Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:52

Активист Тилекмат Кудайберген уулу ачкачылык кармоону улантууда


Тилекмат Кудайберген уулу.
Тилекмат Кудайберген уулу.

Бишкектин №1 Тергөө абагына камакка алынган активист Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) ачкачылык акциясын улантып жатат.

Бул тууралуу Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, аталган борбордун өкүлдөрү тергөө абагына 18-мартта кирип, активисттин абалын көрүп чыгышкан. Ал сот чечимине нааразылык иретинде ачкачылык кармоону улантарын айткан.

Кудайберген уулу Жазык кодексинин 310-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») жана 264-беренеси («Массалык баш аламандыктар») менен айыпталууда.

Укук коргоо органдары анын Facebook түйүнүндөгү билдирүүсүндө "бийликти кулатууга чакырыктар бар" деген негизде 15-мартта Бишкектен кармаган.

Свердлов райондук соту 16-мартта активисттин бөгөт чарасын жабык карап, бир айга тергөө абагына камакка алган.

Ал сот залынан милиция кызматкерлеринин коштоосунда чыгып баратып ошол күнү ачкачылык баштай турганын айткан.

9-мартта башкалаада Конституциянын жаңы долбооруна каршы өткөн тынчтык митингин Тилекмат Кудайберген уулу алып барган.

15-мартта анын үйү жана ал мүчө болгон «Ханституцияга каршы» борборунда да тинтүү жүргүзүлгөн. (NT)

XS
SM
MD
LG