Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Дубнов: Чек ара келишимин үзгүлтүккө учуратуу аракети болушу мүмкүн


Аркадий Дубнов.
Аркадий Дубнов.

Орусиялык саясий эксперт Аркадий Дубнов Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда түптөлө баштаган чек ара келишимин үзгүлтүккө учуратуу аракети болушу мүмкүн деп эсептейт. Мындай пикирин ал 26-мартта “Азаттык” радиосуна курган маегинде билдирди:

"Бул келишимдин толук жетилишин үзгүлтүккө учуратууга кызыкдар күчтөр чыгат. Себеби ал өкмөттөн өтүп, парламентте ратификацияланып, президенттер кол коюшу керек. Мындай аракеттер Кыргызстан тараптан болот деп ойлойм. Тилекке каршы, кыргыз саясатчылары өзүн патриот көрсөтүш үчүн бардык айла-амалды колдонуудан кайра тартпайт. Мунун натыйжасында олку-солку жагдайлар болуп, коңшулар менен мамиле начарлаганы эсибизде. Ошондуктан мен саясатчыларды мындай билдирүүлөрдү жасабоого чакырат элем. Болбосо, анын кесепети тийип, жакшылыкка алып келбейт”.

Дубнов Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара маселесин толук чечүү келишимин эки коңшу ортосундагы мамиленин «туу чокусу» деп сыпаттады.

24-25-мартта Ташкентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын жыйыны өттү. Ага Кыргызстандан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, жыйынтыгында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча маселе 100% чечилгенин айтты.

Президент Садыр Жапаров бул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын тарыхый мааниге ээ кадам деп атады.

Буга чейин Өзбекстан менен 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85%), андан бери дагы 10% жакыны такталганы айтылып келген.

Чек ара тактала элек тилкелерде жергиликтүү тургундардын суу жана жер талаш маселелери чыгып, курал колдонулган учурлар да катталып турган.

XS
SM
MD
LG