Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:03

USAID: Баткен, Жалал-Абадда балдардын 90% туура эмес тамактанат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад жана Баткен облусунда жашаган алты айдан эки жашка чейинки балдардын 90% бир суткада азыктануусуна печенье, газдалган суусундук, чипсы, туздалган печенье баштаган зыяндуу азыктарды жейт.

Бул маалымат USAID уюмунун "Мыкты азыктануу" долбоорунун алкагында жүргөн изилдөөдө аныкталды. Жогоруда саналган зыяндуу тамак-аштын түрү балдарда ашыкча салмакка жол ачып, дени сак чоңоюшуна тоскоол болот.

Долбоордун алкагында 17 миңдей үй-бүлө сурамжылоого алынган. Анын натыйжасында алты айга чейинки балдардын жарымы гана жалаң эмчек сүтү менен чоңоюп жатканы билинди.

ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 18 жашка чыга элек 1 миллиондон ашуун бала бар.

Балдар арасындагы жакырчылык 32,1% деп эсептелген. Беш жашка чыга элек балдардын 43% аз кандуулук оорусунан жабыркайт. (BCh)

XS
SM
MD
LG