Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Кыргызстан "AstraZeneca" компаниясынын вакцинасын алууну токтотту


Алымкадыр Бейшеналиев
Алымкадыр Бейшеналиев

Кыргызстан британиялык "AstraZeneca" компаниясынын вакцинасын алууну убактылуу токтотту. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 18-мартта Бишкекте өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан дүйнөлүк вакцинация боюнча COVAX программасына кирген.

"Биз "AstraZeneca" чыгарган вакцинаны ала турган болгонбуз. Аны -18, -20 градуста сактаса болот экен. Мындай муздаткычтар бизде бар, жетпегендерин сатып алып жатабыз. Март айында бул вакцинаны алып, эмдөөнү баштамакпыз. Дания, Венгрия сыяктуу Европадагы өлкөлөрдө бул вакцинаны сайгандан кийин адамдардын абалы начарлап, өлүмгө учураган учурлар болду деген кабарлардан улам биз COVAX тутуму менен сүйлөшүп, мунун себеби аныкталгыча вакцинаны алууну токтотуп койдук".

Бейшеналиев клиникалык изилдөөлөрдүн үчүнчү этабын күтүү зарылдыгын, жалпы COVAX программасы менен 1,2 миллион доза вакцина алууга мүмкүн экенин айтты.

19-мартта Кытайдан 150 миң доза вакцина келери күтүлүп жатканын, Орусиянын "Спутник" вакцинасы да жакынкы күндөрү келерин кошумчалады.

Америкалык "Pfizer" компаниясы 2021-жылдын январь айында Кыргызстанга 30 миң доза берүүнү сунуштаган. Бирок -70 градустук муздаткычтар жок болгондуктан кыргыз тарап ал компаниянын вакцинасынан баш тарткан.

Буга чейин айрым Европа өлкөлөрү "AstraZeneca" вакцинасынын терс таасирлеринен улам колдонууну токтотуп койгон.

Кыргызстанда пандемияда коронавирусту жугузуп алгандардын расмий эсеби 87 143 кишини түздү. Анын 84 031и айыгып чыкты. Бишкек шаарындагы жугуштуу оорулар клиникасына 2020-жылдын 18-мартынан бери жети миңден ашуун адам коронавируска чалдыгып түшкөн.

Министрликтин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган 2020-жылдын март айынан тартып оорудан кайтыш болгондордун жалпы саны 1485 кишиге жетти. (BCh)

XS
SM
MD
LG