Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 14:27

Муфтияттагы "дүрбөлөң"


Иллюстрациялык сүрөт.

Алдыдагы муфтий шайлоого байланыштуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын айланасында ызы-чуу күч алды.

Аалымдар кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев муфтий Максат ажы Токтомушевди матрудий акыйдасын бурмалап, салафизмдин кооптуу идеяларын жайылтууда деп, аны токтоосуз кызматтан алуу демилгесин көтөрдү.

Ошондой эле ал былтыр үзгүлтүккө учураган ажылыктын айынан зыяратчылардан чогултулган 15 млн. долларга чукул акчанын отчету берилбей жатканын билдирди. Андан мурун бир аял жер тилкесин сатып, акчасын алдап, бербей жаткан адамга муфтий ортого түшкөнүн айтып, бул кыңыр иште ал жана башка таасирдүү адамдар турганын жарыялаган.

Муфтий Максат ажы Токтомушев мунун бардыгы алдыдагы шайлоого байланыштуу жалаа экенин, коюлуп жаткан ар бир дооматты четке кагып, жооп берерин билдирди.

Акыйданын айынан чыккан чыр

Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын жобосу боюнча мусулмандар курултайы муфтийди, Аалымдар кеңешин жана Борбордук текшерүү комиссиясын төрт жылга шайлайт. Максат ажы Токтомушев 2017-жылы экинчи ирет муфтийликке шайланган. Анын мөөнөтү аяктап калганына байланыштуу курултай чакыруу жана муфтий шайлоо маселеси күн тартибинде.

Максат ажы Токтомушев үчүнчү мөөнөткө шайлоого барарын, буга бекитилген жобо жол бере турганын белгилеген.

Бул арада Аалымдар кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев Максат ажы Токтомушевге ишенбөөчүлүк жарыялап, аны курултайдагы шайлоого чейин кызматынан токтоосуз алуу демилгесин көтөрүп, ага тиешелүү мамлекеттик органдардын көңүлүн бура турган олуттуу негиздер бар экенин билдирди:

Абибилла Кадырбердиев
Абибилла Кадырбердиев

"Муфтийди кызматынан алуу маселесин былтыр август айынын аягынан бери айтып келе жатабыз. Себеби бул киши акыйда жаатында одоно катачылыктарга жол берди. Ал тымызын салафизм-вахабизм идеясын жайылтты. Мисалы, таухид Аллага ишенүү - Алланы жалгыз деп билүүнү үчкө бөлүү маселесин көтөрүп чыккан. Ал эми биздин матрудий акыйдасында мындай кылуу мүмкүн эмес. Бул вахабизмдин идеясы болот. Таухидди үчкө бөлүүнүн себебинен адамдарды каапырга чыгаруу өкүмү келип чыгат. Мисалы,"ким намаз окубаса, ким орозо кармабаса, ал каапыр, анын каны да, анын малы да адал" деп аны каапырга чыгарып, мына ушундай идеялар келип чыгат. Сириядагы, Жакынкы Чыгыштагы мусулмандар ортосунда жүрүп жаткан уруш-талаш, согуш, жаңжал жана кан төгүүгө дагы акыйданын ушул бөлүктөрү себепчи болгон. Акыйданы айткан адам өзү ошол акыйдада болот. Болгону алар азыркы биздин мыйзамдардан коркуп бирөөнү каапырга чыгарып, анын канын-жанын жана малын адал кыла албай келишет".

Биз менен маегинде Абибилла ажы Кадырбердиев азыркы муфтий менен Чубак ажыга байланыштуу да бир жагдайга токтолду:

"Биздин устаздар бул кишинин былтыр август айынын этегинде айткан сабактарына ачууланып жатат. Себеби буга чейин ал жакшы эле келген, анан эмнеге мындай дейт десе, устаздар "ал муну Чубак ажынын көзү өтүп кеткенден кийин айтып жатат, "Чубактан башка адам байкай албайт" деп айткан болсо, адашат, андан башкалар деле билип алышат" дешкен. Ошондуктан биздин устаздар "бул азыр Чубак ажыдан башкасын тоготпой, мурдатан жашырып жүргөн идеяларын эми ачыкка чыгарды" дешкен. Эң эле өкүнүчтүүсү ал ушул нерселерди "матрудий акыйдасында ушинтип айтылат" деп түшүндүрүп жатат. Бирок матрудий акыйдасында мындай нерселер жок. Ошондуктан бул кишинин курултайга чейин муфтий болуп турганынын өзү кооптуу. Ал эми азыр анын кийинки мөөнөткө кайрадан муфтийликке шайланышы андан дагы кооптуу болуп турат. Себеби ал акыйдада концепцияны да, уставды да одоно бузуп, матрудий акыйдасын талкалап салган".

Жобого ылайык муфтийди шайлоо үчүн отчёттук курултай чакырылып, анда Аалымдар кеңеши тандаган жалгыз талапкер көпчүлүк добуш менен бекитилет. Учурда муфтийлик кызмат орун үчүн ар кайсы диний жамааттар менен агымдардын ортосунда тымызын күрөш жүрүп жатканы буга чейин белгиленген.

Муфтий Максат ажы Токтомушев Аалымдар кеңешинин төрагасынын аны матрудий акыйдасын бурмалап жатканына карата айткан айыптоосун курулай жалаа катары кабыл алды:

Муфтий Максат Токтомушев.
Муфтий Максат Токтомушев.

"Мунун бардыгын курулай жалаа деп коёт. Менин сабактарымдын бардыгы бүгүнкү күндө интернеттеги YouTube каналында турат. Мисалы бир таухид, Алла-Тааланын бирдигине ишенүү боюнча биздин ишеним мындай деп биздеги ханафи-мазхаб, матрудий акыйдасын айтып, "андан кийин башкалар дагы мындай деп айтат, үчкө-төрткө бөлөт" деп билдирүү катарында айтып кеткемин. Биз аны биле жүрүшүбүз керек. Мисалы, кимдер кандай ишенимди тутуна турганын билишибиз зарыл. Ал эми мен тарабынан ал ишенимге чакыруу болгон эмес. Мен өзү мактанып койсом деле болот. Салафийлерге каршы күрөшүп, алар менен талашып-тартышкан мендей эч ким болгон эмес. Мисалы, ханафи мазхаб, матрудий акыйдасын элибизде бекемдөө үчүн Алла-Тааланын бирдиги боюнча таухид деп коёт, ошол китептен бирөө дагы ушул күнгө чейин сабак берген эмес. Берсе, жети жылдан бери беришпейт беле. Ошондуктан бул көрө албастыктын эле кесепети деп айтам буга. Албетте, анча-мынча жаңылбаган жаак жок. Биз бардыгын Аалымдар кеңешинин 21 мүчөсүнүн алдына коё турган болчубуз. Алар да китептерин алып келишсин. Биз дагы тиешелүү далилдерди көрсөтөлү. Эгерде кандайдыр бир катабыз болуп, жаңылыштык болсо, аны моюнга алганга даярбыз. Ошон үчүн бул өтө эле жүйөлүү себеп эмес".

Ошол эле кезде Аалымдар кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын айланасындагы туңгуюк абал 2020-жылдагы коронавирус пандемиясынын айынан үзгүлтүккө учураган былтыркы ажылыкты уюштуруудагы каржылык маселеге да байланыштуу экенин билдирди.

Ажылыктын акчасынын отчету

Сауд Арабия Падышалыгы 2020-жылдын эсебинен Кыргызстанга ажылыкка барууга 6 миң адамга квота чегерген. Анын 500 квотасы ажы башчыларына, ажылыкты уюштуруу боюнча штабдын өкүлдөрүнө берилип, 5500 зыяратчыдан 3350 АКШ доллары өлчөмүндө ажылык үчүн каражат топтолуп, муфтияттын банк эсебине түшкөнү көрсөтүлгөн. Мындан сырткары ага чейин ар жыл сайын ажылыкка барууга кезекке тургандарды тизмеге киргизүү үчүн 500 доллардан акча алынып келген.

Муфтияттын банк эсебинде ажылыкка байланыштуу зыяратка баруучулардын канча акчасы сакталып турганы белгисиз экени айтылып келет. Аалымдар кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев муфтий отчет бербей келе жатканын айтып, бул терең иликтөөнү талап кыларын белгиледи:

"Финансылык жактан кээ бир мүчүлүштүктөр бар деген имиштер чыга баштаганда РСК банкындагы муфтияттын эсебиндеги акчанын отчетун беришин талап кылгам. Анткени жобо боюнча менин талап кылганга укугум бар. Муфтийге эки ирет кат жазып, бирок эч кандай жооп ала алган жокмун. Азыр молдо болуп туруп, ал акчаны кантип эле жеп койсун деген ойдо турабыз. Ылайым эле жалган болуп калсын. Аныгын эми тиешелүү мамлекеттик органдар, көз карандысыз аудит текшерип, жыйынтык чыгарышы керек. Биз деле ошол отчетту күтүп жатабыз. Бирок ал отчетту бербей келет. Ошондо 5500 адам ажылыкка акчасын төккөн. Анын ичинен эки миңдей адам акчасын кайра кайтарып алганын айтууда. Ошондо үч миңден ашуун адамдын 3350 доллардан топтогон акчасы муфтияттын банк эсебинде туруш керек. Мындан сырткары ажылыкка кезекке туруп, орун алуу үчүн 500 доллардан төлөгөн адамдардын да акчасы ал жакта сакталып турса керек. Ошентип, болжол менен банк эсебинде 15 млн. доллардын айланасында акча турган болушу керек. Эми анын канчасы турат, канчасы каякка сарпталганы тууралуу жана акча банкта кандай абалда турат, деген суроолор боюнча кайрылганыбызда биз канааттандырарлык жооп алган жокпуз".



Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын каржылык ишмердигин көзөмөлдөө милдети муфтияттын алдындагы Борбордук текшерүү комиссиясына жүктөлгөн. Бул комиссия өз кезегинде жылына бир ирет финансылык отчеттуулук үчүн сырттан көз карандысыз аудит чакырып, ажылыкка топтолгон акчаны жана жалпы эле муфтияттын каржылык ишмердигине текшерүү жүргүзө алат.

Адатта жобого ылайык жыл этегинде каржылык текшерүү жүрүп, анын жыйынтыгы январь айында Аалымдар кеңешине сунушталат.

Борбордук текшерүү комиссиясынын мүчөсү Бакыт Нурдинов муфтияттын банк эсебиндеги акчасын аудитордук текшерүү аяктап калганын жана анын жыйынтыгы жакында белгилүү болорун билдирди:

"Азыр борбордук ревизиялык комиссия муфтияттын бир жылдык каржылык ишмердигин текшерүү иштерин аяктап калды. Анан актысы түзүлүп, бардык комиссия мүчөлөрү кол койгон соң анын жыйынтыгы Аалымдар кеңешинин кароосуна тапшырылат. Аалымдар кеңешинин жыйынында комиссиянын төрагасы текшерүү ишинин жыйынтыгы тууралуу маалымат берет. Шек жаралган учурлар тууралуу текшерүү иштери толук бүткөндөн кийин гана так айта алабыз. Азыр бүтө элек. Анан калса мындай текшерүү иштери убакытты аябай көп талап кылат экен. Ошонун бардыгы кандай болгонун толуктап, тактап, актыга жазып, көрсөтөбүз. Атайын мөөнөт коюлган. Ошол мөөнөткө ылайык бардыгын өз убагында карап чыгып, отчет беребиз. Ошого бизди дагы шаштырып жатышат".

Анткен менен Аалымдар кеңеши муфтияттын 2020-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча зыяратчылардан чогултулган акчанын дайынын иликтөө маселеси үстүбүздөгү жылы октябрь-ноябрь айында эле көтөрүлгөнү белгилүү болду. Анда былтыр ажылыкка барууну ниет кылып, акчасын төлөгөн зыяратчылардын айрымдары ажылыкка баруу үзгүлтүккө учураган соң, муфтияттан акчасын кайра кайтарып берүүнү талап кылган. Бирок муфтияттан анда алар кийинки жылга ажылыкка баруу кезегин жогото турганы боюнча эскертүү алышкан. Буга байланыштуу зыяратка бара тургандар тарабынан Аалымдар кеңешине арызданган учурлар катталган.

"Жалаага жабыккан арыздар"

Бирок муфтий Максат ажы Токтомушев териштире келгенде арызданды деген жүз адамдын муфтияттын банк эсебине акча которгону жалган болуп чыкканы аныкталганын айтты:

"100 адамдын канчасы ажылык үчүн муфтияттын банк эсебине акча которгонун текшерип баштасак, алардын бири дагы банктагы эсепке бир сом акча төлөбөгөнү аныкталды. Аны далилдей турган ошол каттардын бардыгы менде сакталуу. Бирок ошого карабастан алар бизди шантаж кылабыз деп ойлошкон. Ушинтип жалаа жапкандар Кудайдан деле коркпой калышыптыр. Текшерүү бүтсө, борбордук текшерүү комиссиясы бардыгын аларга көрсөтөт. "Акчасы берилбей калган" деген сөз акыйкатка туура келбейт. Беш жарым миңдей адам ажылык үчүн акча төлөп, бирок пандемияга байланыштуу ажылык үзгүлтүккө учурап, анын арасынан эки жарым миңдей адам акчасын кайра кайтарып алган. Акчасын кайтарып алган соң, алардын кезеги бузулат. Кезек алардан кийинки турган адамдарга өтө берет. Мындай тартипти ажылыкты уюштуруу боюнча мекеме аралык комиссия бекиткен. Ошондуктан айтаарым, банк эсебинде сакталып турган ажыга баруучулардын бир сом акчасы да шайлоого иштетилген эмес. Уурдалган эмес. Бардыгы ордунда турат. 15 миллион доллар дегенде Кудайды карап сүйлөш керек. Быйыл эми ажылык дагы үзгүлтүккө учурап калса же болбосо квота азыраак берилип калса, анда биз зыяратка баруу үчүн кезекке тургандардын былтыр чогултулган акчасын өздөрүнө кайтарып беребиз. Ошондо ажылардын акчасы ордунда бекен же жок болуп кеткен бекен, ошондо алар өз көздөрү менен көрүшөт".

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын айланасындагы бул чуулгандуу чырды талдоочулар муфтий шайлоонун алдындагы кадимки боло келген тирешүү катары сыпаттап, диний топтордун бийлик жана таасир талашуу амалдары катары мүнөздөдү.

Ошол эле кезде айрымдары айрыкча акыйда маселесинде жана муфтияттын каржы маселесинде өтө так болууну талап кылган жагдайлар бар экенин мисалга келтирген учурлар бар.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы Орозбек Молдалиев талаптарды сактоо так болбой, көзөмөл начарлап кеткен учурлар байкалып жатканын жана мына ошонун бардыгы шайлоонун алдында ачыкка чыкканын белгиледи:

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

"Мурда биз Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жетекчилик курамына жана Аалымдар кеңешине ханафи мазхабы, матрудий акыйдасын карманган адамдар гана кириши керек деген катуу талапты койгонбуз. Бирок кийинки жылдары бул маселеде бекитилген талап сакталбай, ар кандай аралашма жагдай болуп кеткени байкалат. Бирок эми азыр шайлоонун алдында чынында акыйдага деле ашыкча күйүнгөн эч ким жок. Болгону кызмат талашуу учурунда гана ушул өңдүү маселелер козголуп, бирине бири мына ушуга окшогон компроматтар аркылуу чабуулга өтүп калышат. Болбосо, айтылып жаткан дооматтар боюнча өз ара териштирип, такташып, чечишип алышса болот го. Мындайда чогуу-чаран отуруп, чайканалардан аш жеп жүрүшөт. Анан шайлоо болордо эле ушинтип козголуп калышат. Биздин диниятчылардын саясатчылардан эч айырмасы жок болуп бараткандай"

Акчасын алдаткан аялдын арызы

Ошол эле кезде Салима Медерова аттуу аял Бишкектин М.Ганди жана К.Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Ихсан Хайрия" фондуна таандык медресенин аймагынан жеке турак жай куруу үчүн 10 сотых жер тилкесин сатып алып, алданып калганы боюнча басма сөз жыйынын өткөрдү. Анда ал жер тилкесин саткан Кочкорбек Жуманазаров аттуу адам алдап кеткени үчүн милицияга арызданып, бирок муфтий Максат ажы Токтомушев ортого түшкөнкөндүктөн тосмо арыз жазып бергенин билдирди.

Бирок ушул күнгө чейин акчадан же жер тилкесинен жок калганын айткан Салима Медерова бул чырлуу иштин башында муфтий баш болгон өтө таасирдүү адамдар турганын айтып өттү:

"Мен жакшынакай үйүмдү сатып, 24,5 миң доллар акчаны ошол медресенин артындагы 10 сотых жер тилкеси үчүн санап бергемин. Башында бардыгы жайында болгондой көрүнгөн. Көрсө мени алдашкан экен, аны кийин билдим. Максат Токтомушев "Сиз эмнеге мага ишенбей жатасыз, мен кепилдик берем, бул жигиттер жакшы адамдар, аларды камактан чыгаруу керек" деди. "Гектарлаган жерге медресе куруп жатам, сиздин он сотых жериңиз мага эмне болуп калыптыр, жалгыз бой аял экенсиз, балдарыңызды медресеге окутуңуз, сиз өзүңүз ал жакта иштейсиз, мен үй куруп берем", - деп айткан болчу. Муфтий кантип алдасын деп ишенген болчумун. Бул жерде өтө таасирдүү адамдар бар дешти. Бирок ошондон бери же акчадан дайын жок, же жер тилкесин өткөрүп беришпеди".

Бирок муфтий Максат ажы Токтомушев муну жалган жалаа катары баалап, ал болгону тараптарды кепке келүүгө гана чакырганын аталган алды-сатты маселесине эч качан кепилдик бербегенин белгиледи. Ал анын атын каралаган өнөктүк алдыдагы муфтий шайлоого байланыштуу жүрүп жатканын айтып, жекеме-жеке териштирүүгө даяр экенин билдирди:

"Ооба, эки тарап мага келген. Экөөнө карата чырлашып, талашпай, өз ара келишип, өз ара тил табышып иш алып баргыла деген сөзүмдү гана айткам. Тил табыша албасаңар, бул маселе укук коргоо органдары же сот аркылуу чечилиши керек дегем. Биздин милдет чырдашкан жактарды элдештирип, тиешелүү сөзүбүздү айтып коюу гана. Эмнеге алардын ортосуна түшмөк элем? Каяктан мен буга кепилдик берип, кайсы акчама үй тургузуп бермек элем? Андай болушу мүмкүн эмес. Кочкор деген жигитке бул аялдын акчасын же жерин берип койгула дегем. Акчасын берип жатканда мен күбө болуп карап туруптурмунбу же акчасын мен алыптырмынбы? Андай болгон эмес да. Анан каяктагы нерселерди айтып, жалаа жапканы туура эмес. Бул - куру жалаа. Жакында бизде курултай өтүп, муфтий шайлоо болот. Ошондуктан бул аял мени каралап, бирөөнүн буюртмасын аткарып жатканы анык болуп калды".

Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын башчысы - муфтий Максат ажы Токтомушевдин ыйгарым укуктары 2021-жылдын 4-мартында аяктайт. Ошол мөөнөткө чейин Аалымдар кеңеши курултай чакырып, анда муфтийдин отчёту угулуп, андан соң курултайдын делегаттары жаңы муфтийди бекитет.

Пикирлерди көрүңүз (81)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG