Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:00

Коронавирус: Болгарияда карантин чаралары киргизилет


Болгария коронавирус жайылып жатканына байланыштуу бала бакча, мектеп, ресторан жана соода борборлорун 10 күнгө жабат. Мындай чара өлкөдөгү ооруканаларда бош орундар аз калганынан улам көрүлүүдө.

Өлкөнүн саламаттык сактоо министри Костадин Ангелов 22-марттан тартып театр, кинотеатр жана машыгуу залдары жабыларын, 15тен ашык адам бир имараттын ичине чогулушуна тыюу салынарын билдирди. Бойко Борисов жетектеген өкмөт 4-апрелге белгиленген шайлоонун алдында жарандардын саламаттыгын коргоо үчүн бардык чаралар көрүлүп жатканын жарыялады.

18-мартта Болгарияда 4201 адамдан коронавирус аныкталганы белгилүү болду. Учурда ооруканаларда 7804 адам жатат, алардын ичинен 609у реанимацияда.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө 290 миңден ашык адам вирус жугузса, 11 миңдей адам каза болду. Калкынын саны 7 миллионду түзгөн Болгарияда 350 миңдей адам коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасы менен эмделди. Бул Европа Биримдигиндеги өлкөлөрдүн ичинен эң төмөнкү көрсөткүч.

XS
SM
MD
LG