Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:23

Диний сабырсыздыкты билим жеңет


Уланбек Калмурза уулу
Уланбек Калмурза уулу

Диний радикалдык агымдардын жайылуусуна билим берүү менен гана чек коюлабы же башка иш-аракеттер да зарылбы? Дин тутунгандар менен дүйнөбий көз караштагы адамдардын ортосундагы ажырым, бири-бирине сабырсыз мамиле кылуу деле радикализмдин тамыр жайышына өбөлгө түзүшү мүмкүнбү?

“Биз жана дин” түрмөгүндө ушул жана башка суроолордун тегерегинде сөз кылдык. Эксперт Канатбек Мурзахалиловдун суроолоруна теолог Уланбек Калмурза уулу жооп берди.

- Акыркы жылдарда динди карманган адамдардын саны туруктуу өсүп жаткандыгын тажрыйба өзү көрсөтүп келет. Диний практика өзгөчө жаштар арасында актуалдашып, динзар жаштар көбөйгөнү байкалууда. Ошол эле учурда орто жаштагы, улгайган курактагы адамдар анчалык динге берилген эмес. Бул тенденция көбүнесе кандай себептердин негизинде ишке ашууда?

Диний сабырсыздыкты билим жеңет
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:08 0:00
Түз линк

- Кыргызстан 70 жылдан ашуун СССРдин курамында коммунисттик идеологиянын негизинде жашап өттү. Ошол учурда төрөлгөн биздин мекендештер динден өксүк билим алгандыктан, алардын динден алыстыгы байкалат.

Ал эми өлкөбүз эгемендүүлүккө жетишкен 30 жылдан бери эркиндик берилди. Жаштарыбыз Кыргызстандан, чет өлкөлөрдөн диний билим алып, коомдо диндарлашуу процесси, диний практика башталды десе болот. Дин социологиясында диндарлашуунун өзүнүн квалификациялары бар. Эгерде процессти бул квалификацияга салып көрсөк, анда кыргыз коомунда ашыкча диндарлашуу болгонун айта албайбыз.

Биз жаштардын арасында орточо деңгээлде диндарлашуунун же диний ритуалдарды практикалоонун активдешкенин байкайбыз. “100 жылда жер жаңы, 50 жылда эл жаңы” дегендей ар бир муунда чейрек кылым алмашкандан кийин ушундай көрүнүштөр байкала берет.

- Деги эле динди практикалаган, атеисттик же агностикалык көз карашты карманган жаштардын арасындагы мамиле кандай өңүттө жүрүп жатат?

- Жалпысынан Кыргызстандын абалында өтө эле агрессивдүү, бири-бирин жек көргөн көрүнүштөрдү байкай элекмин. Жыл сайын өтүүчү кээ бир иш-чараларда, кээ бир окуяларда бул теманын айланасында бири-бирине доомат айтуу же акарат кылуу сыяктуу нерселерди көрүүгө мүмкүн.

Бул маселени деле эки тараптуу карасак болот. Дин тутунгандар да, динди карманбагандар же башка диндин өкүлдөрү деле толеранттуу болбогондуктан, өздөрүнөн башка ишенимдегилерге же башка диндеги адамдардын ишенимине, эркиндиктерине сый-урмат менен мамиле кылбагандыктан айрым терс көрүнүштөр келип чыгып жатат. Бул багытта түшүндүрүү иштери жандануусу керек. Бирок, алардын ортосундагы мамиле өтө эле терс өңүттө деп айта албайбыз.

- Өз сөзүңүздө диний толеранттуулук аз деп айттыңыз. Эмне үчүн коомдо, жаштар арасында диний толеранттуулук аз болуп жатат? Бул кайсы факторлорго байланыштуу? Диний билим берүү, түшүндүрүү иштеринин аздыгынанбы?

- Албетте, бул жерде диний билимдин, диний сабаттуулуктун аз болуусу байкалат. Мындай түшүнүк бар. Бардык диндеги адамдар “менин ишенимим же мен карманган пикирим жалгыз гана акыйкат” деген пикирди карманып алганында. Алар мындай ойго эмнеден улам келишет? Алар китеп окубагандыктан, жаңыланбагандыктан, өзү билим албагандыктан ушундай бир пикирди кармап, “ушул гана акыйкат” деп туруп алганынан улам келип чыгат. Бул көз караштан арылуунун бир гана жолу – илим–билим, окуу.

- Түрдүү радикалдуу топтордун өкүлдөрү өз диний көз караштарына үгүттөө жана тарапташтарды азгыруу үчүн интернет аянтчаларды, социалдык тармактарды активдүү пайдаланып, онлайн топторун түзүшөт. Студенттерди болсо айрым диний жааматтар жатакана, тамак-аш менен камсыздап, өз катарына тартып жатышат. Сиз жогоруда айткан диний сабаттуулуктун төмөндүгү, мамлекеттеги ырааттуу жаштар саясатынын жоктугу аларды түрдүү багыттагы диний уюмдардын катарына кирип кетүүгө өбөлгө түзүүдө. Эмне үчүн жаштар радикалдуу топторго мүчө болуп жатат?

- Менинче, эң башында өлкөдөгү жумушсуздук, жакырчылыктын себебинен десек болот. Бардык эле ушундай терс көрүнүштөр экономикалык абалдын төмөндүгүнөн келип чыгат. Бул эң негизги нерсе. Анан ички, тышкы миграция да себеп болот. Испаниялык бир социолог радикалдашып кеткен адамдарга багытталган изилдөөсүндө мээрим көрбөгөн, табиятынан аябай оор адамдар радикалдашууга көбүрөөк ийилген деп белгилеген.

Радикалдашуу Кыргызстанда да болуп жатат. Мисалы, эгемендүүлүктү алгандан бери биздин жарандарыбыз мигрант болуп чет өлкөлөргө кетип калып жатат. Алардын бала–чакасы Кыргызстанда калууда. Ушундан улам алар түрдүү багыттагы диний уюмдарга дагы кирип кетүүдө. Дагы бир негизги себеп биздеги мектептерден эч кандай диний маалымат албагандыктан 16-18 жаштан кийин каалаган диний агымга “ошол гана туура” деп алардын катарына кирип кетип жатышат.

Бул көйгөйдү чечүүнүн жолу – мектептен баштап эле “Дин таануу”, “Диндердин тарыхы” деген сабактын кирип, же динге байланыштуу маалыматтарды берүү менен жоюлат деп ойлоймун.

Муфтияттагы миллиондор: Ажылыктын акча чыры
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:59 0:00

- Радикалдуу диний агымдардын идеяларына жаштардын азгырылуусун алдын алуу бир гана билим менен чектелет деп ойлойсузбу?

- Албетте, билим менен чектелет. Мамлекет жарандарына диний билимди өзү гана бергенде бул көрүнүштү алдын алууга мүмкүн жана ал азаят. Себеби мамлекет жарандарына диний билим берип, диний муктаждыктарын өзү камсыздап бербесе, башка бир туура эмес, өлкөнүн коопсуздугуна, Кыргызстан элдеринин каада-салтына, маданиятына каршы болгон ар кандай салттуу эмес агымдардын же радикалдуу топтордун пикирлери калктын “башына” куюлуп калат.

Өзгөчө “радикалдашуу 16-18 жаштан башталат” деп айтылып жатпайбы. Бул куракка чейин диний маалымат болбогондуктан, ким биринчи маалыматты “мээсине” куйса, ошол гана акыйкат деп кетип калып жатышат. Демек, аларды мамлекет өзү көзөмөлдөш керек. Бул жерде теология факультеттеринин, теологиялык колледждин өзгөчө орду бар. Жаштарга сабак берүүдө, диний агартуучулук иштерди жүргүзүүдө алардын потенциалын пайдаланыш керек.

-Акыркы кезде социалдык тармактарда диний темага байланышкан маселелер кызуу талкуу, талаш-тартыштын чордонуна айланууда. Ушундай бир тараптуу динди мактаган же аны жактаган полемика ар кандай көз караштагы жаштар арасында диний чыр-чатакка жол ачпайбы?

- Ооба, эгерде ушундай темп менен эч кандай кийлигишүү, алдын алуу же агартуу иштерин кылбасак, бул жараян токтоп калат деп эч ким кепилдик бере албайт. Албетте, сиз айткандай чоң бир чыр–чатактын башы болуп калышы мүмкүн. Бул жерде жарандарыбыздын медиа жана диний сабаттуулугунун төмөндүгү себеп болуп турат. Мен дагы 2012–жылдан бери социалдык тармактардын активдүү колдонуучусумун.

Карап, талдап, өзүмдүн байкоолорумду жасап жүрөм. Социалдык тармактарда, өзгөчө "Фейсбукта" тайпаларда же жеке посттордо аты-жөнү, сүрөтү жок “фейк” аккаунттардан келген кандайдыр бир “четки” пикирлер, адамдардын сезимин козгой турган сенсациялуу билдирүүлөрдү атайын жазышканда, аларга жөнөкөй колдонуучулар реакция кылып, жооп берип, комментарий калтырып жатышат.

Негизинен, андай аты жок “фейк” аккаунттарга такыр жооп бербей эле, алардын маалыматтарын этибарга албаш керек. Бирок, кайрадан эле биздин жарандар, тилекке каршы, ушул “чуңкурга” түшүп калууда. Бул медиа сабаттуулуктун аздыгынан, берилип жаткан “четки” пикирлерди филтирлей албаганыбыздан улам ушундай жолго түшүп кетүүдөбүз.

- Өз сөзүңүздө кийлигишүү керек деп айттыңыз. Бул жараянга ким кийлигишүүсү керек? Мамлекет кийлигише баштаса анда дин эркиндиги, адам укуктарына чектөө болуп калабы? Маселеге ким киришип, аны ким чечүүсү зарыл?

- Бул жерде чектөө, тыюу салуу менен маселени чечүү мүмкүн эмес деп ойлойм. Чектеп, тыйбай эле анын ордуна жаштарга диний агартууну, медиа сабаттуулукту, өзгөчө мектеп, керек болсо бала бакчалардан баштап эле жарандарыбызды окута башташыбыз керек. Андан кийин жарандарыбыз диний сабаттуулукту кайдан үйрөнөт? Мечиттен. Демек, мечиттеги имамдардын, молдолордун билим деңгээлин жогорулатып, курстардан өткөрүп, аларга дагы кандайдыр бир артыкчылыктарды, колдоолорду көрсөтүү зарыл. Ушундай кадамдар менен диний чөйрөдөгү терс көрүнүштөрдү азайтуу мүмкүн.

- Бүгүнкү күндө Кыргызстан көп улуттуу, көп диндүү мамлекет катары таанылып калды. Түрдүү диний көз карашты карманган жаштар дагы бар. Түрдүү диний ишенимдеги жаштар арасында өз ара мамиле аянтчасын түзүү менен түшүнбөстүктөрдү жойсо болобу? Мисалы, кайрымдуулук иштери, диний майрамдарды биргелешип өткөрүү сыяктуу.

- Албетте, болот. Менин жеке байкоолорумда, башка диндин өкүлдөрү менен ислам динин тутунган кишилер ортосунда көп деле ажырым же талаш-тартыш көрүнбөйт. Алар менен мамиле жакшы. Бирок, эң көп чыр–чатак, түшүнбөстүк, пикир келишпестик исламдын ичиндеги ар кандай агымдар, топтор, жааматтар арасында көп болгондугу өтө таңкалычтуу. Ушундай көрүнүш байкалат. Ал эми башка дин өкүлдөрү, агностикалык ишенимдеги же башка философиялык агымдар менен анча деле оор талаш–тартышууну байкай элекмин.

Муфтият чыры жана дин саясаты
please wait

No media source currently available

0:00 1:09:06 0:00

Бардык диндердин орток баалуулуктары бар. Бардык эле диндер адеп-ахлактык, этикалык баалуулуктар менен биргелешет. Алар окшош. Сиз айткандай, кайрымдуулук кылуу. Мисалы, жардыларга, ата–энеси жок балдарга, кары–картаңдарга, майып адамдарга жардам берүү иштери.

Экинчиси - “мамлекет” деген баалуулуктун ичинде топтолууга мүмкүн. Мисалы, патриоттуулук деген нерседе булар бирге иштешсе болот. Себеби, алар түрдүү ишенимде болсо да бир мамлекеттин жарандары, бир өлкөдө жашайт. Так ушул жерде биргелешкен баалуулуктар кесилишет.

Анан эң негизгиси, ар бир адам башка бирөө менен мамиле кылууда анын дини эмес, кесипкөйлүгүнө карап мамиле жасоо керек. Мисалы, менин кошунам башка динде, башка ишенимде болсун - ал мени кызыктырбашы керек. Эң негизгиси кошуналар менен жоопкерчиликтер, милдеттер бар. Ошону карашым керек. Анын диний ишеними мени кызыктырбайт. Мугалим менен окуучунун, иш берген менен жумушчунун ортосунда эч кандай диний ишенимине же кандайдыр бир тутунган көз карашына карап эмес, кесипкөйлүк дараметине карап баа бергенде гана көптөгөн чыр–чатактардын, түшүнбөстүктөрдүн алдын алууга мүмкүн болот. Адамзаттык, инсандык баалуулуктарда биргелешсек, диний негиздеги терс көрүнүштөр азаят же бара–бара тамыры менен жоголот.

- Сиз санаган факторлорду теориялык деп эсептеп коюп, практика жүзүндөгү иштерге келсек. Эми түрдүү диний ишенимдеги адамдардын бири–бирин түшүнүүсүн кандайча ишке ашырса болот? Бул жараянда негизги медиаторлук ролду ким аткарыш керек? Мамлекетпи, диний уюмдарбы, диний лидерлерби же динзар жаштардын лидерлериби?

- Ар бир жарандын өзүндө жогоруда биз айткан сезимдер болуш керек. Кандайдыр бир платформанын алкагында же кайсы бир мекеме ушул ишти аткаруусу керек деп эсептебейм. Ар бир адам бири-бирин түшүнүшү керек. Башкалардын диний ишенимин сыйлоосу шарт.

XS
SM
MD
LG