Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:45

Өзбек жаштары атеист аталгысы келбейт


Оштун көчөлөрүнүн биринде тартылган сүрөт.

«Биз жана дин» түрмөгүн бул ирет Кыргызстандагы өзбек коомчулугунун диний ишенимине, дин тутуу маданиятына жана өзгөчөлүктөрүнө арнайбыз.

Маселени эксперт Канатбек Мурзахалилов менен жарандык активист, журналист Бахрам Рахман талкуулашты.

- Илгертен эле Кыргызстан аймагында жашаган башка ислам динин тутунган улуттардын арасынан өзбек калкы мусулманчылыктын принциптерин бекем туткан улут катары саналат. Сиз өз улутташтарыңыздын диндарлыгын кандай этникалык, маданий, тарыхый өзгөчөлүктөр менен байланыштырат элеңиз?

Бахрам Рахман
Бахрам Рахман

- Негизинен Кыргызстандын элдери тарыхтан белгилүү болгондой мурдатан эле исламдын суфизм багытын карманып келишкен. Алардын ичинде өзбек улутташтарым, биздин ата-бабаларыбыз да болгон. Бирок XIX кылымда орустардын келиши, Советтер Союзу убагында динге болгон мамиленин өзгөрүүсү, мусулмандардын көпчүлүгү атеисттик көз караштарды кармануусу динге да өз таасирин тийгизген.

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин элге мамлекет тараптан коммунизмге окшош эч бир идеология сунушталган эмес. Бул боштукту исламдын жаңы багыттары - салафизм, “Хизб ут-Тахрир” жана “Таблиги жамаатка” окшогон диний жамааттар толтурган. Азыр да өзбек тектүү жарандардын арасында динчилдердин көбөйгөнү байкалып турат. Cоңку 20 жылда өз ата-бабаларыбыз карманган суфизмди эмес, салафизмдин, “Хизб ут-Тахрирдин” идеологиясын кармангандар да азыр көп.

Өзбек жаштары атеист аталгысы келбейт
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:44 0:00
Түз линк

- Учурдагы диний радикализмге байланышкан маселелер өзбек жаштардын арасында канчалык деңгээлде өстү же басаңдады?

- Мен жогоруда айтып өткөндөй, элге, айрыкча жаштарга кандайдыр бир идеoлогия берилбегендиктен аларды көзөмөл кылып турган мекемелер, министрлик түзүлбөгөндүктөн, жаштар динге өтө берилип кетүүдө. Албетте, диний радикализм соңку 10 жылда өтө күчөдү. “Өзбекстан ислам кыймылы” террористтик уюму да буга өз таасирин тийгизген.

Сирияда согуш башталгандан кийин Кыргызстандагы өзбек жаштардын арасында радикализм, салафизм, терроризм күчөгөн. Кыргызстандык өзбектер көпчүлүк бөлүгүн түзгөн «Катиба Таухид вал-Жихад» деген Cирияда согушуп жүргөн батальон азыр деле бар. Ал - террористтик уюм. Ошол батальондун өзүндө гана миңге жакын кыргызстандык, түштүктүн жергесинен болгон өзбек тектүүлөр бар деп айтылып келет. Азыр деле Сириядагы согуш аяктап калгандан кийин радикализмдин токтоп калышын сезбей жатам, тескерисинче, күчөгөндөн күчөгөнүн сезип турам.

- Кыргызстан боюнча атеисттик же агностикалык көз карашты кармангандар боюнча тенденция кандай? Аларга коомчулуктун терс мамилеси байкалабы же кадыресе кабыл алынабы? Бул суроону бергенимдин себеби, өзбек жаштарынын арасындагы агностик жана атеист көз караштагылардын "Фейсбукта" атайын тайпасы бар жана анын катышуучулары бир топ.

- Мен да "Фейсбуктагы" тайпаларды байкап турам. Мен тааныган, билген өзбек тилдүү, өзбек тектүү атеист блогерлер, журналисттер бар. Алар тар чөйрөдө атеисттик көз карашын айтышат, ошол группаларда жазышат. Бирок ачык айтышпайт.

Коом, өзбек коомучулугу, жалпы мусулмандар атеизмди же динден чыккан мусулмандарды жакшы кабыл алат деп айта албайм. Себеби, бизде радикализм бар. Жыйырма жыл ичинде калыпталып калган салафизмге, “Хизб ут-Тахрирге” окшогон жамааттар атеизмди кабыл алышпайт. Аларды иcлам дининде «муртад – динден чыккан адам» деп коёт. Ушул себептен атеист экениңди ачык айтуу кооптуу деп эсептейм.

- Диний билимге ыктагандар жөнүндө пикириңиз кандай? Деги эле билим алууда диндин ролу канчалык?

- Негизинен, чыныгы ислам дини, чыныгы суфизм мусулмандарды илим алуудан кайтарбайт. Азыр биздин балдар-кыздарыбыздын дүйнөбий билимди албай коюусунун биринчи себеби дин эмес. Бул коомдогу көйгөй. Жетишпестиктин айынан Орусияга барып иштөөгө мажбур болуу себебинен көпчүлүк балдар окубайт. “18 жашка чыксам эле Орусияга кетем”, - деген кыялдануу менен жүрүшөт.

Ата-энелер болсо, кыздарды 17-18 жашында эле турмушка берип салууну көздөшөт. Бир жакта диндин да таасири бар. “Кыздарга эмне бар? Алар үйдө отурсун”, - деген стереотип калыптанып калган. Бирок, Мухаммед пайгамбардын билимге чакырган хадистери көп. Ислам динин билимге каршы дин деп айта албайм.

- Адамдын ишенимине айлана-чөйрө, тууган-туушкандардын таасири болот эмеспи. Тандоо эркиндиги жөнүндө эмне айта аласыз? Жаштар тандоо эркиндигин, анын ичинен диний ишеним эркиндигин канчалык түшүнүшөт?

- Негизинен, бала төрөлгөндө эле ата-эне өзү кайсы динди карманса, балдарын да ошол ишенимде чоңойтот. Мусулмандардын балдары мусулман, христиандардын балдары христиан болуп тарбияланат. Адам өзү чоңоюп, окуп калганда, башка динге өтүшү же атеизм ишенимин кармануусу мүмкүн. Бирок, андай учурлар көп дей албайм. Тандоо укугу толук бар деп да айта албайм. Себеби, бала төрөлгөндө эле тандоо укугу жок төрөлөт. “Балам 18 жашка чыксын, китептерди окуп, изденип, бир динди же идеологияны өзү тандайт”, - деп ата-эне тарбиялабайт.

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG