Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:28

Камчыбек Ташиев: Сох анклавына коридор берилбейт


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Сох анлавындагы Кайтпаc, Өтүкчү посттору ачылат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 26-марттагы маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, посттон оор жүк ташуучу автоунаалардын өтүшүнө уруксат берилбейт. 20 орунга чейинки кичи автобустар, жеңил машинелер өтө алат.

“Тараптар макулдашты. 2021-жылдын 1-апрелинен тартып Риштан-Кайтпас жана Өтүкчү -Тул чек ара бекеттери ачылат. Сохто эч кандай коридор жок”, -деди Ташиев.

13-мартта президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек Садыр Жапаровдун Өзбекстандагы мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы жөнүндө орусча маалымат таратып, расмий Бишкек Кыргызстандын аймагында жайгашкан Сох анклавына авиакаттам жана транспорт жолун ачууга даяр экенин айткан. Жашоочулар чек ара аркылуу ары-бери эркин каттай ала турганын, Өзбекстан Кыргызстанга талаш жараткан Аксыдагы Үңкүр-Тоону берүүгө даяр экенин белгилеген.

Президент Садыр Жапаров 15-мартта “Азаттык” радиосуна бул маалыматты төгүндөгөн.

Ташиев жетектеген чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегация 24-25-мартта Ташкентте болгон. Анда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча кезектеги сүйлөшүү жүргөн. Делегация чек ара боюнча өкмөт аралык жыйынга да катышкан. (MiK)

XS
SM
MD
LG