Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:28

Ташиев: Чек арада жер берүү деген эми болбойт, алмашуу гана болот (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара маселесин кароодо мындан ары жер тилкелерин өткөрүп берүү деген болбойт. Бул тууралуу 26-мартта өткөн пресс-конференцияда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, эми алмашуу гана болушу мүмкүн.

Ташкентте өткөн делимитация жана демаркация боюнча комиссиянын отурумунун жыйынтыгында протоколго кол коюлду. Протокол тийиштүү мекемелерде макулдашылып, президенттер кол койгондон кийин парламенттердин ратификациясынан өтүшү керек болот.

Ташиев “Орто-Токой суу сактагычы биз тарапта калды. Билесиздер, анын үстүндөгү суунун 95% өзбек тарап колдонот. Биз тарапка Көк-Серек айылы, 105 гектар жер биз тарапка жазылды. Ала-Букадагы Баястан участогунда 212 гектар, Кара-Сууга караштуу Ак-Ташта 100 гектар, Үңкүр-Тоодон 35 гектар, Үңкүр-Тоо тоосу толук бойдон бизге жазылды. Кара-Белес участогунан 25 гектар жерди кайрадан алдык. Орто-Токой суу сактагычынын эсебинен бизге өттү” деди.

УКМК төрагасы билдиргендей, Ташкенттеги 24-25-марттагы чек ара сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында жалпысынан 8 миң гектар жер Кыргызстанга өттү.

Ошону менен катар Ташиев “Шахрихансай плотинасынын баш жагынан 50 гектар жерди бердик, бирок ошол эле 50 гектарды Өзгөндүн баш жагынан ала турган болдук. Жер менен алмаштык” деп билдирди.

Атайын кызматтын башчысы белгилегендей, “Кемпирабад суу сактагычы болжол менен 5737 гектар. Ошол жерден 1300 гектар жер Кыргызстанга өттү. Сууну кыргызстандыктар толук пайдалана алат, алар тосмо койбойт суунун чекесине”.

Чек ара тактала элек тилкелерде жергиликитүү тургундардын суу жана жер талаш маселелери чыгып, курал колдонулган учурлар да катталып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG