Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:08

Эргешов: Конституциядан «дүйнөбий» деген түшүнүк алынса, Кыргызстанда дин тутуу эркиндигине доо кетет


Зайырбек Эргешов. Архивдик сүрөт.
Зайырбек Эргешов. Архивдик сүрөт.

Эгерде Конституциядан «дүйнөбий» деген түшүнүк алынса, Кыргызстанда дин тутуу эркиндигине доо кетет. Мындай пикирин 23-ноябрда Конституциялык кеңешменин жыйынында анын мүчөсү, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы директору Зайырбек Эргешов билдирди.

Эргешов Кыргызстанда азыркы Конституцияда да, сунуш кылынып жаткан жаңы долбоордо да «дүйнөбий» деген түшүнүк бар экенин айтып, аны жоюу өлкөнү артка тартарын белгиледи. Азербайжан, Башкыртстан, Казакстан, Татарстан, Түркия, Түркмөнстан, Өзбекстан өлкөлөрүн мисал келтирип, алардын Конституцияларында орусчасы «светтик» деп, өз тилинде котормосу жазылганын кошумчалап, бул мамлекеттер өнүгүү жолунда баратканын айтты:

«1985-жылы Кыргызстанда болгону 15ке жакын мечит, ал эми азыр 3000ге жакын мечит эркин иштеп жатат. Мунун баары дин тутуу эркиндиги берилгендиктен. Эгер «дүйнөбий» деген сөз алынса дин тутуу эркиндигине доо кетет. Ошондуктан «дүйнөбий» деген сөз калышы керек. Себеби бул бүгүнкү күндө бардык мамлекеттерге өнүгүүгө жол ачып жатат. Биз артка кетпешибиз керек».

17-ноябрда Жогорку Кеңештин 80 депутаты Конституциянын жаңы долбоорун референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат, ал эми оппоненттер өлкөдө авторитардык башкаруу орнойт деп кооптонууда.

20-ноябрда түзүлгөн конституциялык кеңешме Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулап жатат.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жаңы жетекчиси Акин Токталиевдин Баш мыйзамдан «дүйнөбий» деген түшүнүктү алып салуу тууралуу жакында журналисттерге айткан пикири азыр коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. (RK)

XS
SM
MD
LG