Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:31

Сот Мухаммедкалый Абылгазиевди 26-майга чейин камакта калтырды


Мухаммедкалый Абылгазиев. Архивдик сүрөт.
Мухаммедкалый Абылгазиев. Архивдик сүрөт.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 19-мартта экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бөгөт чарасын карап, анын камактагы мөөнөтүн дагы 2 айга узартты.

Райондук соттун басма сөз катчысы Айзада Момунова «Азаттыкка» билдиргендей, мурдагы өкмөт башчы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында 2021-жылдын 26-майына чейин кармалат.

Соттук олтурумга Абылгазиев өзү алынып келинди. Журналисттердин «козголгон кылмыш ишин саясий иш деп эсептейсизби?» деген суроосуна ал чыгып бараткан учурда «азыр тергөө жүрүп жатат» деп жооп берди.

Атайын кызмат мурдагы премьер-министрди өкмөт башчы болуп турганда «Кумтөр Голд» ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго мыйзам бузуп кол койгон деген шек менен 26-январда кармаган. Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын 28-январда карап, 26-мартка чейин камакка алган болчу.

УКМК Абылгазиевди мамлекеттик кызматта турганда өзүнүн активдерин мыйзамсыз көбөйтүп, аларды мыйзамдаштырыш үчүн Бишкекте, Чүйдө жана Ысык-Көлдө кымбат баалуу мүлк сатып алган жана тандалма көп кабат үйлөрдү куруу тармагына каржы салган, бул активдерди башка адамдарга жаздырып койгон, деп да шек саноодо.

Экс-премьердин адвокаты Данияр Эркимбаев кийин Абылгазиевге Кумтөр кенинин аянтын кеңейтүү максатында кошумча чалгындоо үчүн жер бөлүп берүү боюнча айыптоо болгон эмес деп билдирип, батирлер боюнча коюлган айып кайра алынып салынганын маалымдаган.

Экс-премьер былтыр октябрда пандемияда гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшү боюнча кылмыш ишинин алкагында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) сурак берип чыккан.

Сурактан кийин ал журналисттерге жетекчи болуп турганда эч кандай мыйзам бузбаганын билдирген болчу.

Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылы 20-апрелде өкмөткө келип, 2020-жылдын июнь айында радиожыштык чырына байланыштуу кызматтан кеткен. (ErN)

XS
SM
MD
LG