Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:24

Коронавируска байланыштуу Бишкекте Нооруз белгиленбейт


Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде пневмонияга чалдыгып, дарыланып жаткан балдар. Февраль, 2021-жыл.
Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде пневмонияга чалдыгып, дарыланып жаткан балдар. Февраль, 2021-жыл.

Бишкекте быйыл 21-март - Ноорузга арналган массалык иш-чараларга чектөө киргизилип, салтанаттар өткөрүлбөй турган болду.

Шаардык мэрия билдиргендей, мындай чечим коронавируска байланыштуу кабыл алынды.

Бишкектин мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалыматына караганда, башкалаада быйыл январдан 18-мартка чейинки аралыкта 2551 кишиден коронавирус жана пневмония аныкталды.

Чектөөлөргө Европада коронавирустун жаңы штаммдары жайылып, коңшу мамлекеттер карантиндик чараларды күчөтүп жатышы да себеп болду.

Мэрия шаардагы бейтапканаларга суук тийүү жана сасык тумоонун белгилери менен кайрылган балдар бир жарым эсе көп болуп жатканын эске салды.

Статистикага ылайык, акыркы суткада өлкөдө 98 адамдан вирус жаңы аныкталып, каза болгон учур катталган жок.

Министрликтин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган 2020-жылдын март айынан тартып оорудан кайтыш болгондордун жалпы саны 1485 кишиге жетти.

Пандемияда оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 87 143 кишини түздү. Анын 84 031и айыгып чыкты.

Азыр 347 киши ооруканаларда жатат. Анын 17синин абалы өтө оор, 85 кишинин абалы оор деп бааланган. 337 адам үй шартында дарыланууда.(NT)

XS
SM
MD
LG