетип жатат, эмне себептен эл нааразы болуп жатканын угуш керек. Ташиев өзү айтып жатат, "билбей эле 100 гектарга макул болуп коюпмун" деп. Ошол жерге барсын, көрсүн. Кошуналар менен достук мамиле жакшы, бирок, Кыргызстанга тиешелүү маселеде ошол иштин көзүн билген адамдар менен кеңешип, элде момундай нааразылык жаралбагандай чечиши керек".

Андан сырткары каршылык жыйынына чогулган мигранттар коңшу мамлекеттер менен чек араны тактоо иштери Жогорку Кеңештин 6- чакырылышы тарабынан каралышына каршы чыгышты:

"Биздин талап – азыркы депутаттар кийлигишпесин. Булардын мыйзам чегиндеги мөөнөтү да бүткөн, моралдык да укугу жок. Октябрдагы окуялар ушулардын айынан болгон. Жогорку Кеңеш өздөрү уялып, таркап кетишсе болот эле", - деди мигранттарын бири.

"Кемпир-Абаддагы" акцияга чыккандар Ташиевди чакырды
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:10 0:00

Москвадагы мигранттарды мындай жыйынга "Мен макул эмесмин" жана "Укугум бар" кыймылдары уюштурган. Уюштуруучулардын бири Эмил Жайчиев жаңы бийликтин чек арага байланыштуу чечимдери коомдун кайсы бир бөлүгүн нааразы кылганын, мындай маанай социалдык түйүндөрдө пайда болуп, ушундай аянтчадагы талкуу уюштуруу зарылчылыгы келип чыкканын белгиледи:

"Эмнеге нааразылык пайда болуп жатат? Анткени, булар өзүм билемдик кылып жатышат. Элдин үнүн укпай эле, күчкө салып, "менин жиним жаман" деп эле өздөрүнүн долбоорлорун өткөрүп жатышат. Эмне үчүн мынча шашып, тез арада өткөрүп жатышканы түшүнүксүз. Адамдардын маанайы көрүнүп эле турат. Мына Өзбекстан менен чектеш аймакта жашаган балдар менен сүйлөшүп калсам, алар "биз айылыбыз менен Жапаровду 95 пайыз колдоп бергенбиз, биз адашыппыз" деп жатышат. Мен азыркы бийликти жаман дегим келбейт. Адам катары жакшы болушса керек, бирок билим даражасы, деңгээли жетишпей жатат. "Качырды тулпар кыла албайсың" деген сөз бар да".

Чогулган мигранттар жыйын соңунда резолюция кабыл алышты. Анда президент Садыр Жапаровго чек ара маселесиндеги соңку аракеттеринен улам Камчыбек Ташиевди иштен алуу талабы айтылды.

Мындан тышкары чек араны тактоо, чечүү иштерине жергиликтүү тургундарды, эркин уюмдарды жана эксперттерди аралаштыруу, ачык талкуу уюштуруу жана чечимдерди ачык жарыялоо сунушталды.

"Кемпир-Абад" суу сактагычына жакын жерде мөөнөтсүз нааразылык акция өтүп жатат.
"Кемпир-Абад" суу сактагычына жакын жерде мөөнөтсүз нааразылык акция өтүп жатат.

Ал эми жыйынга келген мигрант энелер бул кезде "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанына боз үй тигип, мөөнөтсүз акция баштагандарга тилектештигин билдиришти.

"Жүрөгүбүз чыдабай, мына Орусия жергесиндеги мигранттар дагы топтолуп чыктык. Чек арадагы энелердин үнүнө биз кошулабыз. Эл-жерибиз деп күйүп, келечекти ойлогон энелерибиз чек арада турушат. Кана биздин эр-аразаматтарыбыз? Кечээ бизге жаркын келечек куруп берет деген бийлигибиз кана? Бардыгы тескери кетип, ошол энелердин көз жашына көңүл бурбастан, кайдыгер болуп тургандыгы өкүндүрөт", - деди мигранттардын бири.

Кыргыз бийлиги "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанындагы жерге байланыштуу соңку сын-дооматтарга азырынча үн ката элек.

Талаштын башы

24-25-мартта Ташкентте Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо тууралуу өкмөт аралык комиссия жыйын курган жана анда протоколго кол коюлган.

Бул сүйлөшүүлөргө Кыргызстандын атынан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан.

Сүйлөшүүлөрдо "Кемпир-Абад" суу сактагычы, "Шахрихансай" каналы, Гавасай, Көк-Серек, Баястан, Ак-Таш, Үңкүр-Тоо, Кара-Белес тилкелерин тактоодон өткөрүү макулдашылганы белгиленген. Ташиев анда кыргыз-өзбек чек арасы 100% чечилгенин жарыялаган.

Мындан көп өтпөй Ташиев Өзгөн районунда тургундар менен жолугушууда "Кемпир-Абад" суу сактагычынын плотинасынын жанынан 50 гектар жер Өзбекстанга берилгенин, анын ордуна Кыргызстан башка аймактан жер алганын айткан.

"Жанагы плотинанын эң аягында, башындагы 50 гектар жерди булар сурашты. Ошол плотинаны барып тейлей турган жол бар экен. Мен чынын айтканда барып көргөн жокмун. Биздин Мамлекеттик каттоо кызматындагылар айтышты. Плотинанын бир учу биздин жерге жайгашып калган экен. Ошол жерден булар 100 гектар жер сурады эле, мен башында, чынын айтканда анча-мынча билбей туруп эле болуптур деп коюпмун. Кийин балдар "100 гектарды берсек болбой калат, ал жерде биздин чек ара заставабыз, жолубуз бар, 50 гектар берсек жетишет" деп айтып келишти. Болуптур деп 50 гектар жерди бердик".

Ош шаарынын Кара-Суу районунда Савай айыл өкмөтүнө караган Ынтымак айылынын жергиликтүү тургундары мындай билдирүүдөн кийин жердин берилишине каршы мөөнөтсүз акция баштап, суук сактагычтын жанында боз үй тигип алып, Ташиевдин келишин талап кылып турушат.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасы боюнча соңку кадамдарды "тарыхый мааниге ээ" деп сыпаттаган. Ошол эле кезде коомдун бир бөлүгү кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын сындап жатышат.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

Тектеш

XS
SM
MD
LG