Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Апрель, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 17:05

Муфтияттагы миллиондор: Ажылыктын акча чыры


Максатбек Токтомушев, Каныбек Туманбаев жана Баатырбек Жантаев. "Азаттыктын" коллажы.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгындагы ажылыктын акчасына байланыштуу окуя азыркыга чейин тынчыбай, ар кандай булактар аркылуу жаңы жагдайлар ачыкка чыга баштады.

Учурдагы маалыматтарга караганда, муфтияттын банктык эсебинен “Фарватер” жана “Налоговый Представитель” деп аталган эки компания жана мурдагы муфтий Максатбек Токтомушевдин компаниясын жетектеген жаран да ири суммадагы акча алган. Бүгүнкү күндө ажылыктын акчасына 800 миң доллардан ашык акча жетпей жатканы айтылган.

"Азаттык" Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Борбордук текшерүү комиссиясынан, муфтиятты текшерген аудиттерден жана өздүк булактардан алган документтерге таянып иликтөө жасады.

Кайсы каражат жөнүндө сөз болуп жатат?

Сауд Арабия Падышалыгы 2020-жылдын эсебинен Кыргызстанга ажылыкка барууга 6 миң адамга квота бөлгөн. Анын 500 квотасы ажылыкты уюштуруу боюнча штабдын өкүлдөрүнө берилген. Калган 5500 квотага ээ болгусу келген жарандардын ар биринен 3350 доллардан чогултулуп, бул сумма 18 млн. 400 миң долларга чамалап барган. Бирок пандемиядан улам ажылык үзгүлтүккө учурап, зыяратчылардын акчасы иштетилбей калган.

Муфтият зыяратчылар ажылыкка берген акчасын кайтарып алса, анда ал ордун башка бирөөгө бошотуп бериши керек болорун айткан. Мындан чочулаган жарандардын көпчүлүгү 3350 долларга тийген эмес.

“Биримдик” партиясы менен байланышкан “Налоговый Представитель”

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы 2020-жылдын август айында “Налоговый Представитель” жоопкерчилиги чектелген коому менен келишим түзүп, бул фирмага банктагы эсебинен 155 миллион сом которуп берген. Эки тараптын мөөрү басылган келишим боюнча “Налоговый Представитель” компаниясы 155 миллион сомду 2020-жылдын 31-декабрына чейин кайтарып бермек. Эгерде белгиленген мөөнөттөн кечиге турган болсо, анда күн сайын калган акчанын 1% туум катары кошулуп турары да келишимде жазылган.

Муфтияттын Борбордук текшерүү комиссиясынын мүчөсү Бакыт Нурдинов мындай маалымат берди:

Бакыт Нурдинов
Бакыт Нурдинов

«155 миллион сом 2020-жылдын август айында банктагы эсептен чыгарылган. “Налоговый Представитель” аталган сумманы уламдан-улам берип отуруп, 2021-жылдын 20-январында сумма толугу менен банкка келип түшкөн. Азыркы учурда муфтияттын каржылык документтери 4-5 жерге чачырап кетти. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы (УКМК), Финансы полициясы текшерип жатышат. Эмнегедир алардын текшерүүсү бүтпөй жатат. Алардын иликтөөсүнөн кийин көп нерсе ачыкка чыгат».

Мындан тышкары эки тарап макулдашкан келишим боюнча, “Налоговый Представитель” 155 млн. сом алганы үчүн 14 млн. сом өлчөмүндөгү сый акы кошуп берүүгө милдеттенме алган. Бирок аталган сумма азыркыга чейин бериле элек.

Муфтият менен "Налоговый Представитель" компаниясы түзгөн келишим барактан турат. Ага эки тараптын мөөрү басылган жана жетекчилердин колу коюлган. Сүрөттө аталган келишимдин көчүрмөсү.
Муфтият менен "Налоговый Представитель" компаниясы түзгөн келишим барактан турат. Ага эки тараптын мөөрү басылган жана жетекчилердин колу коюлган. Сүрөттө аталган келишимдин көчүрмөсү.

Негизи ажылыктын акчасы банктык эсепте доллар менен сакталышы керек эле. Бирок муфтият “Налоговый Представителге” сом менен жардам берген. Демек Мусулмандар дин башкармагы конвертация жасаган.

“Налоговый Представитель” компаниясы муфтияттан акча алган 18-август күнү бир доллар 77, 9 сомдон сатылып жаткан. Ал эми “Налоговый Представитель” сумманы толук кайтарган 20-январда доллардын куну 84,6 сомго чыгып, ортодогу айырма 6,7 сомду тузгөн. Бул - Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы 12 миллион сомго жакын акча жоготту дегенди түшүндүрөт.

Юстиция министрлигинин сайтында “Налоговый Представитель” компаниясы 2014-жылы каттоодон өткөнү, ага Чыныбеков Нурлан Эркиналиевич деген жаран ээлик кылары жазылган. Компаниянын юридикалык дареги катары Ак-Өргө жаңы конушунун Алтын-Казык көчөсүндөгү 89-үй көрсөтүлгөн. Бирок аталган даректи Ак-Өргөдөн табуу мүмкүн эмес. Жергиликтүү тургундар болсо Нурлан Чыныбеков деген жаранды такыр тааныбай турганын айтып жатышат.

Юстиция министрлигинин сайтынан алынган маалымат.
Юстиция министрлигинин сайтынан алынган маалымат.

Нурлан Чыныбеков деген ысымды Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтынан да кезиктирүүгө болот. Ал 11-августта “Биримдик” партиясынын шайлоо фондуна 200 миң сом которгон.

Аталган компаниянын ээси Нурлан Чыныбеков менен байланышканыбызда «Биримдик» партиясына такыр тиешеси жок экенин билдирди.

"Мен «Биримдик» партиясына такыр акча которгон эмесмин. Мунун баары жалган. Болгону муфтияттын эсепчиси Жеңишбай Бекиевге бир-эки жолу паспортумду бергем. Бирок эч нерсе төлөгөн эмесмин".

"Биримдик" партиясынын фондуна акча которгон жарандардын тизмеси. Борбордук шайлоо комиссиясынан алынган маалымат.
"Биримдик" партиясынын фондуна акча которгон жарандардын тизмеси. Борбордук шайлоо комиссиясынан алынган маалымат.

«Биримдик» партиясы жыйынтыгы жокко чыгарылган 4-октябрдагы парламенттик шайлоого 97. 5 млн. сом короткон. Анын 32. 6 млн. сомун 163 жаран ыктыярдуу кайрымдуулук катары чогултуп берген. Аталган партиядан ажылыктын акчасына байланыштуу окуя боюнча маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Жогорку Кеңештин депутаты, «Биримдик» партиясынын алгачкы үчтүгүнөн шайлоого катышкан Төрөбай Зулпукаров да толук жооп берген жок.

Төрөбай Зулпукаров: "Биримдиктин" каржылык иштеринен кабарым жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:47 0:00

Буга чейин президент Садыр Жапаров ажылыктын акчасынын бир бөлүгү шайлоо өнөктүгүнө короп кеткенин билдирип, ошол эле учурда муфтияттан акча алган компаниянын атын атаган эмес.

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

«16 миллиондон 8 миллионго жакын долларын алып, сомго айлантып, киреше алуу максатында банктарга процентке салышкан экен, былтыр. Пайда көргөнчө доллар 15 сомго өсүп кетиптир. Пайда көрмөк түгүл булар чыгым тартып калышыптыр. Чыгымы эле 685 миң доллардын тегерегинде. Андан сырткары 155 миллион сомун былтыр август айында “бир фирмага бердик” деп, ал фирма шайлоого бир партияга колдонуп салат. Бүгүнкү күндө да акча толук кайтарылбай турат. Ажылыкка бара тургандар акчасын сураса, жарым-жартылайы бериле элек экен».

Бирок президент айткан сумма менен “Налоговый Представитель” компаниясы муфтияттан алган акчанын өлчөмү дал келет. Эки жакта тең 155 млн. сом жөнүндө сөз болууда.

Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин маалыматы боюнча, “Налоговый Представитель” компаниясы өткөн жылдын май айында каттоодон өтүп, дароо эле “Кыргыз темир жолу” ишканасы өткөргөн тендерлерде жеңүүчү атала баштаган. Аталган компания жалпы суммасы 20 миллиондон ашуун сомго бааланган үч тендерди утуп алган. Ага ылайык, “Налоговый Представитель” “Кыргыз темир жолу” ишканасын тепловоздун тетиктери менен камсыздаган. Бирок Юстиция министрлигинин сайтында “Налоговый Представитель” укуктук иштер менен алектенери жазылып турат.

"Налоговый представитель" жеңүүчү аталган тендерлердин бири.
"Налоговый представитель" жеңүүчү аталган тендерлердин бири.

Мурдагы муфтийдин байланыштары

Мурдагы муфтий Максатбек ажы Токтомушев башынан эле бизнес менен алектенип жүргөнүн айтып келет. Юстиция министрлигинин сайтындагы маалымат боюнча, Токтомушевдин эки компанияда үлүшү бар. Алардын бири - “РИБХ” жоопкерчилиги чектелген коому. Бул фирмага Джоджин Харсан Гашимович, Максатбек Токтомушев жана Каныбек Туманбаев ээлик кылат.

Каныбек Туманбаев “Биримдик” партиясы менен парламенттик шайлоого катышкан. Көпчүлүк Туманбаевди мурдагы президенттин кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун ишеничтүү адамы катары сыпаттап келет.

Максатбек Токтомушев менен Каныбек Туманбаев ээлик кылган “РИБХ” компаниясынын жетекчиси катары Жантаев Баатырбек Темиржанович көрсөтүлгөн. Ал “Кыргыз темир жолу” ишканасынын материалдык техникалык камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси.

"Биримдик" партиясы менен шайлоого катышкан Каныбек Туманбаевди, "Кыргыз темир жолу" ишканасынын кызматкери Баатырбек Жантаевди жана мурдагы муфтий Максатбек Токтомушевди "РИБХ" компаниясы байланыштырат.
"Биримдик" партиясы менен шайлоого катышкан Каныбек Туманбаевди, "Кыргыз темир жолу" ишканасынын кызматкери Баатырбек Жантаевди жана мурдагы муфтий Максатбек Токтомушевди "РИБХ" компаниясы байланыштырат.

Мурдагы муфтий Максатбек Токтомушевдин компаниясынын директору Баатырбек Жантаев муфтияттан эки жолу каржылык жардам алган. Биздеги документтерге караганда, ал 2019-жылы 18-мартта 400 миң доллар алып, бул сумманы беш айдан кийин кайтарып берген. Ошол эле жылы 24-декабрда Баатырбек Жантаев кайрадан муфтияттан акча сураган. Анын өтүнүчү четке кагылбай 700 миң доллар Жантаевдин эсебине которулган. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгын текшерген аудиттин корутундусуна караганда Баатырбек Жантаев 700 миң долларды кайтарып бере элек. Муфтияттагы каржылык иштерди текшерген аудитор Деңиз Бекишев бул жерде кызыкчылыктар кагылышы болгонун айтат.

Деңиз Бекишев
Деңиз Бекишев

"Биздин билишибизче Баатырбек Жантаев муфтияттын эсепчиси Жеңишбай Бекиевге жакын адам. Анткени ири суммадагы акча келишим түзүлбөй эле берилип кеткен. Каржылык жардамга №23 кат негиз болгон. Бирок аталган документти муфтияттын катчылыгынан таба алган жокпуз. Ажылыктын акчасы көптөгөн адамдарга бериле берген. Негизи банктагы акчага муфтийдин уруксаты жок эч ким тийише албайт".

“Кыргыз темир жолу” ишканасынын материалдык техникалык камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Баатырбек Жантаев менен Каныбек Туманбаевдин жолу “БКС Курулуш фирмасы” аркылуу дагы кесилишет. Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы “Биримдик” партиясынын талапкерлеринин тизмесине көз чаптыра турган болсок, 18-катардагы Каныбек Туманбаев “БКС Курулуш фирмасынын” директору экени жазылып турат. Аталган компания Баатырбек Жантаевдин наамына жазылган.

Каныбек Туманбаев, Максатбек Токтомушев жана Равшан Сабиров "Блэк стар бургердин" ачылышында.
Каныбек Туманбаев, Максатбек Токтомушев жана Равшан Сабиров "Блэк стар бургердин" ачылышында.

Мындан тышкары Баатырбек Жантаев Арзыгүл Сабирова аттуу жаран менен биргеликте “Блэк стар бургер” компаниясына ээлик кылат. Бишкектеги аталган тамактануучу жайдын ачылышына Каныбек Туманбаев, президенттин азыркы кеңешчиси Равшан Сабиров жана Максатбек Токтомушев катышып, лентасын кесишкен эле.

Муфтияттын каржылык иштерин текшерген аудиттер ажылыктын акчасын колдонгон адамдар көп экенин айтып жатышат.

Мисалы муфтият 2019-жылы Акылбаев Жалалидинге 200 миң долларды каржылык жардам катары берген. Аталган сумма азыркыга чейин кайтарыла элек. 2020-жылы болсо эч кандай түшүндүрмөсү жок эле Абдубуркан Жээнбековго 165 миң, Тазабек Жусубалиевге 150 миң сом которулган. Ал эми “Тали Эйр” компаниясы муфтияттан 300 миң сом сурап, аталган сумманы 5 айдын ичинде кайтарып бере турганын билдирген. Бирок акча белгиленген мөөнөттө муфтияттын эсебине түшкөн эмес.

“Фарватер” же жердешчилик байланыштар

Муфтияттын эсебинен ири суммадагы акча алган компаниялардын катарында "Фарватер" да бар. Бул компания 2017-2020-жылдар аралыгында жалпы жонунан 115 млн. 453 миң сом жана 712 миң доллар алган. 25-февралдагы маалымат боюнча “Фарватер” компаниясы муфтиятка 152 миң доллар карыз.

Деңиз Бекишев
Деңиз Бекишев

«"Фарватер” компаниясы бүгүнкү күндө 152 миң доллар карыз болуп турат. Бирок аталган суммага зыяратчылар эмделе турганы айтылып , эки тараптуу келишим түзүлгөн. Биз текшерүүнүн жүрүшүндө муфтиятка "152 миң долларды кайтарып алгыла" деген кеңеш бердик. Анткени ажылык болбой калды да. Эми ажылардын акчасын бериш керек. Эми бизди угабы же укпайбы - бул муфтияттын иши», - деди аудитор Деңиз Бекишев.

"Фарватер” Кыргызстандагы дары-дармек менен алектенген ири беш компаниянын бири. Бул компания буга чейин да Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы менен кызматташып, Меккеге бара турган зыяратчыларды эмдөө боюнча тендерди утуп келген. “Фарватер” бул окуя боюнча түшүндүрмө берүүдөн карманып турат. Анын офисине барганыбызда босогодон ары киргизишкен жок.

«Биз эч кандай комментарий бере албайбыз. Бул боюнча жетекчиликке дагы айтылган. Эч нерсе деп айтпайм», -деди фирманын кызматкери.

Юстиция минисрлигинин сайтында “Фарватер” компаниясына Турдубаев Жантөрө Таирович ээлик кылары жазылган. Муфтияттагы мыйзамсыз финансылык иштер боюнча шектүү катары камакка алынган башкы эсепчи Жеңишбай Бекиев менен анын байланыштары тууралуу маалыматтар да чыга баштады.

2016-жылы Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн "Тоготой" Ынтымак Коому" деп аталган коомдук бирикмеде негиздөөчүлөрү катары 11 адам көрсөтүлгөн. Алардын арасынан “Фарватердин” ээси Жантөрө Турдубаев менен муфтияттын камакка алынган эсепчиси Жеңишбай Бекиевди көрүүгө болот. Мындан тышкары коомдук бирикменин негиздөөчүлөрүнүн катарында УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Жакыпбек Байымбетов да бар.

Юстиция министрлигинин сайтында "Тоготой" Ынтымак Коомунун" негиздөөчүсү катары 11 адам көрсөтүлгөн.
Юстиция министрлигинин сайтында "Тоготой" Ынтымак Коомунун" негиздөөчүсү катары 11 адам көрсөтүлгөн.

Жантөрө Турдубаев менен Жеңишбай Бекиевдин кичи мекени Ош облусунун Кара-Кулжа району болуп эсептелет. Тоготой – ошол аймактагы айылдардын бири. Журналист Кубатбек Айбашов бийликтин муфтиятка болгон таасири боюнча буларды айтты:

Кубатбек Айбашов
Кубатбек Айбашов

«Мендеги маалыматтар боюнча Жеңишбай Бекиев менен Жантөрө Турдубаев жердеш жана жакшы мамиледеги достор. Мындан тышкары мурдагы муфтий Максатбек Токтомушев да Кара-Кулжа районунан болот. Сиздер билгендей, мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков да Кара-Кулжадан болот. Бул иштерде жердешчилик байланыштар чоң роль ойногон деп ойлойм. Муфтияттагы каржылык маселелер дайыма эле президенттин тегерегиндеги кишилердин таасиринде, көзөмөлүндө болуп келген. Мурда Икрамжан Илмияновдун аты көп аталып келген. Кийин Асылбек Жээнбековдун ысымы чыга баштады. Эмне үчүн Асылбек Жээнбеков? Анткени камакта жаткан муфтияттын эсепчиси Жеңишбай Бекиевдин бир тууган иниси Асылбек Жээнбековдун жардамчысы болуп келген».

Мындай айыптоолорго экс-президент Сооронбай Жээнбековдун адвокаты Жыргалбек Бабаев төмөндөгүдөй жооп берди:

«Сооронбай Жээнбековдун муфтияттагы иштерге тиешеси жок. Аны бул иштерге байланыштырган адамдын кандайдыр бир далили болуш керек да. Мунун бардыгы божомол. Каракулжалыктардын бардыгына Жээнбековдор жооп бербейт да. Эгерде кандайдыр бир фактылар болсо, анда тергөө органдарына өткөрүп берсин».

Муфтияттын башкы бухгалтери УКМКнын кызматкерлерине 100 миң доллар берип жаткан жеринен кармалган. Мурдагы муфтий Максатбек Токтомушев бул иштер боюнча билдирүү жасап, ажылыктын акчасынын айланасындагы окуя атайын кызмат тарабынан атайын уюштурулган иш деген.

"Бул окуя УКМКнын кызматкерлери тарабынан болгон "пара алууга мажбурлоо" деп эсептелет. Азыр тергөө учуру болуп жатат. Мунун баары бүткөндөн кийин, мен сиздерге кенен, ачык-айкын жооп берем. Айтып берем".

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы Акин Токталиев 11-февралда эртең менен Максат ажы Токтомушевди колдогон митингде муфтиятка көзөмөл кылууга кызыкдар эки чоң саясий топ бар экенин айткан.

Анын сөзүнө караганда, Садыр Жапаровдун жакын адамы делген Арзыбек Бурханов менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин адамдары Максатбек Токтомушевдин кызматтан кетишине кызыкдар болушкан. Акин Токталиев айтып чыккан тараптар айыптоону толугу менен четке каккан. Президент Садыр Жапаров муфтияттагы окуя боюнча эки жолу түшүндүрмө берген:

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

"Арзыбек Бурханов деген менин жанымда жүрөт. Мурда депутат болгонбуз. Жакшы таанышпыз. Инаугурацияга даярданып жатканда колум бошобой, мен андан сурангам. "Садыр Жапаров же Камчыбек Ташиев атайылап муфтийди каматышты, муфтийдин орду керек болуп жатат" деп айтып атышат да. Төбөбүздө кудай карап турат, мага муфтийдин орду кереги жок".

Кыргызстандын мыйзамында диний уюмдар менен мамлекет бири-биринин ишине кийлигишпей турганы жазылган. Бирок бул мыйзам дайым эле сактала берген эмес. Буга Кыргызстандын муфтийлеринин ар кандай себептер менен кызматтан кетиши далил.

Муфтийлер кызматтан кантип кеткен?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:19 0:00

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ачыктаган ажылыктын акчасына байланыштуу иште шектүү катары муфтияттын башкы эсепчиси Жеңишбай Бекиев жана экс-муфтий Максатбек Токтомушев өтүп жатат.

Бекиев 12-февралда соттун чечими менен эки айга камакка алынган. Ал эми Максатбек Токтомушев эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикте калтырылган.

Эгерде коронавирус пандемиясына байланыштуу кырдаал толугу менен турукташа турган болсо, анда бир жыл мурун ажыга бара албай калган зыяратчылар июль айында Меккеге жөнөп кетиши керек. Азырынча ажылыктын акчасына байланыштуу тергөө иштери качан жыйынтыкталып, зыяратчылардын каражаты качан толукталары белгисиз. Мындан улам “жарандардын Меккеге болгон сапары үзгүлтүккө учурабайбы” деген суроо ачык бойдон калууда.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Пикирлерди көрүңүз (16)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG