Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:50

HRW Азербайжанды армян туткундары боюнча иликтөөгө чакырды


Армян согуш туткунуна ырайымсыз мамилени чагылдырган интернеттеги видео
Армян согуш туткунуна ырайымсыз мамилени чагылдырган интернеттеги видео

Human Rights Watch (HRW) уюму Азербайжанды былтыр күзүндөгү Тоолуу Карабак үчүн согушта туткунга түшкөн армян аскерлерин кыйноого байланыштуу маалыматтарды териштирип, күнөөлүүлөрдү жазага тартууга чакырды.

“Азербайжан күчтөрү армян аскерлери колго түшкөндө, бир жерден экинчи жерге алып барганда жана камактагы кезинде ырайымсыз кыйноого алып, ыдык көрсөткөн”, деп айтылат HRWдын 19-мартта тараткан баяндамасында. Уюм туткунга түшкөн аскерлер жана жайкын тургундарды бошотуп, акыркы жолу Азербайжан түрмөлөрүндө кармалып тургандар жөнүндө маалымат берүүнү талап кылды.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон “армян аскерлерине ырайымсыз мамиле кылып, кыйноого алуу жийиркеничтүү жана согуштук кылмыш болуп саналат”,-деп айтты.

Уильямсон Азербайжан түрмөлөрүндө кармалып турган бир нече аскердин дайыны чыкпай жатканына тынчсыздануусун билдирди.

HRW уюму туткунга түшкөн бир нече аскер менен баарлашкан. Алар колго түшкөн учурда тынымсыз ур-токмокко алынып, электр тогу менен кыйноого туш болгонун айтып беришкен.

Былтыр күзүндө Тоолуу Карабак үчүн Азербайжан жана Армения ортосундагы куралдуу жаңжал алты аптага созулган. Анын жүрүшүндө миңдеген аскерлер набыт болуп, жүздөгөндөрү туткунга түшкөн. Азербайжан, Армения жана Орусия үч тараптуу макулдашууга кол койгондон кийин гана бул согуш токтотулган.

Жикчил Тоолуу Карабактын чет жакаларындагы үч район кайра Азербайжанга кайтарылды. Аймакка тынчтык орнотуу күчтөрү катары Орусиянын 2 миңдей жоокери киргизилди.

XS
SM
MD
LG