Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:35

Түндүк Корея жаңы муундагы ракетаны сынаганын ырастады


Түндүк Корея жаңы муундагы эки ракета кое бергенин ырастады.

Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук телеграф агенттиги билдирди. Пхеньяндын Жапон деңизин көздөй ракеталарды кое бергенин 25-мартта түштүк кореялык аскерлер айтып чыккан эле.

Ракеталар 600 чакырым аралыкта учуп, көздөгөн аймакка жеткен жана 2,5 тоннага чейинки дүрмөттү ташып жүрүшү мүмкүн. Сыноого Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын катышканы байкалган эмес. Жапония сыноолор аймактагы коопсуздукка коркунуч жаратарын айтып, Пхеньянды айыптады.

Түндүк Корея Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден кызматка киришкен соң биринчи жолу ракета сынады. Байден 25-мартта мындай кадамды сынга алып, бирок Түндүк Корея менен сүйлөшүү өткөрүүгө даярдыгын билдирди.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясына ылайык, Түндүк Кореяга баллистикалык рекаталарды учурууга тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG