Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:30

COVID-19: Кытай Кыргызстанга 150 миң доза вакцина берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

COVID-19га каршы 150 миң дозалык «SinoPharm» вакцинасы Кытайдан Кыргызстанга гуманитардык жардам катары акысыз берилди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, 19-мартта жардамды кабыл алуу иш чарасына премьер-министр Улукбек Марипов, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь катышты.

Марипов Кыргызстан коронавируска каршы жеке күч-аракети, эл аралык өнөктөштөрдүн көмөгүнө таянып күрөшүп жатканын билдирди.

Кытайдын элчиси гуманитардык жардам эки өлкө ортосундагы достук мамилелерден кабар берерин айтты.

Өлкөдө акыркы күндөрдө илдетке чалдыккандар айыккандардан кыйла көп болууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган 2020-жылдын март айынан тартып оорудан кайтыш болгондордун жалпы саны 1487 кишиге жетти.

Пандемияда оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 87 239 киши болду. Анын 84 084ү айыгып чыкты.

Азыр 400 киши ооруканаларда жатат. Анын 20сынын абалы өтө оор, 108 кишинин акыбалы оор деп бааланган. 272 бейтаптын абалы орто оордукта. 324 адам үй шартында дарыланууда. (NT)

XS
SM
MD
LG