Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:53

Диний чөйрөдөгү бир жылдык абал


12-июнь, 2020-жыл.

"Биз жана дин" түрмөгүндө Кыргызстандагы диний чөйрөдө 2020-жылы орун алган орчундуу окуяларга назар салабыз.

2020-жылы Кыргызстандагы диний чөйрөдө деле бир топ өзгөрүүлөр болду. Саясий олку-солкулуктун фонунда мамлекеттик башкарууга диний көз карашты киргизүү аракети да болуп, кыйла талкууга жем таштады. Өлкөдө гана эмес, Борбор Азияда, КМШ мамлекеттеринде бир топ таанымал кыргызстандык дин көсөмдөрү көз жумушту.

Диний чөйрөдөгү бир жылдык абал (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:33 0:00
Түз линк

2020-жылы өлкөдөгү диний кырдаал башка жылдарга салыштырмалуу бир кыйла туруктуу болуп, диний өңүттө эч кандай чыр-чатак, жаңжал катталган жок. Бирок диний маселелерге байланышкан дүйнөлүк тенденция, өлкөдөгү диндар адамдардын бири-бири менен болгон мамилеси, диний плюрализм менен сабырдуулуктун жетишсиздиги мамлекет менен диндин өз ара кызматташуусун башка нукка өзгөртүү зарылчылыгын күн тартибине чыгарды.

Алсак, коронавирус илдети Кыргызстанга алгач диндар адамдар аркылуу тараган деген жүйөнү карманган адамдар апрель айында социалдык тармактарда динге байланышкан көйгөйлөрдү байма-бай көтөрүп жатышты. Талкууга алынган негизги суроолор диний ырасымдарга тиешелүү болуп, умра зыяратына барууну чектөө, чет өлкөлөргө дааватка чыгууну тартиптештирүү, диний билим берүүнү жөнгө салуу, диний объектилердин санын жана сапатын текшерүү сыяктуу маселелерге келип такалды.


Ал эми ноябрь айындагы Кыргызстандын коомдук-саясий багытынан "дүйнөбий" деген терминди алып салуу демилгеси коомдун диндешкен катмары экиге бөлүнгөнүн көрсөттү. Конституциялык кеңешмеде талкууга алынган дүйнөбий мамлекет жөнүндө түшүнүктүн тегерегинде талкуулар диний коомчулукту түйшөлттү. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга караштуу түзүлүп, өлкөдөгү расмий иштеп жаткан диний уюмдар менен бирикмелердин башын бириктирген Дин аралык кеңештин мүчөлөрү дүйнөбий түшүнүктү жактап, атайын кайрылуу кабыл алышты.

Өзгөчө талаш-тартышты жараткан бул эки маселе кыргыз коомунда ашкере диндарлар менен өз жашоосунда диний принциптерди сактаган адамдар, атеисттик же агностикалык көз караштагылар, динди колдогон, аны сындаган катмар пайда болуп, ачык эле жаатташууга өткөндүгүн көрсөттү. Бул талаш-тартыштар менен кайым айтышуулар дин маселелеринде коомчулук арасында эки ача ой менен ажырым бар экендигин далилдөөдө.

«Саресеп» маалымат-аналитикалык порталынын редактору Эсен Өмүракуновдун пикиринде 2020-жылы диндарлар, диний жамааттар коомдук жардамдашуу жана коомдук активдешүү жолун басып өтүп, кийинки баскычка көтөрүлдү.

«2020-жылы бардык диний жамааттар саясат майданга аттанышты. Тигил же бул деңгээлде саясатка катышты. Дин өзү консервативдүү бир феномен болгондуктан, диндин саясатташканы жөнүндө кеп кылганга болбойт. Диндарлардын саясатташканы тууралуу айтсак болот. Мусулмандардын социалисттик же либералдык көз караштары болду. Алардын ичинде парламенттик же президенттик башкарууну колдоп жаткандары болууда. Ушундай ар түрдүүлүк маанилүү. Бул ар түрдүүлүк, саясий идеология бизди динден чыгарбайт. Эң негизгиси диний жамааттардын, диндар адамдардын саясатка катышуусу, шайлоо процесстерине аралашуусу өтө маанилүү болду. Айрыкча 5-9-октябрдагы окуяларда да мусулмандар баррикаданын эки тарабында жүрүштү»,- деди Өмүракунов.

2020-жылы мамлекеттин дин маселелерин укуктук негизде тартиптештирүүгө алешемдик менен мамиле кылганы байкалды. Дин жаатын тескеген мыйзам менен бир нече укуктук ченемдик актылардын Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн кароосуна киргизилгенине эки жылга чукул убакыт өттү. Бирок алардын кабыл алынуусу кечиктирилүүдө. Аларга диний чөйрөдө базалык деп эсептелген «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзамдын жаңыланган редакциясы, «Диний билим берүүгө болгон укукту ишке ашыруунун тартиби жөнүндө» өкмөттүн токтому, «Көрүстөндөрдү диний таандыктыгына жараша бөлүү жөнүндө» колдонмо, «Мечиттерди куруу, ишин тартиптештирүү жөнүндө» жобо кирет.

Булар канчалык тез кабыл алынып, ишке ашырылса, диний багыттагы кээ бир маселелер иреттелмек деген пикирлер да эксперттик чөйрөдө айтыла башталды.


Дүйнө жүзүн түйшөлткөн пандемия Кыргызстандагы диний чөйрөнү да кыйгап өткөн жок. Коронавирустан улам мечиттер, сыйынуучу башка жайлар жабылды. Ибадат кылуудагы диний эрежелер пандемия шартына ылайык өзгөртүлдү. Атап айтканда, муфтият мечитке келип сыйынуунун, маркумду акыркы сапарга узатуунун жаңы эрежелерин киргизди.

Борбордук аянттарда миңдеген кишилердин катышуусунда окулуучу айт намаздары коопсуздук эрежелеринен улам токтотулду. Коронавирустан кайтыш болгон кишини акыркы сапарга узатуу эрежелери боюнча Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы атайын фатва да чыгарды.


Дээрлик үч айлык карантинден соң 8-июндан тартып мечиттерде намаз окууга уруксат берилди. Кабыл алынган чечимге ылайык аралыкты сактоо менен намаз окуу, дезинфекциялоо иштерин тынбай жүргүзүү айтылды. Бул чечимдин шарттары бүгүнкү күнгө чейин сакталууда.

Өлкөдөгү оор эпидемиологиялык абал учурунда өлкөдөгү бардык диний уюмдар мамлекетке колдон келген жардамын беришти. Алсак, муфтият өзүнүн карамагындагы 24 диний окуу жайынан 1415 орун обсервацияга жана күндүзгү стационар катары пайдаланууга берген.

Аалымдарды алган оору

Дүйнөлүк апаатка айланган коронавирус илдетинен улам Кыргызстандын мусулман коомчулугу да орду толгус жоготууларга учурап, бир канча белдүү аалымдарынан айрылды.

Белгилүү диний ишмер, Бишкек, Ош шаарларынын, Баткен, Ысык-Көл облустарынын мурдагы казысы, молдо Шакир Маматов маркумдарды төмөнкүчө эскерди:

«Кыргызстанда гана эмес, Борбор Азияда да илим деңгээли менен таанылган, мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов оорунун кесепетинен бул дүйнө менен жаш эле кош айтышты. Жаш дегенибиз менен кыска мезгилдин арасында мусулман коомчулугуна эбегейсиз чоң кызмат өтөп кетти. Анын катарында эле өтө илимдүү аалымыбыз, Бишкек шаарынын казысы Садриддин ажы Мажитов да ааламдан өттү. Ал мурдагы муфтий устаз Абдусаттар ажы Мажитовдун иниси болчу. Бардык мусулмандарга таанымал Искендер ажы Калмуратов деген инибизден ажырадык. Кыргызстанда алгачкы болуп Куранды кыргыз тилине которгон Аллаудин Мансур устаз жана үлкөн аалымдардын бири, өтө эбегейсиз илимге ээ болгон, бир топ шакирттерди тарбиялаган Хабибулла дамла Залихаевден ажырадык. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасында муфтийдин биринчи орун басары болгон, 20 жылдан ашуун бир жерде иштеген Лугмар ажы Гуйахунов да ушул оорудан дүйнөдөн өттү. Баткен облусунда казы болгон, Дин комиссиясында иштеген, акыркы мезгилде муфтияттын Москва шаарындагы өкүлү болгон Жусуп Балтабаев бир тууганыбыз да ушул оору себеп болуп бул дүйнө менен кош айтышты».


Мамлекеттин дин жаатындагы саясатын кординациялаган Дин комиссиянын иши 2020-жылы бир кылка нукта жүргүзүлдү. Байкоолор көрсөткөндөй, пандемия шартына ылайык мерчемделген иштердин көпчүлүгү аткарылбай калды. 2021 – 2026-жылдарга ылайыкталган дин жаатындагы концепция иштелип чыгып, аймактарда коомдук талкуулардан өткөрүлдү.

Октябрь айындагы бийлик алмашуунун натыйжасында Дин комиссиясынын жетекчилиги алмашты. Дайындоого макул болбогон комиссиянын эмгек жамааты жаңы директор менен иштешүүдөн баш тартып, бийликке кайрылды. Бул Дин комиссиясы түзүлгөн 24 жыл аралыгында 15 жетекчи алмашкан учурдагы жалпы жамааттын жетекчиликке нааразычылык билдирген биринчи жолку билдирүүсү. Өлкө жетекчилигине ушундай эле мазмундагы кайрылууну дин багытында иш жүргүзгөн илимий жана эксперттик чөйрө да жолдошту.


Кыргызстандагы диний абал көпчүлүк учурда мусулмандардын башын бириктирген жана алардын диний жөрөлгөлөрүн координациялаган муфтияттын ишмердүүлүгүнөн көз каранды.

2020-жылы муфтияттын ишинде олуттуу эч кандай өзгөрүүлөр менен чыр-чатактар болгон жок. Орчундуу демилгелердин катарына муфтияттын карамагында түзүлгөн «Вакф» фондун жана Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин той-аштагы ашыкча ырым-жырымдарды, ысырапкорчулукту токтотууга киришкендигин белгилей кетсек болот.

Башка расмий катталган диний уюмдар менен бирикмелер өз ишмердүүлүгүн калыптанган эрежелери менен ички тартиптеринин негизинде жүргүзүшүп, эч кандай резонанстуу маселелер келип чыккан жок.

«Саресеп» маалымат-аналитикалык порталынын редактору​ Эсен Өмүракунов 2021-жылы диний чөйрөдөгү абалды жакшыртуу үчүн мамлекет, диний уюмдар өз потенциалы менен мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган приоритеттүү кадамдарга барышы керектигин айтты:

«Мамлекет мектептерде, жогорку окуу жайларында дин тарыхы, дин маданияты сыяктуу сабактарын тез арада киргизиши керек. Диний агартуучулук бардык жерде жүргүзүлүүсү шарт. Эң негизгиси биздин жарандар динге кызыкпаса да, аны минималдуу таанып алса, Сирияга согушка кетүү сыяктуу көрүнүштөрдөн арылмакпыз. Адамдарды канкордукка, мыкаачылыкка алып барган, бул дүйнө жана акыретин жок кылуучу, адамдарга каршы кылмыштардан алыс болмокпуз. Ошондуктан мамлекет диний сабаттуулукка көңүл бурушу керек. Диний жамааттар болсо коом таануу, мамлекеттин түзүлүшү боюнча сабатсыздыгын жоюш керек».

Пикирлерди көрүңүз (13)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG