Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:56

Кремль Путин тууралуу сөзү үчүн Байденди сындады


Жо Байден жана Владимир Путин
Жо Байден жана Владимир Путин

Кремль АКШнын президенти Жо Байденди "эки тараптуу алаканы жакшыртууга каалоосу жок", деп айыптады. Вашингтон менен Москванын алакасындагы кризисти Кошмо Штаттардын президенти Жо Байдендин Владимир Путиндин дарегине катуу сын айтканы тереңдетти.

17-мартта Байден "ABC News" каналына берген интервьюсунда журналисттин "Орусия президенти Владимир Путин киши өлтүргүчпү?” деген суроосуна “ооба” деп жооп кайтарган. Ал орус бийлиги АКШдагы шайлоого кийлигишүү аракети үчүн жакын арада жооп бере турганын айткан эле.

Мындан соң Орусия АКШдагы элчисин Вашингтон менен алакасы тууралуу кеңешүү үчүн чакыртып алды. Ал эми Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков «абдан жаман» жана «чектен чыккан», деп атаган.

АКШ менен Орусия ортосундагы алака «кансыз согуш» жылдарынан бери абдан төмөн деңгээлге түшүп кетти. Буга Москванын Кошмо Штаттарда жана башка мамлекеттерде шайлоого кийлигишүү аракеттери, Сирия жана Украинадагы жаңжалдар, орус хакерлеринин киберчабуулдары жана оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын уулундарылышы жана камалышына байланышкан маселелер себеп болду.

17-мартта АКШ камакта жаткан орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйга байланыштуу Москвага санкциялар күчөй турганын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG