Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:37

“Светтик эмес өлкөлөрдө дин көп кысымга алынат"


Өлкөнүн туусун көтөргөн кыргызстандыктар. Сүрөттүн макалага тиешеси жок. Акциялардын биринде тартылган, октябрь, 2020-жыл.
Өлкөнүн туусун көтөргөн кыргызстандыктар. Сүрөттүн макалага тиешеси жок. Акциялардын биринде тартылган, октябрь, 2020-жыл.

Кыргызстандын Баш мыйзамынан “дүйнөбий мамлекет” деген түшүнүктү алып салуу тууралуу сунуш кызуу талкууга түштү.

Муну айрым эксперттер өлкөнүн саясатын диний башкарууга буруу катары сыпатташууда. “Азаттыктын” “Биз жана дин” түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышын ушул темага арнайбыз. Маселени эксперт Канатбек Мурзахалилов менен юридика илимдеринин кандидаты, учурда иштеп жаткан Конституциялык кеңешменин мүчөсү Нурлан Исмаилов талкууга алышты.

Нурлан Исмаилов жана Канатбек Мурзахалилов
Нурлан Исмаилов жана Канатбек Мурзахалилов

Канатбек Мурзахалилов: Акыркы кездери Кыргызстандын коомдук-саясий багытынан "дүйнөбий" (светтик) деген түшүнүктү алып салуу, демилгеси көтөрүлүп, талкууга түштү. Баш мыйзамдан өлкөнүн дүйнөбий деген мүнөздөмөсүн алып салуу Кыргызстандын дин тутуу эркиндигине кандай таасир этет?

Нурлан Исмаилов: Менимче, терс жагынан айтсак, дин тутуу эркиндигине өтө эле чоң таасирин тийгизет. Анткени, “светтик” деген сөз динди, диний баалуулуктарды саясий процесске же саясий системага колдонбоо үчүн жасалган. Бир сөз менен айтканда, динди, диндин тазалыгын, аруулугун сактоо үчүн киргизилген түшүнүк. Саясат болгон жерде ар дайым атмосфера жакшы жагына өзгөрүп турат. Эйфорияга кетсе, бир жагы жаман жагына кетет. Коррупция менен аралашкан маселер жаралышы мүмкүн. Бүгүнкү күндө светтик эмес, теократиялык мамлекеттерде же болбосо мамлекеттик дин орнотулган өлкөлөрдө динди кысымга алуу өтө чоң, жогорку деңгээлде. Диндин орду адамдардын руханий баалуулугун сактоо болуп саналат.

“Светтик” сөзүн Баш мыйзамдан алып салганда акырындык менен өлкөдө саясий партиялардын диний негизде түзүлө баштоосуна өбөлгө башталат. Келечекте диндин өзүнө зыян келтирип, диндин, диний уюмдардын ичинде бөлүнүп- жарылууга алып келет. Диний жамааттардын ортосунда саясат, бийликке жетүү үчүн атаандаштык жаралат. Мисалы, ислам дининдеги бир жамаат бийликке келсе, экинчисин сөзсүз кысымга алат. Ошондуктан, Кыргызстан эли, айрыкча мусулман коомчулугу “светтик” деген түшүнүк Баш мыйзамда орун алгандыгына жүз пайыз Жаратканга "шүгүр" деп ыраазы болгону жакшы.

Канатбек Мурзахалилов: “Светтик” деген сөздү кыргызча “дүйнөбий” деп айтып жүрөбүз. Ушул түшүнүктүн маани-мазмунун талдап бересизби? Баш мыйзамга киргизилиши да бекеринен эмес да.

Нурлан Исмаилов: “Дүйнөбий” деген сөзгө мен каршымын. Себеби ал “светтик” деген түшүнүктүн түздөн-түз маанисин бербейт. Бул эми тилчилердин маселеси. Мен ага кийлигише албайм. Ал эми “светтик” деген эмне? Негизинен динге тиешелүү бүт маселелер үч негизге таянат. Биринчиси, жеке адам өзү каалаган динди тандап алып, аны изилдеп, өзүнүн урпактарына үйрөтүүгө укуктуу. Экинчиси, коллективдүү түрдө жамааттарга же диний уюмдарга биригип, диний мекемелерди – медреселерди, мечиттерди ачып, ар түрдүү соопчулук иш-аракеттерди өткөрүүгө укуктуу. Үчүнчүсү, диний уюмдун атынан чет мамлекеттердеги диний окуу жай, уюмдар менен жана башка ар түрдүү иш-аракеттерди башка өлкөлөр менен жасап, кызматташса болот.

Светтик мамлекетте диний уюмдарга дин жаатында кандай укуктар болсо ошону пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Экинчи жагынан, дин мамлекеттик саясатка жана мамлекеттик башкарууга катышпайт. Эмне үчүн катышпайт? Анткени, бүгүнкү демократиялык мамлекеттер көп идеология, көп көз караш, көп идеялардын жашашына жол берет. Ал эми, диндин идеялогиясы көпчүлүк учурда бир тараптуу болуп саналат.

Светтик мамлекеттин бирден бир принциби - бул динди саясатка аралаштырбоо. Ал эми үчүнчү аспектиси диндер арасындагы тең укуктуулук, кызматташтык жана диалог. Бул түшүнүк диндердин өзөгүндө бар эле нерсе. Мисалы, ислам дүйнөсүндөгү эң чоң держава болгон Осмон империясын карасак. Бир эле көчөдө мусулмандардын мечиттери менен катар христиан чиркөөлөрүн, иудаизм синагогалары жайгашкан. Ошондуктан бардык диндерди тен укуктуу кароо - светтик мамлекеттин бирден-бир принциби болуп саналат. Светтик мамлекетти ислам динине же кандайдыр бир башка динге каршы көрүшөт. Бул барып турган сабатсыздык болуп саналат.

Канатбек Мурзахалилов: Жогоруда теократиялык мамлекеттик түзүм бар деп айттыңыз. Деги эле дүйнөдө түзүлүшү светтик эмес мамлекеттер барбы? Алардын светтик өлкөлөрдөн айырмасын кайсыл мисалдар менен бекемдей алабыз?

Нурлан Исмаилов: Теократиялык мамлекеттер Ватикан, Сауд Аравиясы, Иран болуп саналат. Башкаруу системасы теократиялык болуп түзүлгөн Иранды алып көрөлү. Ал жерде эмне болуп жатканын элдин баардыгы көрүп жатат. Бир мисал да, динде зордоп жоолук салдыруу маселеси. Зордук менен дин болобу? Жок, дин зордук менен болбойт. Ал диндин негизги принциби. Буга Мухаммед пайгамбарыбыздын хадиси далил.

Пандемия: Дин жана жоопкерчилик
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:43 0:00

Бир дин үстөмдүк кылган мамлекеттер дагы бар. Бүгүнкү күндө мындай мамлекеттерге кээ бир Европа мамлекеттери кирет. Мисалы, Улуу Британия. Бул жерде ханайым Британ мамлекет инин жана чиркөөнүн башчысы болуп саналат. Бирок бул мамлекеттерде диний маселе ушунчалык деңгээлде экинчи планга алынгандыктан факты түрүндө светтик мамлекеттин эле ролун аткарат. Лондондун бүгүнкү күндөгү мэри мусулман. Өтө көп мусулман депутаттар, лорддор бар. Аларга эч кандай тоскоолдук жок. Булардын деңгээлиндеги укуктук түзүлүшкө, укуктук аң-сезимге, улуттар аралык чыдамкайлык, өз ара түшүнүүгө келүү биз үчүн өтө эле узак, бийик чекит болуп саналат. Өткөн жылдары биздин муфтий чет өлкөдөгү кайсы бир чиркөөдө азан айтты. Эч ким аны урушуп, ага башкача мамиле кылган жок. Баары сый-урмат менен мамиле кылды. Биздеги мечитте ушундай көрүнүш болсо эмне болот? Кандай мамиле болорун билесиздер.

Токталиев: Бийлик реформа кылсын деп дайындады
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:40 0:00
Түз линк

Кээ бир Европа мамлекеттеринде мусулмандар аз болгон жерлерде христиандар чиркөөлөрүн берет. “Азырынча орун жок болгондуктан, жума намазын ушул жерден окуп тургула” деп айтышат экен. Мындай фактылар өтө көп. Айрым өлкөлөрдө динди расмий түрдө мамлекеттикдеп кабыл алса дагы, светтик эле түзүлүш орнотулган. Ал эми үчүнчүсү светтик мамлекеттер. Бул өлкөлөрдө дин саясаттан ажыратылып, иш жүргүзүлөт.

Канатбек Мурзахалилов: Негизи, кыргыз коомуна "светтик" деген түшүнүктү сиңирүүдө кандай кемчиликтер бар? Мамлекет бул түшүнүктү жарандар арасына канчалык жайылта алды?

Нурлан Исмаилов: Биринчиден, светтик түзүлүш Советтер Союзунун Конституциясында жазылган. Советтер Союзу динге каршы саясат жүргузгөндүктөн, калк арасында ушундай түшүнүк калыптанып калган. Ал эми Совет мамлекети эч качан светтик мамлекет болгон эмес. Ал атеистик өлкө катары белгилүү. Атеистик дегенибиз коомдон динди бөлүп чыгарууга багытталган аракет.

“Светтик деген атеисттик мамлекет, светтик деген динсиз мамлекет” деп көпчүлүк ушул алкакта ойлонушат. Мамлекет эч качан диндүү да, динсиз да боло албайт. Анткени, мамлекет тирүү организм эмес. Ал адамдар тарабынан түзүлгөн система. Дин жеке адамга, коомго тиешелүү болот. Бул түшүнүккө абдан кылдаттык менен мамиле кылышыбыз керек. Чындыгында, “светтик” деген сөздү сиңире албаганыбыздын негизи себеби - элге кеңири мааниде түшүнүк бербе албаганыбызда. Жер-жерлерге барып, светтик мамлекеттин принциптерин айтпай жатканыбыз. Бул принциптер өтө жакшы түшүнүктөр. Биздин эл, коомчулук анчейин бул түшүнүктү кабыл ала албай жаткандай. Светтик түшүнүк дин үчүн, динге шарт түзүп, аны жайылтсын деген мааниде жасалган.

Канатбек Мурзахалилов: Кыргызстандагы дин саясатынын олку-солку болуп турушу өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга гана байланыштуубу? Диний кырдаалга социалдык - экономикалык себептердин таасири канчалык деңгээлде?

Нурлан Исмаилов: Өлкөдө орун алган бүт бардык кырдаалдар диний абалга түздөн- түз таасир берет. Социалдык - экономикалык, саясий кырдаал дагы өтө чоң эле таасирин тийгизет. Жетимиш жыл бою Советтер Союзунда динди жок кылууга багытталган саясат жүрдү. Бүгүнкү күндөгү дин чөйрөсүндө жүрүп жаткан процесс диндин ошол убакытта өзүнүн жоготкон ордун, жоготкон позициясына кайра калыбына келтирүүгө жасалган аракеттер.

Саясий факторлор дагы диний абалга таасирин тийгизет. Динди өз пайдасына колдонууга аракет жасаган саясий топтор болот. Дин саясат үчүн оңой олжо болуп эсептелет. Кичине эле бир кадам жасасаң, чоң пайдасын аласың. Мисалы, банктар иштебей отуруп, пайыз менен пайда алып жатпайбы? Динди саясатта колдонуу дагы ошондой эле чоң пайда бере турган ресурс. Диний чөйрөдөгү туруксуздуктун болушу табигый нерсе. Айрыкча, биздин коомчулукта, жаш демократиялуу мамлекет үчүн бул нормалдуу көрүнүш.

XS
SM
MD
LG