Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:09

Абхазиядан алынып келген машина ээлери митингге чыгышты


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Борбордук "Ала-Тоо" аянтында 19-мартта Абхазиядан келген машине ээлери чогулуп, нааразылык билдирип жатышат.

Алар бийликке кайрылып, абхаз номуру менен жүргөн автоунааларын каттоону талап кылышууда.

Журналисттердин билдирүүсүндө, акцияга 50дөй жаран чыкты.

Буга чейин Мамлекеттик Бажы кызматы Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз киргизилген машинелерди аныктоо боюнча рейд жүрүп жатканын билдирген.

Анын жүрүшүндө Абхазиянын номуру менен мыйзамсыз жүргөн он автоунаа кармалып, айып жайына токтотула турганы кабарланган. Бийликтер бул автоунаалар чек арадан мыйзамсыз өткөрүлгөн деп эсептейт. Мындай машинелерди аныктоо боюнча рейд баардык облустарда улантылмакчы.

Өкмөт нааразы тараптын талаптары тууралуу комментарий бере элек. (NT)

XS
SM
MD
LG